You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Вирустун очогундагы ыктыярчылар: "Дарыгерлер аябай сүйүнүп, барганда эле иштерди табыштады"
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Өлкөдө эпидемиологиялык оор кырдаал башталгандан бери ыктыярчылар жүктүн көбүн көтөрүүдө. "Сообща" аталган топко бириккен жаштар Бишкекте вирустун очогунда иштеп жатышат.
"Ийне сайып, дары бергенди билишпейт. Бирок ошол жерлерди тазалап, дезинфекция кылып, медкызматкерлерге тамак ташып, кофе таратып жүрүшөт", - деп сөзүн баштады ыктыярчылардын бири, уюштуруу иштерин жасап жаткан Мирзада Майчинова.
Өзү 30 жашта, маркетолог. Топтогулардын баары жаштар, 18-19 жаштагылар да көп. Айрымдары каникулда болсо, башкалары оор учурда четте турбай кол кабыш кылуу үчүн жумушунан суранган.
"Анткени биз коомдук тармактарда киши керек деп чакырып жатабыз. Телеграмм баракчабызда киши көп болгон менен басымдуусу ишибизге байкоо гана салып турушат, - деген Мирзада иш жүзүндө иштеп жаткандар 30 чакты экенин белгиледи, - мисалы, кечээ түштө киши жетишпей бардык стационарга ыктыярчылар керек болуп, баш аягыбызды таппай калдык".
Башында жардамды деле кантип берүүнү билбей жатышса, азыр жумуштарын бөлүштүрүп, жадыбалдарын түзүп алышкан. Ыктыярчылардын бири Султан 22 жаштагы студент:
"Башында Телеграммда 15 эле киши элек. Азыр көбөйүп жатабыз. Бирөө тамак үчүн жооптуу, экинчиси дагы башка жагын карайт. Мен киши көбөйгөндөн кийин жаңы келген ыктыярчыларды үйрөтүүгө өттүм. Ден соолугун сурайм, үйүндө кимдер жашаганын сурайм".
Ыктыярчылар келген бейтаптарды бөлүштүрүп, кызматкерлерге ысык кофе берип, таштандыларды жыйнап, айтор медкызматкерлер айткан кара жумушту аткарат.
"Биз биринчи күнү барганда эле, кызматкерлер абдан сүйүнүп, жумуштар көп деп бөлүштүрүп беришти", - дейт Султан.
Жумушту 2-июлда башташты.
"Балдар алгачкы күнү Интергельпо көчөсүндөгү бейтапканага барышкан. Ал жерде оор бейтаптар жатат экен. Өлүктөрдү көтөрүштү. Ыктыярчылар өздөрү жаш балдар да... Моралдык жактан даяр болбой калдык, кыйналып калышты", - деп жашыды Мирзада.
Азыр негизинен күндүзгү стационарларда иштеп жатышат. Бирок Улуттук госпитал сыяктуу мекемелерде да бар. Жардам колун сунгандар тынымсыз чыгып жатат. Бири тамак берем десе, экинчиси каражат түрүндө, үчүнчүсү вирустан коргоо каражаттарын сатып келүүдө.
"Тамак берем деген бир уюм же мекеме чыкса, тамакка жооптуу эже кайсы жерге кана тамак керектигин айтат. Биз барып алып келип, таратып беребиз. Андай демөөрчүлөр азыр такай эле чыгып жатат. Кээде ыктыярчыларга тамак жетпей калбаса, медкызматкерлер ачка калган жок", - деди Султан.
Азыр ыктыярчыларга коргонуучу каражаттар түрүндө жардам керек. Анткени ал бир жолку колдонууга болгондуктан демөөрчүлөрдүн бергени улам түгөнүп турат.
"Бизге улам келип жатат, бирок мен башка ыктыярчы топтор издеп калса, бизге караштуу эмес дебей, аларга берем. Ошондо бизде жок болуп калат. Кечээ коргоочу кийимдерди таратып жүрсөм 12-кичи райондогу стационарда кенедей кызыбыз, 18 жашта болсо керек, эч нерсе кийбе эле иштеп жатыптыр. Аны көрүп жаман болуп кеттим", - деген Мирзада жардам колун сунгусу келгендер ушул нерсеге көңүл бурууну өтүндү.
Ыктыярчыларга коргонуучу каражаттарды алып берем дегендер коомдук тармактардан "Сообща", @soobsha деп издесе болот. Демилгени баштаган футболчу Айдана Оторбаева же жогорудагы ыктыярчылар менен деле социалдык тармактар аркылуу байланышса болот.
Вирус аймактарда да көбөйүп келаткандыктан бул топ жардамды кеңейтүүнү ойлонуштуруп жатат.