АКШда коронавирус жуктургандар саны үч миллиондон ашты, Өзбекстан карантин чектөөлөрүн киргизди

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, кошмо штаттарында үч миллиондон ашуун киши Covid-19 вирусун жуктурду, өлүм-житимдин саны 131 миңге жетти.

Үрөй учурган статистикага карабастан, АКШнын бийлиги мектептерди ачууну көздөп турат. АКШнын вице-президенти Майк Пенс санитардык эрежелерди сактап, мектептерди ачууга мүмкүн экенин айтты.

Жуманын башында өлкөдө 60 миңден ашуун жаңы учур катталып, рекорд жаңыланган. Буга чейинки рекорд 2-июнда катталган, анда бир сутка ичинде 55 миңден ашуун киши вирусту жуктурган эле.

АКШнын Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институтунун жетекчиси Энтони Фаучи болсо өлкөдө абал дагы деле курч экенин баса белгиледи. Айрым штаттарда вирустун жайылышы басаңдабай жаткандыктан, карантин чектөөлөрү киргизилди. Маселен, ресторандар, коомдук жайлар жабылды. Ошондой эле жарандар социалдык аралыкты сакташы керек.

Ысык-Көл 10 күн изоляцияда болот

Кыргызстанда 9-июлга карата 361 жаңы учур катталды. Вируска кабылгандардын жалпы саны 8847 жетти. Ал аңгыча бир сутка ичинде 83 медицина кызматкери вирусту жуктурганы аныкталды.

Covid-19 вирусунун жайылышынан улам Ысык-Көл районунда 10 күндүк обочолонуу акциясы өтөт. Ага ылайык, райондун тургундары 10 күн бою башка аймактарга барбайт жана кыштактан чыкпай туруугу умтулат. Эгерде башка аймактардан келген жарандар болсо, алар каттоого алынат.

Туризм сезону учурунда Ысык-Көл облусуна кирүүгө тыюу салуу сыяктуу демилгелер колдоо тапкан жок. Учурда аймакка жергиликтүү туристтердин барышына эч тоскоолдук жок.

9-июлда Ысык-Көл облусунда 17 киши вируска чалдыкты.

Өзбекстан карантин чектөөлөрүн киргизди

Өзбекстандын бийлиги 10-июлдан 1-августка чейин карантин чектөөлөрүн киргизди. Өлкөдө транспорт токтоп, базарлар, парктар, ресторандар жана эс алуучу жайлар жабылат.

Өзбекстан карантин чектөөлөрүн алгач март айында киргизген. Май айында карантинди акырындап ала баштаган. Бирок июль айында коронавирусту жуктургандардын саны кескин өскөндүктөн, бийлик тез арада чечкиндүү кадамга барды.

Өзбекстанда дээрлик 11 миң кишиге вирус жугуп, 41 адам көз жумду.

Сербияда жарандар коменданттык саатка каршы демонстрацияга чыгышты

Белградда түндө башаламандык менен коштолгон нааразылык акциялар болду. Топтолгон эл парламент имаратына кирип барууга аракеттенди. Бирок аларды полиция кызматкерлери токтотуп калды.

Демонстрациялар президент Александр Вучич коронавирус пандемиясы күч алып жатканын жарыялап, коменданттык саат киргизгенден кийин башталды. Коменданттык саат жума күнү башталып, дүйшөмбүгө чейин созулат.

Коопсуздук кызматкерлери нааразылык акцияга беш миңден ашуун киши катышканын айтып чыкты. Полиция менен демонстранттар тирешип, коопсуздук кызматкерлери көз бууган газ жана союлдарды колдонушту. Демонстранттар болсо полицияны көздөй таш ыргытып, унааларды өрттөштү. Кагылышууларда алтымыштан ашуун киши жаракат алды, алардын арасында 43 полиция кызматкери бар.