Казакстан: Токаев - президент, Дарига Назарбаева - спикер

Казакстанда Касым-Жомарт Токаев ант берип, 2020-жылдагы шайлоого чейин президенттин милдетин аткара турган болду.

Касым-Жомарт Токаев

Сүрөттүн булагы, PAvel Alexandrov/TASS

Ал өз сөзүндө өлкөнүн баш калаасы Астананы Нурсултан деп өзгөртүү сунушун айтты.

Ошондой эле Токаев ант берүү салтанатында Назарбаевдин ысымын бардык облус борборлорундагы көчөлөргө ыйгаруу тууралуу демилге көтөргөн.

Президенттин милдетин аткаруучунун айтымында, Назарбаевдин сүрөттөрү "алмашылгыс атрибут катары коомдук жайларда, мамлекеттик мекемелерде кала бериши керек".

Назарбаевге Казакстандын эң жогорку сыйлыгы "Элдик баатыр" жана "Эмгектин баатыры" наамдары ыйгарылды.

Мунун артынан эле Назарбаевдин 55 жаштагы кызы Дарига бир добуштан Казакстандын төмөнкү палатасынын спикери болуп шайланды.

Жашыруун добуш берүүдө Назарбаева бир добуштан колдоо тапты. Конституция боюнча сенаттын спикери өлкөдөгү президенттен кийинки эле кызмат адамы.

Тенгенин куну түштү

Казакстандын тунгуч президенти отставкасын жарыялагандан кийин Казакстанда долларга карата талап күчөп, бул тенгенин курсуна кескин таасирин тийгизди.

Айрым казак басылмалары жазгандай, акча алмаштыруу жайларында улуттук валютанын долларга карата наркы 387 тенгеге чейин жеткен.

Эрте менен Nur.kz сайты Улуттук банкка шилтеме берип, акча базарындагы кырдаал туруктуу экенин жана тенгенин түшүп кетишине себеп болбогонун билдирген.

Назарбаев бийлигин бербейт: Эксперттер президенттин отставкасы тууралуу

2019-жылдын 19-мартында саат 19:00дө Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев отставкасын жарыялады. Назарбаев Казакстанды 30 жыл башкарып, беш жолу президенттик шайлоону утуп чыккан.

Нурсултан Назарбаев

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Назарбаев президенттиктен кеткени менен казак саясатын башкарууну уланта бериши мүмкүн дейт эксперттер. Муну Сингапур менен Кытайдын лидерлеринин мисалында карап жатышат

Ушунча жыл бийликте турган лидер чын эле саясаттан кетеби? Казакстанда эмне өзгөрөт?

Назарбаевдин отставкасы кезектеги шайлоонун өтүшүнө бир нече ай калган учурда орун алды. Бирок эксперттер Назарбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы жана "Нур Отан" партиясынын лидери катары өлкөнүн саясий системасына көзөмөлүн сактап калат деп айтууда.

Бийликтен кетүү жана мураскер

Назарбаевдин кетиши күтүүсүз деле болгон жок дейт казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев. Соңку жылдары бийлик бир нече саясий жана конституциялык жүрүштөрдү жасаган.

Ушул жылдын февралында Казакстандын Конституциялык кеңеши Назарбаевдин президенттик милдетин токтотуу боюнча өтүнүчүнө жооп берген. Назарбаевдин администрациясы президенттин өз ыктыяры менен отставкага кетишине баш мыйзам жол береби дегенге кызыккан. Кеңеш болсо жол берет деп жооп кайтарган.

"Ошондо эле отставкага даярдык болуп жатканы тууралуу байкалып калган",-деди Сатпаев.

Назарбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп кала берет. Анын укуктары бир топ кеңейтилген. Ошол эле учурда Назарбаев 2010-жылы улуттун лидери макамын мыйзамдаштырган.

Казакстан Назарбаевден башка президентти көрө элек. Ал өлкөнүн тунгуч президенти. Баш мыйзам боюнча президенттин милдетин парламенттин төрагасы Касым-Жомарт Токаев аркалайт. Бирок саясат таануучулар аны мураскер болушу күмөн дешет.

