Коронавирус бизден кетпей калабы? ДССУ билдирүүсү

Дүйнөдөгү коронавирустун жайылышы боюнча абалды көзөмөлгө алуу үчүн беш жылдай убакыт керек. Мындай божомолду Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчи орун басары Сумия Сваминатан басма сөз жыйынында билдирди. Financial Times уюштурган жыйында Сваминатан:

"Төрт-беш жылдан кийин биздин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүбүз болот деп айтаар элем",-деди.

Натыйжалуу вакцина иштелип чыккандан кийин вирус мутация болобу? Азыркы көп өлкөлөр киргизген карантин чаралары канчалык катаал жана узак болот? Көп нерсе ушундан көз каранды.

Азыр үмүттүн баары вакцинага байланышкан. Ошол эле маалда анын колдонулушу, натыйжалуулугу жана коопсуздугуна көптөгөн тобокел факторлор бар, деди Сваминатан. Аны массалык өндүрүү жана таратуу ишинде дагы маселе жаралышы мүмкүн экени айтылды.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Өзгөчө кырдаал боюнча программасынын жетекчиси Майк Райан вирус биз менен түбөлүк кала бериши мүмкүн дейт.

"ВИЧ жок болуп кеткен жок. Биз аны менен жашап жатабыз жана терапия жолун таптык. Кишилер мурдагыдай андан көп коркпой калды. Көпчүлүк ВИЧ илдеттүүлөр бакубат жана узак жашап калышты",-деди ал.

Бейшембидеги маалымат боюнча дүйнөдө коронавируска кабылгандар саны 4,3 млн кишиге жетип, каза тапкандар 300 миңге барды.

Кыргызстан: медицина кызматкерлери вирусту жуктуруп алган учурлар тыйылбай жатат

14-майга карата СOVID-19 инфекциясынын жаңы 38 учуру катталды. Анын эң көбү Бишкек шаары (14 учур) менен Нарында (15 учур). Төрт киши Чүй облусунан. Анын экөө Соль-Илецктен келген кыргызстандык мигранттар деп айтылды. Жалал-Абад облусунун аймагында төрт кишиден аныкталган.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы жети медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бишкек шаарында - 5, Ош менен Нарын шаарында бирден.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен катталган медициналык кызматкерлер саны 248 болду. Анын ичинен 192 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан. Бир кызматкер каза тапты.