"Брексит": Британ парламенти премьер-министр Мэйдин сунушун угат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Британиянын премьер-министри 29-январда Европа Биримдигинен чыгуу боюнча парламентте баяндама жасайт. Депутаттар өз сунуштарын айтып, айрым беренелер боюнча добуш берүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Айрым парламент өкүлдөрү "Брексит" күнүн жылдыруу (29-март) же кайрадан референдум өткөрүү маселесин көтөрмөкчү.
Эгерде эч өзгөрүү кабыл алынбаса, Британия 29-мартта Евробиримдиктен келишимсиз эле чыгып кетет.

Сүрөттүн булагы, EPA
Буга чейин Британ премьеринин "Брексит" боюнча сунуштарына 432 депутат каршы чыгып, бул өлкө тарыхындагы өкмөттүн эң ири жеңилүүсү болуп калган. 585 барактан турган долбоорду 202 эле депутат колдогон. Мэйдин өзүнүн көп сандагы партиялаштары да долбоорду четке каккан.
Депутаттар Мэй сунуштаган долбоордогу Түндүк Ирландия боюнча беренелерге каршы чыгууда. Алар Ирландия Республикасы менен Түндүк Ирландия ортосундагы чек ара маселеси өлкөнүн бүтүмдүгүнө коркунуч жаратып жатканын жүйөө келтиришүүдө.
Мэй сунуштаган долбоорго ылайык, Британия менен Европа Биримдиги чек ара боюнча маселеде мунаса таба албаса, Ирландия менен Түндүк Ирландия ортосундагы соода жүгүртүү эркин бойдон кала берет. Башкача айтканда, Түндүк Ирландия Европа Биримдигине мүчө өлкө болгондой эле иш жүргүзө берет. Аны токтотуу үчүн Евробиримдиктин уруксаты керек болот. Британ парламент өкүлдөрү дал ушул маселе кооптуу дейт.
Мэй айым сунуштаган долбоор эмнени камтыйт?
Тереза Мэй эки бөлүктөн турган долбоорду сунуштап жатат. Биринчи бөлүгү юридикалык күчкө ээ. Анда Улуу Британия Европа Биримдигинен чыгуу боюнча шарттар так жазылган.
- Британия Европа Биримдигинен чыккандан кийин, өлкөдө жашап келген европалыктар жана алардын үй-бүлөлөрү Британияда кала берүүгө укуктуу болот
- 21 айга созулган өткөөл (жеңилдик) мезгили берилет
- Британия 39 миллиард фунтту "адилеттүү финансылык төлөм" катары европалык компанияларга которот. Муну "ажырашуу төлөм" деп дагы аташууда
- Үч миңге чукул азык-түлүк товарларына өзгөчө макам берилет
- Түндүк Ирландия менен Ирландия республикасы ортосундагы чек ара маселеси күн тартибине коюлат.
Экинчи бөлүгү болсо "саясий жарыяларды" камтыйт. Башкача айтканда Британия менен Европа Биримдигинин келечекте боло турган мамилеси жазылган. Анын юридикалык күчү жок.
Долбоорго "Брекситти" колдогондор жана ага каршы чыккандар нааразы. Европа Биримдигинен чыгып кетүүнү колдогондор, мыйзам долбоору Британияны Биримдик менен өтө тыгыз мамиледе кармоого түртөт деген пикирде. Ал эми "Брекситке" каршы болгондор жана өлкөдөгү оппозиция партиялары Мэй сунуштаган долбоордогу "саясий жарыялар" так болбогондуктан, келечекте мамилелер кандай болоору бүдөмүк бойдон калган деп айтышууда.
Британияда кайрадан референдум өтөбү?
Европа Биримдигинде калууну колдогондор кайрадан референдум өткөрүүнү каалап жатышат. Азыркы оор абалды эске алганда, кайрадан референдум болсо британиялыктар Биримдикте калууну тандайт деген пикир пайда болду. Себеби, биринчи референдумда Британия Биримдиктен кандай шарттар менен чыгып кетээри белгисиз болчу.
Бирок Мэй айым жана "Брекситти" колдогондор референдумга кескин каршы болушууда. Себеби, бул "демократия принциптерине" каршы болот. Британиялыктар өз добушун берди, эми ал аткарылышы керек.
Лейбористтердин лидери Жереми Корбин болсо Европа Биримдигинен формалдуу түрдө чыгууну көздөп турат. Анда Британия Биримдиктен чыгат, бирок экономикалык байланыштары тыгыз бойдон кала берет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2017-жылы экинчи референдум өткөрүүнү убада кылган Либерал демократтар парламентте 650 орундан 11 гана добушка ээ. Бул партия "Брексит" боюнча багытты эч өзгөртө албайт. Ал эми өлкөдөгү негизги партиялар элдин тандоосун урматтайбыз деп айтышууда.
Улуу Британия 2019-жылдын 29-мартында кечки саат 23:00 (жума күнү) Европа Биримдигинен чыгып кетиши керек. (AT)
