2020-жылы өтөрү күтүлүп жаткан шайлоого чейин эле мураскер белгилүү болот.

Казакстан Назарбаевден башка президентти көрө элек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстан Назарбаевден башка президентти көрө элек

Өткөөл доордун башталышы

Президент Назарбаев 30 жыл башкарган өлкөнүн саясаты эми кай жагына өзгөрүшү мүмкүн? Азырынча эч кандай деле өзгөрүүлөр күтүлбөйт деп болжойт британдык PRISM агенттигинин Казакстан боюнча эксперти Кейт Маллинсон.

Назарбаевдин башкаруусу учурунда Казакстанда Коопсуздук кеңеши тууралуу мыйзам кабыл алынган. Бул органдын макамы өзгөртүлүп, ыйгарым укуктары кеңейтилгенинин Маллинсон кайра эске салып жатат.

Ал эми учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Касым-Жомарт Токаев - бийликти мураскерге коопсуз өткөрүп берүүгө ортомчулук кыла турган фигура дейт эксперт.

2018-жылы Назарбаев Коопсуздук кеңешин өмүр боюу башкару укугуна ээ болгон.

"30 жыл күттүк"

"Назарбаевдин кызматтан кеткени күтүүсүз болду, бул талашсыз факт. Казакстандыктар 30 жылдан бери биринчи жолу күтүүсүз жагдайга туш болду. Андан тышкары үч айдан кийин шайлоо болот",-дейт саясат таанучу Алмас Чукин.

"Мындай абалды биз отуз жыл күттүк. Ага карабастан Назарбаев бийликти сактап калды. Анткени ал Коопсуздук кеңешинин башчысы жана "Нур Отан" партиясынын төрагасы катары кала берет"-деп кошумчалады ал.

"Назарбаев абдан туура кадам жасады, президенттик кызматтан туура убакытта кетти. Ошондо да ал эч нерсени түшүндүрбөй эле кетип калды. Отуз жыл бийликте отурду, балким алтынчы мөөнөттөн кийин чарчап калгандыр",-деди Чукин.

"Назарбаевдин кызматтан кеткени көргөзмө сыяктуу көрүнүш. Себеби ал "Эл башы", Коопсуздук кеңеши менен "Нур Отан" партиясынын төрагасы катары бийликке таасир этүү рычагдарды сактап калды",-деди саясат таанучу Ербол Едилов.

"Токоевго кайрылсак, ал шайлоого чейин гана президенттин милдетин убактылуу аткарат. Эмдиги президент тандалган күнү да, анын ыйгарым укуктары "Эл башынын" укуктарынан төмөнүрөк болот",-деп кошумчалады Едилов.

Назарбаевдин колдоочуларынын санын эсептөө мүмкүн эмес

"Назарбаевдин кызматтан кетиши бир нече айдан бери талкууланып келди",-дейт Би-Би-Синин Казакстандагы кабарчысы Абдужалил Абдурасулов.

"Президенттин күтүүсүз теле кайрылуусу жасайт деген жаңылыктар тараганда эле, Казакстандын лидери түз эфирде отставкасын жарыялайт деген имиштер тарачу. Бирок ал жаңы долбоорлор, өлкөнү өнүктүрүү багыты тууралуу сөз кылчу"-деди ал.

Назарбаев Конституциялык кеңештен президенттин кызматтан кетүүсү тууралуу мыйзамды тактап сураганы ар түрдүү имиштерге жем таштады. "Ага карабастан Назарбаевдин отставкасы көптөргө күтүүсүз болду",-дейт Абдурасулов.

"Казакстан президент катары бир гана Назарбаевди билет. Көптөр ал өмүр бою Казакстанды башкарат деп ойлогон. Борбор Азиядагы авторитардык режимдерге бул кадыресе эле көрүнүш. Аны көптөр колдогон, бирок эркин жана таза шайлоо болбогондуктан Назарбаевдин популярдуулугун ченеп алуу мүмкүн эмес эле",-деди журналист. (AbA)