Талас Бегалиев: “Көкпар” чемпионатынын финалына Назарбаев өзү келет экен

Видеонун түшүндүрмөсү, Талас Бегалиев: “Көкпар”чемпионатынын финалына Назарбаев өзү келет экен

Астанада “Көкпар” боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп жатат. Кыргызстандык улакчылар бүгүн түркиялык улакчылар менен таймашып 13:3 эсебинде утуп алышты.

Алар буга чейин Монголия жана Өзбекстандын курама командалары менен оюн өткөрүп, чоң айырма менен жеңишке жетишкен. Алдыда Тажикстан жана АКШ командалары менен да күч сынашат.

Бул мелдеште эң башкы атаандаштар Кыргызcтан менен Казакстандын улакчылары экени талашсыз.

Оюндар Астанадагы “Казанат” ат майданында өтүп жатат. Көкбөрү күйөрманы Максат Чакиев Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Талас Бегалиев менен болгон маегин Би-Би-Сиге жолдоду.