Дүйнөлүк соода уюмун биринчи жолу аял лидер жетектейт

Нгози Оконджо-Ивеала (солдо) жана Ю Мен Хи

Сүрөттүн булагы, Reuters/WTO

Дүйнөлүк соода уюмун биринчи жолу аял лидер жетектейт. Жогорку кызматка атаандашып жаткандардын экөө тең аялдар.

Дүйнөлүк соода уюмунун жетекчилигине талапкерлердин тизмеси кыскарды. Талапкерлиги көрсөтүлгөн сегиз кишиден экөө гана калды - Нигериянын мурдакы каржы министри Нгози Оконджо-Ивеала менен Түштүк Кореянын соода министри Ю Мен Хи.

Эки талапкер тең тажрыйбалуу, банк тармагында дагы, саясатта, эл аралык мамилелерде дагы такшалган адистер. Экөө тең америкалык университеттерде билим алган.

ВТО

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Нгози Оконджо-Ивеаланын америкалык дагы жарандыгы бар. Эки жолу Нигериянын Каржы министрлигин жетектеди. Кыска убакыт тышкы иштер министри болуп турган. Өзүнүн карьерасынын узак жылдарын Дүйнөлүк банкта өткөргөн.

Ал эл аралык соода боюнча көп иш алып барган. Эгерде ал соода уюмунун жетекчилигине келип калчу болсо, биринчи аял жетекчи гана болбостон, Африкадан шайланган биринчи өкүл да болуп калмакчы.

Ю Мен Хи дагы эл аралык соода маселелери боюнча адис. Дүйнөлүк соода уюму түзүгөн жылдары ушул тармакта иштеп баштаган. Ю Мен Хи Түштүк Кореянын атынан соода-сатык маселесинде АКШ жана Кытай менен сүйлөшүүлөргө катышкан.

Дүйнөлүк соода уюмунун жетекчилигине шайлоону ким утуп чыккан ноябрдын биринчи жарымында жарыяланат.

Оор мезгил

Дональд Трамп и Си Цзиньпин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Эки талапкер тең карама-каршы турган тараптарды ийге келтирүүдө кандай иш-аракеттер зарыл экенин жакшы билебиз деп белгиледи. Мындай талант келечегинде алар өтө керек болот. Анткени уюмга өтө көп өлкө мүчө жана карама-каршылыктар дайыма болуп келет. Ошондуктан дипломатиядагы жөндөм талап кылынат. Азыркы маалда соода уюму катаал мезгилди жашап жатат.

Дүйнөнүн эки ири экономикасы - АКШ менен Кытай ич ара соода согушун жүргүзүүдө. АКШ Дүйнөлүк соода уюмунун ишмердүүлүгүнө ичи чыкпаганын айтып келүүдө. Бирок Трамптын администрациясы уюмга өтө эле тескери мамиледе. (AbA)