Коронавирус Түркияга тездик менен жайылууда, Кыргызстанда дарыгерлер арасында дагы алты учур

Дезинфекция в Стамбуле

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандар саны 2 млн. 334 миңден ашып, 162 миң киши каза тапты. Ооруканадан айыгып чыккандар саны 600 миң.

Италия менен Германия бийлиги жаңы жуккан учурлар аз катала баштаганын билдирди. Испания болсо карантин чараларын жумшартып, балдардын көчөгө чыгуусуна уруксат берүүдө.

Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус жуккан 14 жаңы учур катталды деди расмийлер. Өлкө боюнча жалпы саны 568 жетип, жети киши көз жумду. 201 киши оорудан айыгып чыккан.

"Бир сутка ичинде 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда үчөө, Ош шаарында, Нарын облусунда, Бишкек шаарында бирден учуру катталды. Жалпысынан республика боюнча Covid-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 140 учур аныкталган",-деп кабарлады саламаттыкты сактоо министрлиги.

Polish doctors

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Польшадан сегиз медициналык кызматкери Бишкекке келди

Ал ортодо Кыргызстанга Польшадан жана Кытайдан медициналык кызматкерлер келгени белгилүү болду.

"Польшадан келген медиктер Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада ишке киришти. Алар коронавирус оорусун дарылоо процессине жардам беришет", - деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Үсөнбаев.

Анын айтымында, Польшанын медадистери 27-апрелге чейин Бишкекте, андан кийин Ош жана Жалал-Абад облустарындагы биздин дарыгерлерге жардам көрсөтүшөт.

Түркия

Коронавирус дүйнөнүн чар тарабына жайылып жатат. Түркия жаңы учурлар эң көп катталган өлкө болуп калды.

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожо жалпы 86,3 миң кишиге диагноз коюлганын билдирди. Жекшембиде Түркияда жаңы 3977 учур катталды.

Түркияда алгачкы учур 10-мартта катталган эле. Ошондон бери өлкө инфекциянын тарашы боюнча алдыңкы жети өлкөнүн бири болуп калды. Өлкө боюнча 634 миң кишиден коронавирус анализ алынган.

АКШ

Демонстрации в Индиане против карантинных мер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШда "карантин чараларын жеңилдеткиле" деген талап менен демонстрациялар болду

АКШ өлүм-житим эң көп катталган өлкө болуп калды. Соңку маалыматтар боюнча Covid-19 вирусунан көз жумгандар 40 миңге жетти.

Ооруканага кабылган бейтаптар саны боюнча АКШ, анын ичинде Нью-Йорк штаты оор жагдайга кабылды.

Италиянын бийлиги апта ичиндеги өлүм-житимдин эң аз катталган учуру жекшембиде болгонун (433) кабарлады. Испания дагы коронавируска кабылгандар арасындагы жоготуулар төмөндөдү деп билдирди. Бир суткада 482 киши көз жумган. Марттын соңунда бул көрсөткүч 900дөн ашуун болчу.

В Берлине пока пустынно...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Европа карантин чараларын жумшарта баштады. Берлин шаарынын көчөлөрү азырынча бош турат

Премьер-министр Педро Санчес карантин чараларын 9-майга чейин узартты. Ошол эле маалда чектөөлөр бир аз жумшартылды. 27-апрелден тарта балдар көчөгө чыга алат деди премьер-министр.

Австралиянын бийлиги 19-nCoV коронавирусу чыккан Уханда көз карандысыз иликтөө жүргүзүү тууралуу билдирүү жасады. Мунун алдында бир катар америкалык басылмалар чалгын маалыматтарына шилтеме берип, вирус алгач Ухандагы вирусология институтунан чыккан болушу мүмкүндүгүн жазышкан.

Мындай божомолду АКШ президенти Дональд Трамп деле четке каккан жок. Ал америкалыктар иликтөө жүргүзө турганын айтты.

Бирок эксперттер Кытай бийлиги көз карандысыз иликтөөгө уруксат бербей турганын белгилеп жатат. Басылмалар вирус жана бактерияларды изилдеген лабораторияда жетиштүү деңгээлде коопсуздук сакталбаганын жазышкан. (AbA)