“Брексит”: Премьер-министр кызматын сактап калды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Британиянын премьер-министри Тереза Мэй парламент депутаттарын "өз кызыкчылыктарын" көздөбөй, "Брексит" боюнча маселеде "бирге үзүрлүү иш алып" барууга чакырды.
Буга чейин парламент премьер-министрге ишеним көрсөтүү боюнча маселеге добуш берип, Мэй айымдын кызматта калуусун 325 депутат колдоп, 306 парламент өкүлү каршы добушун берди. Депутаттар өкмөткө ишеним көрсөтпөй койгон учурда, Британияда кайрадан парламенттик шайлоо жарыяланмак.
Мэй айымдын өкмөтүнө ишеним көрсөтүү маселесин Лейбористтердин лидери Жереми Корбин көтөргөн.
Тереза Мэй дүйшөмбү күнү "Брексит" боюнча жаңы долбоорду сунушташы керек. Премьер-министр өз кайрылуусунда парламенттеги негизги партиялардын лидерлери менен дароо сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн билдирди. Ошондой эле британиялыктардын тандоосун урматтап, депутаттар "кабыл алчудай келишимди даярдоого аракеттенем" деп айтты.
Бир күн мурун Британ премьеринин "Брексит" боюнча сунуштаган долбооруна 432 депутат каршы чыгып, бул өлкө тарыхындагы өкмөттүн эң ири жеңилүүсү болуп калды.
585 барактан турган долбоорду 202 депутат колдосо, 432 парламент өкүлү каршы добушун берген. Мэйдин 118 партиялашы да долбоорду четке каккан.
Мэй айым сунуштаган долбоорго "Брекситти" колдогондор жана ага каршы чыккандар да нааразы болушкан. Европа Биримдигинен чыгып кетүүнү каалагандар, мыйзам долбоору Британия менен Биримдикти дагы деле тыгыз мамиледе кармайт, ал өтө эле жумшак болуп калган деген пикирде.
Ал эми "Брекситке" каршы болгондор жана өлкөдөгү оппозиция партиялары Мэй сунуштаган долбоордо Британия менен Европа Биримдигинин келечекте боло турган мамилеси так жазылбагандыктан, бүдөмүк абал пайда болуп, ал Британиянын кызыкчылыгына жооп бербейт деп айтышкан. Ал эми Түндүк Ирландиянын "Демократиялык биримдик партиясы" долбоор Улуу Британияны бөлүп, бүтүмдүгүнө коркунуч жаратат деп белгилеген. "Брекситтен" кийинки Түндүк Ирландия менен Ирландия республикасы ортосундагы чек ара маселеси боюнча талкуу курч болду.
Европа Биримдигинин реакциясы кандай болду?
Ал тапта Европа кеңешинин президенти Дональд Туск Британияга Биримдиктен чыкпай эле коюуну сунуштады. Ал "твиттер" баракчасына "эгер долбоор четке кагылса, эч кандай келишими жок Биримдиктен чыгууну эч ким каалабай жатса, кимдин туура чечимди сунуштоого эрки жетет?" деп жазды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Европа комиссиянын президенти Жан Клод Юнкер болсо Британия үчүн убакыт аз калганын эскертти.
"Улуу Британия тез арада багытын тактап бериши тийиш. Убакыт абдан аз калды", -деди Юнкер.
Германия менен Франция дагы тынчсыздануусун билдирип, Британиянын Европа Биримдигинен эч кандай келишимсиз чыгып кетүүсүнүн кесепети оор болорун белгилешти. Ал эми Ирландия болсо келишимсиз "Брекситке" даярдык чараларын көрүп жатканын жар салды.
Европа мамлекеттери өткөөл мезгил маанилүү экенин белгилеп, Британияны тез арада "Брексит" боюнча саясатын такташы керек деп айтышууда.
Британияда кайрадан референдум өтөбү?
Европа Биримдигинде калууну колдогондор кайрадан референдум өткөрүүнү каалап жатышат. Азыркы оор абалды эске алганда, кайрадан референдум болсо британиялыктар Биримдикте калууну тандайт деген пикир пайда болду. Себеби, биринчи референдумда Британия Биримдиктен кандай шарттар менен чыгып кетээри белгисиз болчу.
Бирок Мэй айым жана "Брекситти" колдогондор референдумга кескин каршы болушууда. Себеби, бул "демократия принциптерине" каршы болот. Британиялыктар өз добушун берди, эми ал аткарылышы керек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Лейбористтердин лидери Жереми Корбин болсо Европа Биримдигинен формалдуу түрдө чыгууну көздөп турат. Анда Британия Биримдиктен чыгат, бирок экономикалык байланыштары тыгыз бойдон кала берет.
2017-жылы экинчи референдум өткөрүүнү убада кылган Либерал демократтар парламентте 650 орундан 11 гана добушка ээ. Бул партия "Брексит" боюнча багытты эч өзгөртө албайт. Ал эми өлкөдөгү негизги партиялар элдин тандоосун урматтайбыз деп айтышууда.
Улуу Британия 2019-жылдын 29-мартында кечки саат 23:00 (жума күнү) Европа Биримдигинен чыгып кетиши керек. (AT)












