Кытай өкмөтү: өлкөдө коронавирус басаңдады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайда коронавирус жана ал козгогон Covid-19 оорусунун жайылуу чеги өтүп кетти, - деп билдирди Синьхуа агенттигине саламаттыкты сактоо комитетинин расмий өкүлү Ми Фэн.
Бейшембиде коронавирустун 19 жаңы учуру катталды. Ал эми шаршембиде 15 бейтап катталып, алардын сегизи Хубэй провинциясынан экени айтылды.
Эрте мененки маалыматтарга караганда, вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 80778 кишиге жетти. Азырга чейин айыга электери 14831, ал эми 62793 бейтап, башкача айтканда катталган бейтаптардын 77,7% айыгып кеткен. 3169 киши илдеттен көз жумду. Өлкөдөгү вирустан каза тапкандардын орточо көрсөткүчү 3,9% түзөт.
Дарыланып жаткан 14427 кишинин 97,27% Хубэй провинциясындагы ооруканаларда. Алардын 13462 кишиси же 90,5% пайызы провинциядагы негизги шаар Уханда.
Хубэйден сырткары Кытайдын башка аймагында коронавирустан 113 киши каза таап, ооруга чалдыккандардын 0,86% түзөт. Мындай көрсөткүч Хубэйде 4,5%, Уханда 4,86%.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен көп сандагы эксперттер, журналисттер кытай бийлигинин эпидемия менен күрөшүү тажрыйбасын жана катаал карантин чараларын мактап жатышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Италия эпидемиологиялык оор кырдаалга туш болгонун айтып, айрым курч суроолор боюнча Бээжин жардам берет деген үмүттө турганын айтты. Бул тууралуу Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо кытайлык кесиптеши Ван И менен жолукканда билдирди.
Ван И кытайлык адистердин тобун Римге жөнөтүп, гуманитардык жардам көрсөтөрүн убадалаган.
Италия Covid-19 жуктургандар саны боюнча Кытайдан кийинки эле орунга чыкты. Бирок жаңы табылган учурлар көп катталууда. Саламаттыкты сактоо системасы колунан келген аракетин көрүп жатат. (AbA)









