Изоляция көп үй-бүлөнүн казан-аягын кагыштырдыбы? Психологдон кеңеш

Эсиңерде барбы, пандемиядан кийин көп үй-бүлө ажырашат деген тамашалар айтылып жатпады беле. Тамаша тамаша менен дечи, бирок Кытайда чын эле ажырашуулар кескин көбөйгөн.

Марттын башында ажырашуулар көп болуп жатканы тууралуу бир нече ири шаарлардын ЗАГС бөлүмдөрү кабарлаганын Financial Times жазып чыкты.

Би-Би-Синин Орус кызматы: "Төрт дубалды тиктеп олтурганда мамилени кантип сактап калуу керек?",-деген суроо менен психология илимдеринин кандидаты Кристина Иваненко менен психолог жана жазуучу Наталья Толстойго кайрылган.

Уруш-талашка мораторий жүргүзүү

"Үйдө аргасыз узак мөөнөткө камалып олтурууну өзгөчө кырдаал, ал тургай аскердик абал катары кабыл алуу керек",-деп эскертет Кристина Иваненко. Ошондуктан жубайлар мамиле териштирген ар бир учуруна мораторий жүргүзүп турганы маанилүү. "Азыр эшикти сыртынан жаап кете турган маал эмес экенин" билүү зарыл. Бирок стресс жана белгисиздик өкүм сүрүп турганда, кимдики чын, кимдики туура, аныгына жетүү мүмкүн эмес. Ошондуктан "эми эле согуш майданынан кайтып келгендей, максималдуу түрдө бири-бириңерди сактагыла".

Өзүңдүн бурчуңду тап

Ушундай шарттагы эң негизги адашуу - бардык учурда бирге болуу. Нормалдуу жашоодо мамиле өзгөрүп, аралык алыстап турат эмеспи. Ошондуктан бир бөлмөлүү батир болсо дагы өзүңдүн бурчуңду табышың керек. Бул жайда ар ким өзүнүн иши менен алектенсин. Кандайдыр бир маселени козгоп, мамиле териштирүүгө аракет кылбасын. Тескерисинче, чыңалуунун бошоңдотуп, жаңжалдан качуу зарыл.

Спорт менен алектен

Ой, бул боюнча канча акылдуу кеңештер айтылды. Изоляция учурунда физикалык форманы сактоо керек деген чакырыктар толтура. Көрсө, бул ден соолук үчүн эле эмес экен. Гиподинамия (булчуң ишинин жетишсиздигинен булчуңдун жыйрылуу күчүнүн азайышы) өзүбүздү кандай сезгенибизге, мамилелерге укмуш эле таасирин тийгизет тура. Күнүгө спорт менен бир саат алектенүү - стресстин деңгээли эки эсе төмөндөтөт. Мурда спорттон алыс болсоңуз деле, мындай шартта кыймылдап туруңуз.

Сырткы келбетти унупайбыз

Мурда сырткы келбетти кандай карап жүрсөңүз, үйдө олтуруп калганда ага кол шилтеп салбаңыз. Арабызда үйүндө жатып, такыр өзүнө карабай койгондор көп эле, дейт Наталья Толстой. Чынында, биздин сырткы келбетибиз кыжыр келтирүүнүн бир фактору. Бир эле жаншеригиңиздин кыжырына эмес, биринчи кезекте өзүңүздүн дагы маанайыңызга таасири тийерин унутпаңыз.

Жадыбалды карманыңыз

Үйдө 24 саат камалып олтуруу менен биз убакттын түзүмүнөн айырылып калдык. Кеп бул жерде, качан уктап, качан ойгонгонубуз жөнүндө. Азыр эми жаңы тайминг ойлоп чыгышыңыз керек. Ал болсо өнөгүңүздүн таймингине дал келсин. Кошо тамактанып, мурдакы жумуштун, окуунун убактысын жаңы нерселерди өздөштүрүүгө жумшагыла. Маселен, азыр онлайн мүмкүнчүлүгү кенен эмеспи. Өзүңөрдүн ишиңерден канчалык канааттануу алсаңар, ошончолук позитивдүү ресурстар болот. Мунун сөзсүз мамилеге дагы таасири тийет.

Эч нерсе жардам бербедиби?

Бири-бириңерге жакпай эле, кажылдаша берсеңер, анда башкаларга пайдалуу болгон нерсени ойлоп тапкыла дагы, бирге жасагыла. Маселен, коңшуларга, кайрымдуулук уюмдарга, туугандарга жардам берүүнү чечкиле. Эгерде муну бирге кыла алсаңар, мамиле жолго коюла баштайт. Бирге олтуруп тамактанып, сериал көргөнгө караганда, ушундай аракеттер мамилени чыңдайт.

Эми буга көңүл буруңуз.

Көрсө, үйдө болгон нерсенин баары баланын өсүүсүнө жана анын психикалык саламаттыгына таасирин тийгизет экен. Ата-эне менен бала ортосундагы мамиле эле жакшы болсо болду эмес. Aта-эненин үйдөгү бири-бири менен баарлашуусу, өз ара мамилеси дагы баланын жашоосунда чоң ролду ойнойт тура. Баланын жан дүйнө тынчтыгынан тартып, анын окуусундагы ийгилиги, келчектеги жүрүм-турумуна чейин ушундан көз каранды.

Үйдөгү майда-барат жаңжалдар бат-баттан кайталанып, ата-энесинин үндөрү катуу чыгып, жаңжалдашып турса, ата-эне бири-бири менен сүйлөшпөй калса, балада дагы маселе жарала баштайт.

Британия жана бир катар өлкөлөрдө көп жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан иликтөөлөр ушундай тыянакка келет. Иликтөөдө балдардын жүрүм-туруму узак мезгил байкоого алынган. Үй-бүлөдөгү жаңжал учурунда алты айлык ымыркай кезинен эле баланын жүрөгүнүн согуусу өзгөрүп, стресс гормону болгон кортизолду иштеп чыгара баштаган.

Такай болуп турган үй-бүлөдөгү жаңжалдар алдында жашаган балдарда ар кандай жаш курагында баш мээнин өнүгүүсүнүн бузулушу, уйкунун бузулушу, тынчсыздануу, депрессия, жүрүм-турумундагы көйгөлөр сыяктуу олуттуу маселелер пайда болгон.

Катуу кыйкырышып, кол көтөрүшкөн үй-бүлөгө караганда, сөз менен акырын жайгарып алган бүлөдөгү балдарда жогорудагыдай көйгөй аз же дээрлик жокко эсе дейт иликтөөчүлөр. (AbA)

Бул тууралуу макаланы төмөндөгү шилтемеден окуңуз: