Казак бийлиги кыштан чыккан менен "кысымдан" чыга элек

Т. Дооров: Астанадагы бир чоң трагедия баарын козгоду. Ата- энеси түндө иштегенге мажбур болгон секелек беш кыз өрттөнүп кетти. Бул трагедия жалпы казак коомун нес кылып салгандай болду. Көрсө, андай ата- энелердин саны өтө эле көп экен

Сүрөттүн булагы, Arysh

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Т. Дооров: Астанадагы бир чоң трагедия баарын козгоду. Ата- энеси түндө иштегенге мажбур болгон секелек беш кыз өрттөнүп кетти. Бул трагедия жалпы казак коомун нес кылып салгандай болду. Көрсө, андай ата- энелердин саны өтө эле көп экен
    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Алматыдагы Наурызбай ауданы акимдигинин алдына отуз чакты эне чогулду. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү аларды өкмөт карап жаткан камкордук, жеңилдиктерди түшүндүрүүгө чакырган. Маалымат каражаттары кабарлагандай, чогулгандарды полиция байкоого алып, көзөмөл кылып турду. Жыйынга айрым журналисттерди киргизбей койгондугу да сынды күчөтүп турган чак.

Келгендер "Назарбаевдин шайлоого катышуусуна каршыбыз" деп кыйкырышкан. Казакстанда февраль айынын башынан тарта эле бири-бирин коштогон нааразылык акциялары басылбай келди. Анын баштагыдан кыйла күчөгөнү соңку нааразылык акцияларында ачык байкалгандай болду.

Анда бийликтин "Нур Отан" партиясы президент Нурсултан Назарбаевдин катышуусундагы жыйын куруп, өлкө барган сайын бакубат мамлекетке айланып баратканын айтып жатса, андан алыс эмес жерде жашоо шарт күндөн-күнгө оорлоп, коррупция тереңдеп баратканын айтып "Назарбаев кетсин" деген чакырыктар күчөдү.

"Нур Отан" партиясынын ХVIII cъездинде президент "көп балалуу үй-бүлөдөгү ар бир балага 21 миң теңгеден төлөнөт" деген өтө чоң убада берди. Бул ар бир балага 55$ берилет дегенди билдирет

Сүрөттүн булагы, getty images\Pavel Aleksandrov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Нур Отан" партиясынын ХVIII cъездинде президент "көп балалуу үй-бүлөдөгү ар бир балага 21 миң теңгеден төлөнөт" деген өтө чоң убада берди. Бул ар бир балага 55$ берилет дегенди билдирет

Би-Би-Си "Азаттыктын" казак редакциясынын директору Төрөкул Дооровго байланышып, соңку окуялардын себеби менен чоо-жайын сурады.

Т. Дооров: Ушул айдын башынан бери эле Казакстанда нааразылык акцияларына чоң бир себеп болду. Башкача айтканда, өзүңүздөр билгендей, Астанадагы бир чоң трагедия баарын козгоду. Ата- энеси түндө иштегенге мажбур болгон секелек беш кыз өрттөнүп кетти. Бул трагедия жалпы казак коомун нес кылып салгандай болду. Көрсө, андай ата- энелердин саны өтө эле көп экен. Буга чейин эзели бир саясий талаптар менен нааразылыкка чыгып көрбөгөн энелер да ошол окуядан кийин "Менин дагы абалым ушундай, мен дагы ушинтип балдарымды түнкүсүн калтырып иштегенге мажбурмун. Эмне үчүн мамлекет бул жөнүндө ойлонбойт?" - деген талаптар менен чыга баштады. Бир нече аптадан бери созулуп келе жаткан акциялар өлкөдө кайсы бир деңгээлде өкмөттүк алмашууларга алып келди. Соңку эки жумадан бери Маңгыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарчасында жаштар чыга баштады. Алар болсо,"Бизде жумуш жок, жумуш бергиле!" деген талаптарды коюп жатышат. Тилекке каршы, ал жерде биздин кабарчыбыз жок болгонуна байланыштуу толук маалымат ала албай келгенбиз. Соңку апталарда өз кабарчыбызды жиберели деген чечим менен кабарчыларды жөнөттүк. Полиция аңдып турса керек. Ал жердеги биздин кабарчылар өз ишин эми эле баштап, камерасын күйгүзгөндө эле кармап кетишкен эле. Аларды ал жерде кармап, алты сааттан ашык сурак жүргүзүптүр. Биздин бир кабарчыбызга "силерди келе жатыптыр дегенде эле сенин үстүңдөң арыз түшкөн" деп айтышыптыр. Биз арызданган киши ким экенин билбейбиз. Бирок полициянын айтымына караганда, журналисттер келсе, Жаңы- Өзөндөгү тынчтыкка доо кетиши мүмкүн деген жүйөө менен биздин кабарчыларды кармап турушкандай. Бирок аягында баары бир бошотконго туура келди. Анткени, кармап турууга эч кандай негиз жок болчу.

