Тайказан талашы кайда барып токтойт?

Сүрөттүн булагы, Facebook
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Мындан бир нече жыл мурун Казакстан негиздеген Көкпар дүйнөлүк ассоциациясынын жоболоруна Кыргызстандын атынан Көкбөрү федерациясынын ошол кездеги президенти Канатбек Исаев кол коюп, ал көк бөрүнүн тайказан сыяктуу негизги эрежелерин жокко чыгарууга негиз болду деген талкуу күчөдү.
Бул Кыргызстанда Көк бөрү федерациясынын президентин алмаштырган учурга туш келип, талкуу ого бетер кызыды.
Адатта Кыргызстанда той, салтанаттын көпчүлүгү көк бөрүсүз өтпөйт. Бул оюнда баарынын канын кызыткан учур тайказанга улактын түшүшү. Улакчылар соңку жылдары бул көрүнүштү андан бетер көркөмдөп, өздөрү улак менен кошо тайказанга кирип кете турган болду.

Буга чейин улак тартыш боюнча республикалык мелдештерде, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында да көк бөрү такай тайказан менен өтүп келген. Бирок 2017-жылы коңшу Казакстан "Көкпар" дүйнө чемпионатын баштап, тайказансыз оюн болсун деген эрежеге бет алды.
Кыргыз курамасы Астанага чейин ат жүктөп барып, казак тараптын эрежеси менен күч сынашып кайткан.
Чанда бир чыгып келген тайказан талкуусу соңку мезгилде тереңдегенден тереңдеп эле бараткандай. Буга быйыл Ташкентте өтчү чоң мелдеште тайказан болобу же болбойбу деген суроо негиз болуп берди. Бир нече мамлекеттин өкүлдөрү Астанада жыйын куруп, оюн тайказансыз өтөт деп чечим да кабыл алды.
Көп өтпөй Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын жетекчиси алмашты. Дал ушул окуяны улай, тайказансыз оюн болсун деген эрежелерге эбак эле макул болуп, кыргыз тараптан кол койгондор бар экен деген сөздөр желдей тарады. Ал Көк бөрү федерациясынын мурунку президенти Канатбек Исаев экен деп документтин үзүл-кесил сүрөттөрү да интернетке чыкты. Би-Би-Синин суроолоруна жооп берген Канатбек Исаев өз дарегине айтылган сындарды толук четке кагууда. Ал документте эреже тууралуу эч нерсе жок деп жатат.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы
Депутаттын айтымында, Ташкенттеги чоң мелдеште тайказан болобу же жокпу деген маселени чечүүгө дагы деле толук шарт бар.

Сүрөттүн булагы, facebook
2017-жылы Казакстандын "Улуттук оюндар" ассоциациясынын вице-президенти Ерлен Оспанов Би-Би-Сиге маек куруп, тайказан тууралуу да жооп берген.
"Тайказанды биз өз алдыбызча эле алып салган жерибиз жок. Башка өлкөлөрдөн сунуш болду. Аны башкалар менен кеңештик, ортого салып талкууладык. Ага катышкан мамлекеттер аны алуу сунушун берди",- деген эле Ерлен Оспанов.
Улуттук ат оюндардын сүйүүчүлөрү бул маселени азыр абдан кызуу талкуулап жаткан чак. Алардын айрымдары тайказан маселеси кыргыз-казак ортосунда саясатташып кетти дешет. Кээлери эл аралык деңгээлде таанылып бараткан оюнду ар ким өз атынан чыгарууга жан үрөп, токтобой жатат дешет.
Учкай таржымалы мындай...
2001-жылы Көк бөрү федерациясы түзүлүп, ага Кыргызстан, Кытай, Тажикстан, Орусия, Афганистан, Түркия, Өзбекстан жана Казакстан мүчө болуп кирген. Алар ошондо эле көк бөрүнүн бирдиктүү эрежесин кабыл алышып, документтерге кол коюшкан эле.
Көк бөрүнү өздүк кылып ыйгаруу атаандаштыгы кызыган учурда Кыргызстан казак тарапты озуп кеткендей болду. Анда көк бөрү оюну Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун атайын тизмесине катталган. Үч жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп, көк бөрү океандын ары жагындагы америкалыктардын да кызыгуусун жаратты.
Деген менен казак тараптын тайказанды эрежеден алуу сунушун колдогон кыргызстандыктар да арбын. Алар ат эле эмес, улакчылардын коопсуздугу үчүн бул өтө маанилүү деп келишет. Казак улуттук оюндарын тескеген Ерлен Оспанов тайказандын айынан эки элдин ынтымагына көлөкө түшүрбөөгө чакырган эле.

Ошол эле учурда кыргыз тарап тайказан кооптуу дегенди шылтоо катары сыпаттап, тайказанды колдонуп, аны жакшыртаарын айтып жатат.

Сүрөттүн булагы, Social media
Саналуу күн мурун эле Москвада көкбөрү оюну өтүп, анда аттарга өтө ырайымсыз мамиле жасалды деген жаңылыктар коомдук медиага тарады. Орусиялык айрым активисттердин арызы менен Орусиянын көзөмөл органдары териштирүү баштады. Дал ушул суроолор көк бөрү оюнун эл аралык деңгээлге чыгаруу үчүн жаңы концепция керек деген маселени ортого чыгарды.










