Иранда алты күндөн бери интернет жок

80 миллион калк жашаган Иранда өткөн ишемби күндөн тарта интернет жок болуп жатат. Өткөн жума күнү мунайдын баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу митингдер тутанып, ондогон шаарларга тараган.

A smartphone in Iran showing no internet connection

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иранда бир аптадан бери интернет жок

Айрым маалыматтарда полиция демонстранттарды таратуу үчүн ок атканы кабарланууда. Нааразылык акцияга чыккандар болсо банктарга жана өкмөт имараттарына өрт коюшкан.

Адам укуктарын коргогон Amnesty International уюму 106 киши өлгөнүн тастыктаганын айтууда. Бирок кишилей чыгымдар мындан дагы көп болушу мүмкүн деген жоромолдор бар.

Чет өлкөдө жашаган ирандыктар жакындары менен байланышы үзүлгөнү тууралуу коомдук медиага жазууда.

АКШнын президенти Трамп Иран өкмөтүн "кишилердин өлүмү менен үрөй учурган окуяларды" жашырып калуу үчүн интернет байланышын үзүп салды деп айыптады.

NetBlocks бейөкмөт уюму интернет байланышына байкоо жүргүзүп турат. Уюмдун айтымында, соңку күндөрү Ирандагы интернет колдонуучулары мурдагы деңгээлге салыштырганда беш гана пайызды түзөт.

Netblocks graph showing the Iranian internet blackout

Сүрөттүн булагы, Netblocks

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, NetBlocks уюму Ирандагы интернет колдонуучулары мурдагы деңгээлге салыштырганда беш гана пайызды түзөрүн көрсөттү

"Мындай деңгээлдеги интернет байланышы үзүлгөнүн мурда эч жерде байкаган эмеспиз",-дейт NetBlocks уюмунун өкүлү Алп Токер.

Иран сыяктуу мамлекетте интернет системасын бир түйүн көзөмөлдөбөйт, аны жөн гана өчүрүп салуу мүмкүн эмес. Интернет системаны бир нече жеке компаниялар сатып алган. Аны үзгүлтүккө учуратуу оңойго турбайт.

Бирок чет өлкө менен байланышты Иранда эки мамлекеттик ишкана башкарат: Улуттук телеком компаниясы менен Физика жана математика институту. Демек, чет өлкө менен байланышты Ирандын бийлиги оңой эле өчүрүп салышы мүмкүн.

Ирандык журналисттердин бири "Твиттерге" "прокси сервер" (байланыш башка өлкөдөн түзүлүп жаткандай көрсөткөн каражат) аркылуу жазган. Ал дагы оңой болгон эмес. Ошондой эле ирандык тургундар спутник интернет же чет өлкөнүн сим карталары аркылуу байланыша алат.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 1

Би-Би-Синин Перс кызматынын кабарчысы Бехран Таждин Тегеран бир нече жылдан бери ички "интернет" түйүнүнүн үстүнөн иштеп жатканын белгиледи. Бул аркылуу өкмөт мекемелери жана банктар өлкөнүн ичинде интернетке байланыша берет.

"Өлкөнүн ичинде интернет иштей берет, Иранда жасалган программалар дагы толук кандуу иштей берет. Бирок чет өлкө менен байланыш жок болот",-деп түшүндүрдү ал.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 2

Мындай ички түйүндөн улам Иран бийлиги чет өлкө менен байланышты жумалап кабылына келтирбей коюшу ыктымал деген кооптонуулар айтылууда.

Тышкы дүйнө менен байланышты үзүүнүн экономикалык дагы кесепети бар.

Видеонун түшүндүрмөсү, Өткөн жума күнү мунайдын баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу митингдер тутанып, ондогон шаарларга тараган

"Биз Ирандын экономикасы күнүнө 60 миллион доллар жоготуп жатат деп жоромолдодук. Бул өтө коркунучтуу стратегия жана келечекке кооптуу прецедент түзөт",-деди Алп Токер.