Журналисттин өлүмү: Түркия Сауд Арабия жарандарынын үстүнөн сот ишин жандантты

Сүрөттүн булагы, Reuters
Түркия Сауд Арабиянын 20 жаранынын үстүнөн жүрүп жаткан соттук териштирүүнү кайра жандантты. Алар 2018-жылы журналист Жамал Хашоггини мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталууда. Айыпталгандарды Сауд Арабия бийлиги Түркияга берүүдөн баш тарткандыктан, сот өкүмү сыртынан чыгарылмакчы.
Washington Post гезитинин колумнисти жана Сауд Арабия бийлигин сындап жүргөн кабарчы Жамал Хашогги 2018-жылы Түркиядагы Сауд Арабиясынын консулдугунун имаратында өтө ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн. Ал консулдукка документтерин алганы барганы белгилүү болгон эле.
Айыпталгандар арасында саудиялык мураскер ханзаада Мухаммед бин Салмандын эң жакын эки кеңешчиси бар.
Өткөн жылы декабрда Сауд Арабиясы бул окуя боюнча беш кишиге өлүм жазасын берип, кийин абак жазасына алмаштырган. Сот чечимин маркум журналисттин жакындары жана эл аралык коомчулук, укук коргоочулар сынга алган. Сотто журналистти өлтүрүүгө ким буюртма бергени тууралуу суроо коюлган эмес. Сауд Арабияда бийлик жүргүзүп жаткан мураскер ханзаадага жакын кишилер далилдер жетишсиз деген жүйөө менен эркиндикте кала берген. Түркия жана БУУнун комитети мыкаачылык менен кол салуунун болжолдуу уюштуруучулары катары ханзаадага жакын кишилерди аташкан болчу.
Түркиялык тергөөчүлөр Хашогги мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин сөөгүн жиликтеп, консулдуктун имаратынан алып чыгып кетишкен дейт. Сөөктүн калдыктары азырга чейин табылган жок. Саудиялык бийлик буга катышытыгы болгонун четке кагып, журналисттин өлүмүн кокустук катары көрсөтүп келүүдө.






