"Саясатчылар ыңгайсыз суроодон качат": Дүйнө лидерлеринин журналисттер менен тиреши

Сүрөттүн булагы, Chip Somodevilla/Getty Images
Украин президенти Владимир Зеленскийдин администрациясы массалык маалымат каражаттарын "керексиз ортомчулар" атады.
Британ премьери Борис Жонсондун басма сөз кызматы брифингге өздөрү жактырбаган журналисттерди чакырбады. Кремлде президент Владимир Путиндин жыйынына чакырылган журналисттердин тизмесин чектелип жүрөт. Дональд Трамп көптөн бери эле журналисттер менен кармашып келүүдө.
Журналисттерден кутулуу үчүн саясатчылар коомдук сайттарга жазышат. Эксперттер мунун жыйынтыгында коомчулук гана жабыр тартат деп эсептейт.
Британдык ММКлар Борис Жонсонго нааразы. Өкмөт башчы көп жылдык салтты бузуп, өлкө Евробиримдиктен чыгып жаткан учурда жасалган тарыхый кайрылууну жазып алууга журналисттерге толук мүмкүнчүлүк берген жок. Көрсө, салттуу медианы маанилүү деп санабай калган саясатчылардан Жонсон жалгыз эмес экен.
Медианын буга жообу дагы ошондой эле болду: дүйшөмбүдө өкмөт башчы өткөргөн басма сөз жыйынында журналисттер (Би-Би-Синин кабарчысы дагы бар) бир нече кесиптешин киргизбей коюшканда, жыйындан чыгып кетишти.
"Бул окуя кооптуу коңгуроо. Балким, өкмөт өзүнүн шарттарын жеңилдетүү үчүн ММКдан качып жаткандыр. Бийлик өкүлдөрү жабык же чектелүү болсо, мындан эл гана утулат",-дейт Кембриждеги редакторлор бирикмесинин өкүлү Иэн Мюррей.
Адатта Британияда өкмөт башчынын кайрылуусун телеканалдардын бири гана тартып алып, андан кийин башкаларга таратат. Бул жолу Борис Жонсон штаттагы операторго тарттырып, телеканалдарга жөнөткөн.
Жыйынтыгында анын кайрылуусун баары эле обого чыгарган эмес. Британдык Daily Telegraph (Жонсон бул басылмада популярдуу колумнист болгон, басылма азыркы өкмөткө жакын мамиледе) айрым консерваторлор менен маектешкен. Алар өлкө ЕБдан чыккан учурду Би-Би-Си жетиштүү чагылдырган жок деген ачуусун билдиришкен.

Сүрөттүн булагы, Peter Macdiarmid/Getty Images
Би-Би-Си негизги жаңылыктарында Борис Жонсондун кайрылууларын такай берип келгенин кабарлады. Ал эми кайсыл бир видеону обого чыгаруу же чыгарбоо чечимин корпорация өзү кабыл алаары айтылган.
Британдыктар үчүн телекөрсөтүү маалымат алуунун негизги булагы болуп кала бергенине карабастан, мурдакы жылдарга салыштырганда 2019-жылы Би-Би-Синин жаңылыктар берүүсүн көргөндөр саны азайды. Британдыктар маалыматты коомдук сайттардан көбүрөөк ала баштаганын Ofcom маалыматтары ырастайт.
Бул кишилердин маалыматты саясатчынын түз өзүнөн алууну каалайт дегенди билдиреби?
2017-жылы Reuters агенттиги сурамжылоо жүргүзүп, популярдуу коомдук сайттардын колдонуучуларынын 60 пайызы саясатчылардын баракчасына катталбаганын аныктаган.
Борис Жонсондун "Фейсбуктагы" расмий баракчасына 914 миң киши катталган. Ал эми анын элге кайрылуусу жарыяланганда ушул эле баракчадан дароо 1,9 млн киши көргөн.
"Журналисттер керек эмес"

