Почта аркылуу жөнөтүлгөн бомба
Шаршембиде эрте менен Демократтар партиясынын мурдагы лидерлери Барак Обама менен Хиллари Клинтондун дарегине багытталган баштыктардан жардыргыч зат табылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мындайды Демократтар партиясынын улуттук комитетинин мурдагы төрагасы Дебби Вассерман-Шульц дагы алган. Анын ысымы менен жөнөтүлгөн баштык мурунку башкы прокурор Эрик Холдердин кеңсесине даректелген экен. Бирок дареги так көрсөтүлбөй калып, кайра артка, "жөнөтүүчүгө" келген.
Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо дагы шектүү баштык келгенин айтып чыгып, бирок кийин тастыкталган жок.
Почта аркылуу келген баштык сенатор-демократ Камала Харристин кабылдамасына дагы келген. Бул имаратта San Diego Tribune басылмасы, Си-эн-эн телеканалы жана Демократиялык партиянын демөөрчүсү саналган Жорж Сорос негиздеген "Ачык коом" уюмунун штаб-квартирасы жайгашкан.
Буга чейин Нью-Йорк шаарынан алыс эмес жердеги Соростун үйүнүн сыртындагы почта үкөгүнөн жардыруучу зат табылганы кабарланган эле.
Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) билдирүү жасап, бомбага байланышкан маалыматтарды ырастады. Беш дарекке почта аркылуу жардыргыч зат барганын, башка жайларга дагы ушундай жөнөтүлүшү мүмкүн экенин эскертти.

Сүрөттүн булагы, PA
Бул окуя азыр Федералдык иликтөө бюросунун алдындагы приоритет болуп турат деп айтылды билдирүүдө.
Почтадан барган баштыктарды ачып көрүшкөнбү?
Бир топ булактар, анын ичинде полиция жардыргыч затта "бомбанын компоненттери" жайгашканын, ал санариптик саатка улашып, баштыкта жарылуучу порошок болгонун билдиришти.
АКШнын мурунку президенти Обама баштыкты ачкан эмес жана ага жакындабаптыр. Белгилей кетчү жагдай, Обаманын Вашингтондогу үйү Иванка Трамптын үйүнө жакын жерде. Аралыгы эки минуталык эле жол. Ак үй бул чабуулду айыптаган билдирүү таратты.

Сүрөттүн булагы, FBI
Хиллари Клинтон болсо Флоридада жүргөн. Анын Чаппакуадагы үйүндө экс-президент Билл Клинтон болгон экен.
Жөнөтүлгөн баштыктардын көпчүлүгүнө Демократтар партиясынын улуттук комитетинин мурдагы төрагасы Дебби Вассерман-Шульцдун ысымы коюлган. 2016-жылы анын отставкасынын себеби Wikileaks сайтына чыгып кеткен комитеттин кат алышуулары болгон эле.
Саясатчы өзүнүн кат аркылуу жолдогон кайрылуусунда, анын ысымы "жөнөтүүчү" катары колдонулганына терең тынчсыздануусун билдирди.

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШда мындай окуялар көп катталабы?
Бул окуя 2001-жылдан берки эң масштабдуу почта чабуулу болуп калды. 11-сентябрдагы трагедиядан кийин Вашингтондогу жеке компаниялардын, айрым конгрессмендердин кабылдамаларына сибирь кулгунасы бар баштыктар келген. Анда беш киши каза таап, 17 киши илдетти жуктуруп алганы белгилүү болгон.
Иликтөө иштери бир нече жылга созулду. Шектүү катары биологиялык курал боюнча эксперт Стивен Хатфиллдин ысымы аталган. Тергөөдө ага тагылган айыптар толук алынган. Шектүү катары Брюс Эдвардс Ивинс дегенди аташкан. Ал АКШ өкмөтүндө иштеген, биокоргонуу боюнча адис, окумуштуу болгон. Ивинс 2008-жылга чейин атайын кызматтын байкоосунда болуп, бирок өз өмүрүнө кол салып, мүрт кеткен. Кийин аны жогорудагы ишке айыптуу деп табышкан. (AbA)










