Британиянын жаңы өкмөт башчысы ким болот?

Борис Джонсон, Джереми Хант, Майкл Гоув, Саджид Джавид, Доминик Рааб

Сүрөттүн булагы, STF

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй 7-июнда консерваторлор партиясынын лидерлигинен кетет. Анын ордуна жаңы премьер-министр тандалат.

Жаңы өлкө башчысы опурталдуу "Брексит" көйгөйүн чечиши керек. Өлкө алдында турган чоң кыйынчылыктарга карабастан, консерваторлор партиясынын ичинде премьер-министр кызматын талашкандар көп.

Консерваторлор партиясы 20-июлга чейин жаңы лидерин тандашы керек. Мурдагы тышкы иштер министри Борис Жонсон эң негизги талапкерлердин бири. Саясатчыны коомчулук жакшы билет жана аны партия ичинде дагы колдогондор көп. Ага карабастан, Жонсондун популярдуулугу жеңишке кепилдик бербейт.

Борис Джонсон, Тереза Мэй

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британиянын мурдагы премьер-министри Борис Жонсон

Анткени консерваторлорго Европа Биримдигинен чыгуу маселесинде эки бөлүнгөн өлкөнү жана парламентти бириктире алган лидер керек. Жонсон болсо референдум алдында "Брекситти" колдоп, талаш жараткан кайрылуулар менен чыккан учурлары дагы белгилүү.

Ошондуктан талдоочулар айлана-чөйрөнү коргоо министри Майкл Гоув алдыга озуп кетиши мүмкүн экенин айтышууда. Андан башка учурдагы тышкы иштер министр Жереми Хант дагы бар.

Азырынча 11 саясатчы премьер-министр кызматына талапкер болуп жатат. Алардын арасында бешөө Тереза Мэйдин өкмөтүнө киргендер. Сегизи Оксфорд университетинин бүтүрүүчүлөрү.

Талапкерлердин "Брексит" боюнча пикири

Катаал "Брекситти" колдогондор - төрт талапкер. Борис Жонсон, Доминик Рааб, Андреа Ледсом менен Эстер Маквей. Алар Британия 31-октябрда келишими жок деле Европа Биримдигинен чыгып кетиши керек дегендер.

Катаал "Брекситти" четке какпагандар - үч талапкер: Жереми Хант, Саджид Жавид, Марк Харпер. Алар Европа Биримдиги менен келишимге жетишүүгө аракеттенүү керек дешет. Бирок 31-октябрга чейин мунаса табылбаса, Британия "келишимсиз Брекситке" барышы керек деп жатышат.

Джереми Хант

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Учурдагы тышкы иштер министр Жереми Хант

Европа Биримдиги Тереза Мэй менен макулдашкан келишимди кайра карап чыгуудан баш тартууда. "Келишимсиз Брекситти" парламент колдобой коюшу ыктымал.

"Келишимсиз Брекситти" четке каккандар - үчөө: Майкл Гоув, Мэтт Хэнкок, Рори Стюарт. Бул талапкерлер Европа Биримдиги менен сүйлөшүп, "Брекситтин" мөөнөтүн жылдыруу керек дешет.

Кайрадан референдум өткөрүүнү колдогон талапкер бирөө. Сэм Жима Европа Биримдигинде калууну көздөйт. Бирок эксперттер Жиманын партиянын лидери катары тандалышына анча ишенишпейт.

Партиянын лидерин тандоо машакаты

Талапкерлер көп болгондуктан, 4-июнда консерваторлор партиясы лидерди тандоо жараянын өзгөрттү. Эми талапкер болуу үчүн партиянын парламенттеги өкүлдөрүнүн ичинен сегизинин (мурда эки) колдоосун алыш керек. Жогоруда айтылган айрым талапкерлер үчүн сегиз партия өкүлүнүн колдоосун алуу да оор болушу ыктымал.

Партия лидерин тандоо бир нече турда өтөт. Лидерди парламенттеги 313 партия өкүлү тандайт.

Биринчи турда 16 добуштан аз алган талапкер экинчи турга өтпөйт.

Видеонун түшүндүрмөсү, "Брексит": Эмне болуп жатканын билебизби?

Экинчи турда 32 добуштан аз алган талапкер үчүнчү турга өтпөйт.

Ошентип отуруп эки гана талапкер калат. Андан соң Консерваторлор партиясына мүчө болгон 160 миң адам эки талапкердин бирин тандайт.

Партиянын лидерлигине талапкерлер 10-июнда каттоодон өтүшү керек. Биринчи тур 13-20-июнда өтөт. Эки финалист добуш алдында дебат өткөрөт. Жаңы лидер 22-июнга чейин жарыяланат. (AT)