Коронавирус менен күрөшүп, оппозиция үстүнөн "жеңишке" жетүү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнө жүзүндөгү укук коргоочулар айрым өлкөнүн өкмөттөрү коронавирус менен күрөштү шылтоо кылып, көз карандысыз ЖМКлар жана оппозицияга басымды күчөткөнүнө көңүл бурууда.
Азербайжан
19-мартта Азербайжан президенти Ильхам Алиев "бешинчи колонна" жана "саткындар" коронавирус пандемиясынын пайдаланып, чагымга барышы мүмкүн деди. Ал оппозицияны "башаламандык жана дүрбөлөң" салгысы келет деп айыптады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ушундан эки күндөн кийин "Азербайжан элдик фронту" аталган оппозициялык партиянын мүчөсү Анар Меликов карантин эрежелерин бузду деген айып менен 10 суткага камакка алынды.
25-мартта полицияга каршылык көрсөткөн деп, дагы бир оппозициялык "Республикалык альтернатива" партиясынан Арастун Бахшалиев 10 күнгө камалды.
Бирок кесиптештери жана партиялаштарынын пикиринде, Бахшалиевдин "Фейсбук" баракчасына жазгандарынын бири бийликке "дүрбөлөң салуу" сыяктуу көрүнүшү мүмкүн.
Дагы бир таанымал оппозициядагы саясатчы Тофик Ягублу унаасы менен башка унааны сүзүп, ээсине кол көтөргөн деп айыпталды.
Армения
Армения 16-марттан тарта өзгөчө абал режимин киргизип, бир катар ЖМКларга чектөөлөрдү койду.
Жаңы эрежелерге ылайык, ЖМКдагы кандай гана маалымат болбосун, ал тургай коомдук сайттардагы билдирүүлөр дагы бийлик өкүлдөрү тарабынан таратылган маалыматтарга негизделиши керек. Башкача айтканда, "расмий маалыматты толук чагылдырып", редакцияланбайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Армениядагы өзгөчө кырдаал абалын журналисттер дароо эле туюшту. Айрымдар сайтындагы материалдарын гана эмес, коомдук сайттагы билдирүүлөрүн дагы өчүрүүгө аргасыз болду.
Эгерде басылмалар расмий шилтемеси жок эпидемия тууралуу кандайдыр бир маалымат берсе, аны эки сааттын ичинде түзөтүп, расмий маалыматты киргизиши зарыл.
Жергиликтүү "Жаманак" басылмасынын кабарчысы Марина Харатян өзүнүн "Фейсбуктагы" билдирүүсү үчүн полиция үйүнө келип, өчүрүүнү талап кылганын айтып чыкты.
Ал өлкөдөгү заводдордун биринде кызматкерлердин баарын жумушка чыгууга мажбурлашканын жазган.
Армения бийлигинин мындай аракеттери ЕККУ, "Чек арасыз кабарчылар" сыяктуу эл аралык уюмдардын сынына кабылды.
Кыргызстан
Кыргызстанда коронавирус жуктургандар 107 кишиге жетти. Бүтүн өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Ал эми борбор калаа Бишкек шаарында жана бир катар аймактарга өзгөчө абал киргизилген.
Коомдук транспорт жана такси кызматтары ишин токтотуп, коменданттык саат киргизилди. Шаардан сырткары чыгууга уруксат жок.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бишкек көчөлөрүндө азыр атайын уруксат кагазы менен гана жүрүүгө мүмкүн. Башында бийлик чектөөлөр журналисттердин ишине тоскоол болбой турганын айткан эле. Бирок кийин мамлекеттик эмес ЖМКларга уруксат кагазын берүүдөн баш тартышты.
"Мыйзам баарына бирдей, анын ичинде ЖМК өкүлдөрү үчүн дагы. Аларга ыңгайлуу болсун үчүн биз онлайн-конференция өткөрүп жатабыз. WhatsApp аркылуу суроолордун баарына жооп беребиз",-деди ИИМ.
Коомдук сайттардагы айрым сүрөттөр жана телерепортаждарга карасак, мамлекеттик ЖМК журналисттери Бишкектин борбордук бөлүгүндө иштөөгө уруксат алышкан сыяктуу. Ошондуктан бул маселе сын-пикирлерди жаратты.
Түркия
Коронавируска кабылгандар саны 10 827, ал эми көз жумгандар 168 кишиге жетти. Өлкөнүн 18 провинциясында карантин киргизилди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түркияда коронавируска байланыштуу коомдук сайттарга жарыялаган билдирүүлөрү үчүн 300 чамалуу киши кармалды. Полиция бир гана журналисттерге эмес, эпидемия боюнча бийликке сын айткан жарандарга деле басым көрсөтүп жаткандай. Маселен, жакында эле оор жүк тарткан унаанын айдоочусу ушундай пикири үчүн кармалды.
Мурдагы премьер-министр жана оппозициялык партиянын лидери Ахмет Давутоглу сындаган эле кишинин оозун жабууга аракет кылып жатат деп өкмөттү айыптап сүйлөдү.
"Өкмөт коронавируска кабылгандарды коргоо боюнча жана социалдык аралыкты сактоо чараларын киргизүүдөн кечикти",-деди саясатчы.
"Азыр эми ким бийликти сындаса эле, аны кармай турган учур эмес",-деп кошумчалады.
Кытай
Коронавируска кабылгандар саны 81 518, каза тапкан бейтаптар 3305. Бир катар провинцияларга карантин киргизилген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бийлик өлкө ичиндеги маалымат агымынын баарын көзөмөлдө кармап жатат.
Кытайлык компаниялар бийлик менен кызматташып, кишилердин баскан-турганын смартфон аркылуу көзөмөлдөп турган жаңы шилтемени иштеп чыгышты. Азырынча бул эксперимент бир гана провинцияда иштеп жатат.
Citizen Lab укук коргоо уюмунун иликтөөсү көрсөткөндөй, Кытайда ал тургай коомдук сайттардагы билдирүүлөр цензурага кабылган.
Өкмөттүн кысымына алынгандардын бири - Кытайдагы эң популярдуу кат алышуу кызматы WeChat. Изилдөөчүлөр коронавируска байланыштуу 500 сөз айкашына тыюу салынган.
Анын ичинде "Ухань Кытайдын Коммунисттик партиясы", "Бээжин кризис" ж.б. сөздөр бар. (AbA)