Сүрөттүн булагы, Pavlo Gonchar/SOPA Images
Журналисттер бир эле Борис Жонсонго эмес, украин президенти Владимир Зеленскийге дагы керек эместей. Мындай сөздү администрация башчысы айтты.
Андрей Богдан эл менен сүйлөшүүдө Зеленскийдин командасына журналисттер керек эмес деп айтты. Эл менен ансыз деле түз сүйлөшсө болот. Чынында шайлоо өнөктүгү учурунда Зеленский журналисттерден качып, дебаттарга катышкан эмес.
Мындай билдирүү боюнча пикир жазган "Страна" басылмасынын башкы редактору Игорь Гужва буга чейинки Зеленскийдин "1+1" каналына келгендегисин эске салып: "Өлкөнүн эң ири олигарх каналдары каптап жатканда, албетте, журналисттердин кереги жок деп айтыш опоңой",-деди.
"Коомдук сайттарга жазып, видео чыгарганда, сага аны териштирген суроолор берилбейт. Оппоненттерди өчүрүп салып, же бөгөт коюп, маани бербей коюш оңой эле. Негизгиси жооп бергиң келбеген ыңгайсыз суроолор болбойт",-деп жазды НВ радиосунун башкы редактору Валерий Калныш.
2019-жылы октябрда Зеленский журналисттер менен жолуккан учурдагы пресс-марафон 14 саттан ашуун убакытка созулган.
"Журналисттерди сыйлайбызбы? Сыйлайбыз. Сиз деле мага окшогон эле жигитсиз да. Анан калса биз бир чөйрөдөнбүз. Болгону мен андан саясатка өттүм, ал эми силер журналисттер кереметсиңер",-деген эле Зеленский кабарчылардын бирине кайрылып.
Дүйнөдөгү белгилүү саясатчылардын кимиси болбосун журналисттерден ыңгайсыз суроолор болбосо деп кыялданышы турган кеп, дейт саясий коммуникациялар боюнча британдык эксперт, профессор Даррен Лилекер.
"Бирок демократиянын талаптары маанилүү. Демократиялык жол менен шайланган саясатчылардын көпчүлүгү мындай талаптарды кармануу өтө маанилүү деп эсептешет. Алар кайсыл бир учурда бийликке оппозиция болуп каларын эстен чыгарышпайт. Мына ошондо алардын үнү дагы коомчулукка жетип турушун каалашат. ММК бийликке кол бала болгон өлкөдө мындай болушу мүмкүн эмес",-деди профессор Даррен Лилекер.
"Оозду жаап, угуш гана керек"

Сүрөттүн булагы, Chip Somodevilla/Getty Images
Зеленскийдин америкалык кесиптеши Дональд Трамп дагы журналисттер менен чатак мамиледе.
Бир нече жыл мурун Трамп журналисттерди "жердеги эң бактысыз кишилердин бири" атаган.
2017-жылы CNN, New York Times, Los Angeles Times, Politico, BuzzFeed, Guardian жана Би-Би-Си журналисттерин ошол кездеги Ак үйдүн расмий өкүлү Шон Спайсердин басма сөз жыйынына киргизбей коюшкан. Журналисттер мындай чечимди Ак үйдүн босогосуна келгенде анан угушкан.
Ошол эле жылы Трамптын мурдакы кеңешчиси Стив Бэннон журналисттерди "оозуңарды жаап, көбүрөөк уккула" деген эле. ММКны оппозициялык партия деп атаган.
"Биздин реалдуу каршылаштар демократтар эмес. Ал тургай жолунан адашып, катардан чыгып жаткан республикачылар дагы эмес. Биздин негизги каршылаш - фейк жаңылыктарды тараткан ММК",-деп жазган Трамп 2019-жылы сентябрда "Твиттер" баракчасына.
Журналисттер менен баарлашуудан көрө Трамп "Твиттерге" артыкчылык берет. Маселен, 12-декабрда Трамп бир суткада 112 твит жазды. Айрым эксперттер мындай учурда журналисттер каалагандай комментарий жазганы менен, иш жүзүндө ага курч суроо берүүгө мүмкүнчүлүк болбойт деп эсептешет. Мунун өзү плюрализмге коркунуч туудурат.
"Бул театр"

Сүрөттүн булагы, ALEXANDER NEMENOV/AFP
Орусиянын президенти Владимир Путин азыркы коомдогу ММКнын ролу жөнүндө сүйлөгөндү жакшы көрөт.
Путин (кесиптеши Дмитрий Медведевден айырмаланып) "Фейсбук", "Твиттерге" эч нерсе жазбайт. Коомдук сайттарга убактысы жок экенин айтканы бар.
Анын шайлоо өнөктүгү учурунда Кремль жумушчу сапарларга батыш ММКларынын өкүлдөрүн дагы кошуп алган.
Washington Post басылмасынын кабарчысы Эндрю Рот орус саясаты кандай иштеп жатканын көрүү кызыктуу болгонун айтканы бар.
"Бул театр: биз үч саат жол жүрүп бардык. Болжолу үч саат аны күттүк, анан артка үч саат келдик. Ушунун баары 30 секундалык картинка үчүн. Биз мындайды күн сайын эле көрө бербейбиз". (AbA)










