“Брексит”: Британ парламенти мунаса таба алган жок

Видеонун түшүндүрмөсү, Спикер Жон Беркоу добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялады

Британ парламенти "Брекситтин" альтернативдүү багыты боюнча мунаса таба алган жок. Депутаттардын сегиз башка сунушу добушка коюлуп, бири да колдоо тапкан жок.

Буга чейин парламент премьер-министр Тереза Мэйдин "Брексит" боюнча долбоорун эки жолу четке каккан. Дүйшөмбүдө депутаттар саясий кадамга барып, өкмөттүн колундагы "Брексит" маселесин өздөрүнө алган.

Добуш берүүдөн кийин премьер-министрдин тарапкерлери Мэй сунуштаган долбоорду кайра карап чыгууга депутаттарды чакырды.

Мэй болсо сунушталган долбоор колдоого алынса, кызматын эрте таштап кетерин билдирди.

Британия Европа Биримдигинен чыккандан кийин жаңы Бажы биримдигин түзүү боюнча сунушту парламент өкүлдөрү четке какканы менен, аны колдогондор да көп болду. Бул сунушту 264 депутат колдосо, 272 парламент өкүлү каршы чыкты. Башка сунуштар боюнча каршы добуш бергендер басымдуулук кылды.

Видеонун түшүндүрмөсү, "Брексит": Эмне болуп жатканын билебизби?

"Брексит" боюнча сунуштар

  • Бажы биримдигин түзүү: Британия Европа Биримдигинен чыккандан кийин жаңы Бажы союзун түзөт.
  • Бирдиктүү рынок: Британия Европанын Эркин соода ассоциациясына (EFTA) кошулуп, Европанын экономикалык аймагында (EEA) кала берет. "Көп тараптуу бажы келишим" аркылуу Ирландия чек ара көйгөйү чечилет. Мындай жагдайда Европа мамлекеттеринин жарандары Британияда иштөөгө укуктуу болот.
  • EFTA менен EEA уюмдарына кошулуу: Британия Европанын Эркин соода ассоциациясы менен Европанын экономикалык аймагына кошулуп, бирок талаштар Британиянын сотторунда каралат деген принципке карманат. Британия Европа Биримдиги менен Бажы биримдигин түзбөйт. Анын ордуна Түндүк Ирландия чек ара талашы жаңы келишим аркылуу чечилет.
  • Malthouse компромисс долбоору: Премьер-министр Мэй сунуштаган долбоорду колдоп, бирок Ирландия чек ара көйгөйүн башка келишим аркылуу чечилет.
  • Кайрадан референдум өткөрүү: Британиянын жарандары Европа Биримдигинен чыгууну каалайбы же жокпу экинчи референдум аркылуу аныктоо.
  • Европа Биримдигинде кала берүү: Парламент өкмөттүн долбоорун колдобой, ошол эле учурда "келишимсиз Брекситти" да четке какса, премьер-министр Европа Биримдигинде кала берүү чечимин кабыл алышы ыктымал.

Кайрадан референдум өткөрсө болбойбу?

Европа Биримдигинде калууну колдогондор кайрадан референдум өткөрүүнү каалап жатышат. Азыркы оор абалды эске алганда, кайрадан референдум болсо, британиялыктар биримдикте калууну тандайт деген пикир пайда болду. Себеби, биринчи референдумда Британия аталган биримдиктен кандай шарттар менен чыгып кетээри белгисиз болчу.

Лидер лейбористов Джереми Корбин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лейбористтердин лидери Жереми Корбин

Бирок Мэй жана "Брекситти" колдогондор референдумга кескин каршы болушууда. Себеби бул "демократия принциптерине" каршы келет. Британиялыктар өз добушун берди, эми ал аткарылышы керек.

Лейбористтердин лидери Жереми Корбин болсо жаңы референдумду колдошум мүмкүн деп айтты. Бирок ал Европа Биримдигинен формалдуу түрдө чыгууну көздөп турат. Анда Британия биримдиктен чыгат, бирок экономикалык байланыштары тыгыз бойдон кала берет. Лейбористтер азырынча жаңы референдум боюнча талаптарын ачык айта элек.

2017-жылы экинчи референдум өткөрүүнү убада кылган Либерал демократтар парламентте 650 орундан 11 гана добушка ээ. Бул партия "Брексит" боюнча багытты эч өзгөртө албайт.

Долбоорго кандай өзгөртүүлөр киргизилди?

Мэй Европа Биримдиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, "Брексит" боюнча долбоорго киргизилген өзгөртүүлөрдүн "мыйзамдык күчү бар" деген макам алууга жетишти.

Премьер-министр жаңы макамга жетишкенден кийин келечекте Ирландия Республикасы менен Түндүк Ирландия ортосунда маселе жаралса, Европа Биримдиги менен соттошууга укуктуу болоорун билдирүүдө.

EU and UK flags pointing in opposite directions

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ошондой эле Европа Биримдиги Ирландия Республикасы менен Түндүк Ирландия ортосундагы чек ара маселеси боюнча "бирдиктүү кайрылуу" жасоого макул болду. Муну "саясий декларация" деп атасак болот. Ага ылайык, Британия менен Европа Биримдиги 2020-жылдын декбарь айына чейин чек ара көйгөйүн жайгаруу үчүн жаңы келишимге жетүү жоопкерчилигин бирге алышат.

Мэй сунуштаган долбоор эмнени камтыйт?

Биринчиден, долбоорду соода келишими катары түшүнүү катачылык болот.

Мэй бир гана Британиянын Европа Биримдигинен чыгуу боюнча долбоорду сунуштап жатат. Анда Британия менен Европа мамлекеттери ортосундагы соода алакасы боюнча эрежелер жазылган.

Британия 29-мартта Европа Биримдигинен чыгып кеткен күнү деле 21 ай бою эч нерсе өзгөрбөйт, өткөөл (жеңилдик) мезгили орнойт.

Андан тышкары Британия 39 миллиард фунтту "адилеттүү финансылык төлөм" катары европалык компанияларга которот. Муну "ажырашуу төлөмү" деп дагы аташууда.

Британиянын Европадагы жарандары жана Европа мамлекеттеринин Британиядагы жарандары бул өлкөдө кала берүүгө укуктуу болот. (AT)