Мирзиёевдин айтканындай болот: Өзбекстан карантинди узартты

Өзбекстанда карантин чаралары дагы узартылып, 15-августка чейин улана турган болду. Мындай чечим Өзбекстанда коронавирус аныкталгандар саны расмий 20 миңден ашкан учурга туш келди.

Өзбек бийлиги Курман айт күнү жана дем алыш күндөрү өлкөдө унаа каттамдары токтотула турганын эскертти. Калкка социалдык аралыкты сактоо керектиги катуу эскертилүүдө. Курман айттагы намаз дагы мечиттерде окулбайт. Эскерте кетсек, Курман айт 31-июлда болот.

20-апрелден тарта Өзбекстан карантин чараларын акырындап жеңилдетип баштаган эле. Бирок коронавируска байланышкан кырдаал кескин курчуп кетти.

23-июлда президент Шавкат Мирзиёев өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды талкуулаган видео жыйын өткөрүп, карантин чарасы кайра киргизилиши мүмкүн экенин айткан эле. Өлкөдө коронавируска байланышкан кырдаал оор бойдон калууда деген Мирзиёев. Ал оор абалдагы бейтаптар саны көбөйүп, пневмония жайылып жатканына көңүл бурган. Президент биринчи кезекте калк ичиндеги коронавирустун чынжырын үзүү керектигин эскерткен.

Өзбекстанда коронавирус аныкталгандар саны 20 226 кишиге жетип, 116 бейтап каза тапты.