Жапония: 71 жаштагы саясатчы өкмөт башына келет

Ёсихидэ Сугу

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ёсихидэ Сугу клубника өстүргөн фермердин үй-бүлөсүндө туулган

Жапониядагы башкаруучу Либерал-демократиялык партия 71 жаштагы ардагер саясатчы Ёсихидэ Сугуну жаңы лидери катары тандап алды.

ЛДП парламентте көпчүлүктү түзгөндүктөн Сугинин премьер-министри болушуна бардык кепилдиктер бар. Анын өкмөт башчылыкка дайындоо тууралуу маселе парламентте шаршембиде каралат.

Суга өкмөт башына келсе, 2021-жылдагы жалпы шайлоого чейин кызматта болот. Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ ден соолугуна байланыштуу кызматын тапшыра турганын айтып, 28-августта отставкасын жарыялады. Ал Сугиден алты жашка кичүү эле.

Ёсихидэ Суга сырткы саясатта анчалык тажрыйбасы жок. Бирок Жапониянын өзүндө өтө мыкты саясатчы катары белгилүү.

Сугиден сырткары (ортодо) ЛДП лидерлигине Сигэру Исиба (солдо) жана Фумио Кисида талапкерлигин көрсөттү

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сугиден сырткары (ортодо) ЛДП лидерлигине Сигэру Исиба (солдо) жана Фумио Кисида талапкерлигин көрсөттү

Буга чейин Суга министрлер кабинетинин катчысы болуп иштеген. Жапон басылмалары жазгандай, ал Абэнин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири.

Синдзо Абэ эмнеге отставкага кетти?

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ ден соолугуна байланыштуу кызматын тапшыра турганын жарыялады.

"Мен премьер-министрлик кызматтан кетүүнү чечтим. Жапония элинин алдында кечирим сурайм",-деди Абэ басма сөз жыйынында.

Анын айтымында, июлдун башынан тарта ден-соолугу жакшы болбой жатат жана дарыланууга муктаж. Ошондуктан мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда анын саламаттыгы залакасын тийгизбеши керек.

Абе

Сүрөттүн булагы, Reuters

Мунун алдында эле 65 жаштагы Абэ өкмөт башында эң узак турган премьер катары рекордду жаңылаган эле. Ал премьер-министр кызматында дээрлик сегиз жыл иштеди. Мындай узак мөөнөт жетекчилик кызматтагы жетекчилер бат алмашкан өлкөгө мүнөздүү эмес деп жазган New York Times.

Акыркы айларда премьер Абэ эки жолу ооруканага келип, текшерүүдөн өткөн. Коомчулукта анын абалы начарлап жатканы тууралуу кеп сөздөр айтыла баштаган эле деп кабарлады Эн-эйч-кей. Улуттук телеканалдагы кабарда премьер өкмөттүн ишине кедергиси тийгизүүнү каалабай турганы айтылды.

"Абэ өнөкөт ашказан оорусу менен көп жылдан бери күрөшүп келет",-деп жазат Рейтер.

Абе

Сүрөттүн булагы, Reuters

Абэ 2021-жылдын сентябрь айына чейин өкмөт башында болмок. Буга чейин башкаруучу Либералдык-демократиялык партия анын отставкасы тууралуу маалыматтарды четке кагып, саламаттыгында маселе жок деп айтып келген.

New York Times белгилегендей, өкмөт башында бир жылдай иштегенден кийин 2007-жылы Абэ ден-соолугуна байланыштуу отставкага кеткен. 2012-жылы декабарда кайра өкмөттү жетектеп калды. Ал зилзала жана цунамиден жабыркаган өлкөнү калыбына келтирүү иштеринин башында турду.