Нааразылыкка чыкандарды полиция буга чейин да ар кандай ыкмалар менен "көзөмөлгө"алып келгенин казакстандык активисттер айтып келе жатат

Сүрөттүн булагы, getty images\RUSLAN PRYANIKOV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нааразылыкка чыкандарды полиция буга чейин да ар кандай ыкмалар менен "көзөмөлгө"алып келгенин казакстандык активисттер айтып келе жатат

Би-Би-Си: Казак өкмөтүнүн толугу менен кызматтан кетиши нааразылыкка чыккан энелердин маанайына, коомдогу каршылыктын толкунуна, анын мүнөзүнө карата жооп болду десе болобу же бийликтин мурдатан эле пландап келген кадамы беле?

Т. Дооров: Президент бир айдай мурда өкмөттүн жыйынында "Силер коркоксуңар, көп нерселерди аткара албай жатасыңар" деп, өтө катуу сындаган болчу. Ошондон кийин эле жанагы трагедия болуп кетти. Трагедия кайсыл бир деңгээлде чечкиндүү кадамдарга себеп болду окшойт. Акыркы бир себеби дал ушул трагедия болду го деп ойлойм. Анткени, президенттин талаптарын жана эмне үчүн азыркы өкмөттү кетирген себептерин карап көрсөк, социалдык абал жакшырган жок, элдин турмушу начарлап кетти деген жүйөөлөр көп айтылды. "Нур Отан" партиясынын ХVIII cъездинде президент чыгып, "көп балалуу үй-бүлөдөгү ар бир балага 21 миң теңгеден төлөнөт" деген өтө чоң убада берди. Бул ар бир балага 55$ берилет дегенди билдирет. Казакстанда төрттөн көп баласы бар үй-бүлө көп балалуу деп эсептелинет.

Би-Би-Си: Президент Назарбаев ошондой жөлөк пул, көмөкчү каражаттан сырткары, 40 миңден ашуун батир салууну өкмөткө тапшырганы белгилүү болду. Ошондой эле, бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 45% ушул социалдык багытта жумшалат деп айтты. Бирок ошого карабай, бир топтору буга үмүт артпай, ишенбей турганынын ачык айтып жатат. Мунун себеби эмне деп ойлойсуз?

Т. Дооров: Президент бир айдай мурда өкмөттүн жыйынында "Силер коркоксуңар, көп нерселерди аткара албай жатасыңар" деп, өтө катуу сындаган

Сүрөттүн булагы, Azattyk

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Т. Дооров: Президент бир айдай мурда өкмөттүн жыйынында "Силер коркоксуңар, көп нерселерди аткара албай жатасыңар" деп, өтө катуу сындаган

Т. Дооров: Ооба, анткени буга чейин да өкмөт тараптан дагы, президент тараптан дагы кабат-кабат убадалар көп эле айтылып келген. Биринчиден, биз айтып жаткан ошол митингдердин башында тургандар биз эч кандай конкреттүү кадамдарды көрө элекпиз дейт. Экинчиден, саясий эксперттер, аналитиктер убадаларды, балким, жакында жарыяланышы мүкүн деген кийинки шайлоолор менен да байланыштырып жатышат.

Би-Би-Си: Жаңы-Өзөндөгү 2011- жылкы окуя эл аралык коомчулукта Казакстандын бетине бир топ эле чиркөө болгон. Ошол окуядан бир нече жыл өткөн соң, бул окуяларды чет жакка, өзгөчө, Батыш өлкөлөрүнө башка призмасынан көрсөтүү үчүн Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блейер чакырылды деген маалыматтар да айтылып жүрдү. Расмий бийлик болсо, ал кишини реформа үчүн чакырдык дегени бар. Эгерде, бейрассмий тарап жаткан маалыматты эске алсак, Тони Блейер казак бийлигинин үмүтүн актадыбы? Батыш өлкөлөрүнө Жаңы-Өзөн окуясын башка кырынан көрсөтө алдыбы?

Казакстанда февраль айынын башынан тарта эле бири-бирин коштогон нааразылык акциялары басылбай кел жатат

Сүрөттүн булагы, getty images\ KIRILL KUDRYAVTSEV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстанда февраль айынын башынан тарта эле бири-бирин коштогон нааразылык акциялары басылбай кел жатат

Т. Дооров: Казакстан бийлиги имиджин жакшыртыш үчүн өтө чоң суммадагы акча бөлөт. Көп чет мамлекеттик журналисттер менен иштешет. Маал-маалы менен ошондой мазмундагы макалалар чыгып жатканы талашсыз. Тони Блейер ошол орошон окуялардын башында турган адам катары эсте калды. Бирок, эксперттик коомчулукта ал кишинин кошкон салымы диктаторлук режимден жардам алган же диктаторлук режимге кызмат өтөгөн адам катары көбүрөөк таанылып калды деп ойлойм. Позитивдүү жагынан эмес, көбүрөөк негативдүү жагынан эсте калгандай болуп калды.