Кыргызстан өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартты

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандар саны 1,9 млн. ашты. Каза тапкандар саны 120 миңге чамалады.

Европа өлкөлөрүнүн ичинен эң көп жабыркаган Испания менен Италия оорунун тарашын алдын алуу үчүн киргизилген чектөө чараларын акырындап бошоңдото баштады. Франция менен Британияда карантин күчүндө калды.

Дүйнөлүк салaматтыкты сактоо уюму (ДСУ) карантин чараларынан чыгууга шашылбай турууга үндөдү.

Ал ортодо Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режимин 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду

"Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылууда. Аталган жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет",-деп айтылды расмий маалыматта.

Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө коронавирустун жайылышынын эң жогорку чеги 20-24-апрелде болушу мүмкүн деп күтүлүп жатканын айтты.

Кечээ коронавирус жуккан жаңы 42 учур катталганы кабарланган. Бүгүн 11 кишиден аныкталганы белгилүү болду.

Кыргызстан коронавирустун жайылышына жол бербөө максаты менен 22-мартта бүт өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыялаган эле. Көп өтпөй 15-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизген.

ДСУ: карантин чараларын алууга шашылбагыла

Дүйшөмбүдөн тарта Испанияда заводдор ишин баштады. Шейшембиден Италияда дүкөндөр ачыла баштайт. Буга чейин Дания мектептерди ачуу жана жол кыймылына киргизилген чектөөлөрдү алуу тууралуу билдирген эле. Дания Европа өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп чектөө чараларын киргизген.

Германиянын өкмөтү чараларды жумшартуу тууралуу карап жатат.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон элге кайрылуу менен чыгып, карантин бир айга узартылганын айтты. Макрондун айтымында, Евробиримдик менен чек ара жабык болуп, бардык коомдук иш-чараларга июлдун ортосуна чейин тыюу салынат.

ДСУ карантин чараларынан шашылыш баш тартуу ооруга чалдыккандар санын көбөйтүшү мүмкүн экенин эскертти. Уюмдун эксперти Мария Ван Керкхове: "Өтө маанилүү жагдай, бүтүндөй Европа бир учурда карантинден чыкпашы керек",-деп айтты.

Италия менен Испанияда жаңы катталгандар саны азайып жатат. Испанияда дүйшөмбүдө 3 477 жаңы учур катталып, мурдакы көрсөткүчтөрдөн төмөн болду.

"Жеңишке жетип, кадимки жашоого кайтууга дагы көп бар,-деп эскертти премьер-министр Педро Санчес. - Биз баарыбыз көчөгө чыгуунун каалап турабыз, бирок бул согуштан жеңип чыгуу каалоосу андан дагы күчтүү". (AbA)