Казакстанда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Казакстандын дарыканаларында санитардык беткаптардын тартыштыгы бар

Сүрөттүн булагы, AFP

Казакстанда президент Касым-Жоомарт Токаев коронавирустун пандемиясына байланыштуу 16-марттан тарта өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады.

Өзгөчө кырдаал 15-апрелге чейин созулат. Президент ошондой эле өзүнүн жарлыгында өзгөчө кырдаалды камсыз кыла турган мамлекеттик комиссия түздү.

Токаевдин жарлыгына ылайык, өзгөчө кырдаал учурунда коомдук тартипти сактоо, мамлекеттик жана стратегиялык , өзгөчө режимдеги объектилерди, ошондой эле элдин жашоосун камсыз кылган объектилерди кайтаруу күчөтүлөт. Соода-сайрандоо борборлору, кинотеатрлар, театрлар, көргөзмөлөр жана башка эл чогулган коомдук жайлар иштебейт. Оюн-зоок, спорттук жана башка массалык, үй-бүлөлүк, эскерүү иш чаралары өткөрүлбөйт. Карантин шартында масштабдуу санитардык иш чаралар жүргүзүлөт.

"Казакстанда бүгүнкү күнгө коронавирус катталган тогуз учур такталды, анын ичинен Алматыда жети, Нур-Султанда эки учур", - деп айтылат Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Ошондой эле стационардык карантинде 1 миң 641 адам, үй карантинде 981 бар.

Covid-19 вирусу эң алды Германиядан учуп келген эки жарандан табылган. Учакта чогуу келген 12 киши дагы карантинге алынды.

Казакстанда өткөн аптада эле коронавирус коркунучуна байланыштуу бардык массалык түрдөгү коомдук жана спорттук иш чаралар токтоткон эле. Ошондой эле 16-марттан тарта Европага аба каттамдарын кыскартуу чечими кабыл алынган.

Биринчи болуп Lufthansa өзү Казакстанга каттамдарды токтотту. Air Astana компаниясы Франкфурт на Майнеге беш каттамдын экөөнү эле калтырды. Атырау-Амстердам багытында беш каттамдын бирөө гана калды. Лондонго төрт каттамдын экөөсү гана иштейт. Ошондой эле Түркия багытында каттамдардын кыскарышы да каралууда. Чектөө чаралары эл аралык авиациялык жүк ташууларга да тийиштүү болот.

Ошол эле убакта Орусия менен аба каттамдарга, Казакстанга ЕАЭБдин жарандарынын кирип-чыгышына чектөө болбойт,- деп билдирди бейшембиде индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министри Берик Камалиев.

Президент Касым-Жоомарт Токаев мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, элди азык-түлүк жана биринчи кезекте зарыл болгон товарлар менен үзгүлтүксүз камсыздоону тапшырды.

Коронавирус тууралуу жаңылыктарда иллюстрация үчүн колдонулган сүрөттөр кыямат тууралуу тасмалардай эле элес калтырат. Сүрөттө Түштүк Кореянын армиясы айыл жеринде дезинфекция кылып жүргөн учуру
Коронавирус

Мамлекет башчы ошол эле убакта чектөө чаралары ири ишканаларга, чакан жана орто бизнеске зыян алып келбеши керектигин белгиледи.

Бүт өлкө боюнча эл көп чогулган бардык массалык иш чаралар токтотулганын бейшембиде премьер-министрдин орун басары билдирди.

"13-марттан баштап массалык иш чараларга тыюу салынды. Анын ичинде майрамдык, спорттук жана маданий-оюн-зоок чаралары, конференция, семинар, көргөзмөлөр ж.б." ,-деди Эралы Тогжанов.

Президент Токаев мамлекеттик органдардын кризистин алдын алуу боюнча милдеттерин атады

Сүрөттүн булагы, AMAN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Токаев мамлекеттик органдардын кризистин алдын алуу боюнча милдеттерин атады

Ноорузга арналган салтанаттар жана Жеңиштин 75 жылдыгына карата Нур-Султандагы аскедик парад да болбойт.

Эл көп чогулган жерлерде, соода борборлорунда жана базарларда, вокзал менен аба майдандарында санитардык режим күчөтүлдү.

Жазгы каникулдун башталышы 16-мартка жылдырылды. Жогорку окуу жайлары дистанттык окуу режимине өтүүгө тийиш.

Казакстандын бийликтери бир эле учурда санитардык беткаптардын тартыштыгын жоюу боюнча чукул чараларды көрүп жатканын билдирүүдө.

"Бардык маскаларды эл сатып алып койгон, кээ бири өзү үчүн, кээ бири сатып пайда көрүш үчүн. Ошондуктан аны экспорт кылганга тыюу салдык. Анын ичинде почта менен жөнөткөнгө да бөгөт койдук. Ошол себептүү тартыштыкты бир аз жойдук. Биздин өзүбүздүн өндүрүшчүлөр менен күнүмдүк режимде оперативдүү түрдө штаб иштеп, элге жана рынокко жеткирүү маселесин чечип жатат",-деди Елжан Биртанов, саламаттык сактоо министри.

Ошол эле күнү жергиликтүү агенттиктер Павлодар областынан санитардык беткаптарды Орусия менен Монголияга алып чыгып жаткандар кармалганы жөнүндө кабарлашты.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жубайынан коронавирус аныкталган

Canadian Prime Minister Justin Trudeau holding hands with wife Sophie Grégoire Trudeau at Rideau Hall in September

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Софи Грегуар -Трюдо жана Жастин Трюдо өздөрүн изоляцияда кармоону чечти

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жубайы Софи Грегуар-Трюдодон коронавирус аныкталганы белгилүү болгондон кийин өзүн дагы изоляцияда кармоону чечти.

"Софи Грегуар-Трюдо изоляцияда болот. Абалы туруктуу, симптомдору жеңил өтүп жатат. Грегуар-Трюдо айым кеңештерди эске алып жатат",-деп айтылат премьер-министрдин администрациясы тараткан расмий билдирүүдө.

Жастин Трюдо менен жубайы өздөрүн изоляцияда кармоону чечти. Канаданын премьер-министринде Covid-19 вирусунун симптомдору байкала элек. Ага карабастан 14 күн бою изоляцияда болот.

Канадада 103 кишиден коронавирус аныкталды. Шаршемби күнү Канада коронавирус пандемиясы менен күрөшүү үчүн 728 миллион доллар каражат бөлүнгөнүн жарыялаган. Каражат Covid-19 вирусунун өлкөдө жайылышын токтотуу жана вакцина иштеп чыгууга колдонулмакчы.

Премьер-министри Трюдо абал курчуп кетсе, өкмөт катаал чараларга дагы даяр экенин белгиледи. Өз кайрылуусунда Канаданын лидери калкты Саламаттыкты сактоо министрлиги берген кеңештерге көңүл бурууга үндөдү.