Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кызматтан кетти

Сүрөттүн булагы, Mikhail Klimentyev/TASS
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кызматтан кетип жатканын жар салды. Ал коопсуздук кеңешинин төрагасы катары кала берет.
"Мен президент катары кызматтан кетүүнү чечтим",-деди 78 жаштагы Назарбаев мамлекеттик телеканалдагы билдирүүсүндө.
Коопсуздук кеңеш боюнча мыйзамга ылайык, Назарбаев биринчи президент катары жана "Элбашы" статусуна ылайык Кеңешти өмүр бою башкарууга укуктуу.
Сенаттын спикери Касым-Жомарт Токаев президенттин милдетин убактылуу аткармакчы. "Токоевдин Казакстанды башкарууда ишенимдүү адам экенине көзүм жетет",-деди Назарбаев..
Назарбаев 1990-жылы апрель айында президент катары кызматка киришкен. Ага чейин ал Казак ССРинин жогорку кызматтарында иштеген эле.
Назарбаев президенттик шайлоодо катары менен беш жолу утуп чыккан. Эмдиги президенттик шайлоо 2020-жылы өтмөк. Орусиянын саясат таануу боюнча адиси Аркадий Дубнов президенттик шайлоо мөөнөтүнөн эрте өтүшү мүмкүн экенин айтты.
"Назарбаев алдын ала даярдалган кызматка коопсуздук кеңешинин төрагасы катары кетип жатат. Анын ыйгарым укуктары президенттикинен да жогору болот. Башкача айтканда, ал Казакстандын Дэн Сяопинине айланат",-деди Дубнов.
«Нур Отан» партиясынын курултайын коштогон нааразылыктар
27-февралда Казакстан баш калаасы Астанада президент Нурсултан Назарбаевдин катышуусу менен «Нур Отан» партиясынын курултайы өткөн.
Курултай өтүп жаткан учурда Астана жана Алматыда ондогон кишилер нааразылык акциясына чыгып, полиция тарабынан кармалган. Айрым агенттиктер жарыялаган видео баяндарда чогулгандар бийликтен жумуш орундары менен камсыз кылуу, жашоо-турмушту оңдоо сыяктуу талаптарды айтышкан. Ал тургай чогулгандар арасында «Назарбаев кетсин!» деп кыйкыргандары да угулган.
«Нур Отан» партиясынын курултайында президент Назарбаев өлкөдөгү социалдык көйгөйлөргө басым жасаган. "Ак ордонун" расмий сайты президент Назарбаевдин "негизги приоритет - жарандардын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталганын", "өлкөдө социалдык чыгымдар ар дайым жогору болуп келгенин", ал дагы өсө берерин айтканын жазган.
Өрт трагедиясы
Февралдын башында Астанада эң кичүүсү бир жаштагы, эң улуусу 12ге толгон беш бир тууган өрттөн каза болуп калган. Бул үрөй учурган окуя Казакстан эле эмес, бүтүндөй дүйнөнүн көңүлүн бурган. Балдардын ата-энеси бул учурда түнкү сменадагы жумушунда болгон экен. Бул трагедиялуу окуяны бийлик өрт коопсуздугу кызматынын алешемдиги катары атаганы көптөгөн казакстандыктардын кыжырын келтирди.
Бул окуядан кийин жүздөгөн энелер көп балалуу үй-бүлөлөргө социалдык жардамды күчөтүү талабы менен нааразылык акцияларына кошулган.
Астанадагы беш наристе кыздын өлүмү бүтүндөй Казакстанды солкулдатып, жакырчылык көйгөйүн ашкерелеген. Кишилер массалык чыккан митингдердин бири өлкө батышындагы Караганда, Актөбө жана Шымкент шаарларында өткөн.
«Өкмөт эне менен баланын укуктарын конституцияда жазылгандай коргоп берсин! Эгерде биздин укуктар конституция менен корголгон болсо, анда биз жер тилкесин жана батир талап кыла алабыз. Бизде кен байлыктар бар: алтын, күмүш, уран, көмүр. Алардын баары 18 миллион кишиге бирдей бөлүнүшү керек. Биздин өлкөнү бай дешет. Муну бизге Аллах берди, бабаларыбыз калтырып кетти. Биздин урпактарга, балдарга калышы керек. Биздин балдар муну иштетиши керек. Эмне үчүн биз жакырчылыкта жашашыбыз керек",-деген эле алты баланын энеси Күнсулуу Искакова.
Митингдер учурунда жергиликтүү бийликтер энелердин арыз-муңун угуп, жардамга муктаж бүлөлөргө колдоо болорун убадалашкан.
Экономикасы жогору, элдин кирешеси төмөн
Казакстан Борбор Азиядагы эң ири экономикага ээ. Анын көп бөлүгү негизинен табигый ресурстар жана нефти запасынан. Ошондой эле бул өлкө дүйнөдөгү эң ири уран өндүрүүчүсү. 2017-жылы америкалык Heritage Fund фонду түзгөн тизмеде Казакстан экономикалык эркин өлкөлөрдүн тизмесине кирген.
2018-жылы өлкөнүн экономикасы 4,1% өстү. Бирок ички дүң жыйымы өскөнү менен калктын кирешеси төмөн бойдон кала берүүдө. Маселен, Halyk Finance инвесткомпаниясынын маалыматы боюнча, 2015-2017-жылдары реалдуу экономикалык алты пайыздан ашкан учурда, айлык-акылар үч пайызга кыскарган.









