Нью-Йорктогу теракт: Саипов айыптарды четке какты

Өзбекстандын жараны Сайфулло Саипов

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өзбекстандын жараны Сайфулло Саипов

Өзбекстандын жараны Сайфулло Саипов террордук уюмдарга көмөк көрсөткөн жана сегиз кишинин өлүмүнө себеп болгон деген айыптарды четке какты.

Саипов Нью-Жерсиден ижарага алган жүк ташыган унаа менен Нью-Йорктун борборунда ондогон кишилерди тебелетип кеткен. Алардын сегизи каза таап, 12 киши жаракат алган.

29 жаштагы өзбекстандык мигрант Сайфулло Саипов соттук угууга көк түстөгү абак кийими менен, буту кишенделип кирди. Сот дайындаган адвокат Саиповдун атынан сүйлөп, айыптарды четке какты.

Буга чейин Нью-Йорктун федералдык прокуратурасы Саиповко сегиз кишинин өлүмү боюнча жана террордук уюмдарга материалдык көмөк көрсөткөн деген айып таккан.

Полиция Саиповко бир нече ирет ок чыгарып, жарадар болгондон кийин гана кармаган. Биринчи соттук угууга Саипов майыптардын коляскасы менен келген.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Полиция Саиповко бир нече ирет ок чыгарып, жарадар болгондон кийин гана кармаган. Биринчи соттук угууга Саипов майыптардын коляскасы менен келген.

Нью-Йорктун арачы соту Саиповго 17 барактан турган, 22 пункту бар жоопка тартуу актысын түзүп, прокуратуранын дооматын бекиткен эле.

Саиповго коюлган айыптар далилденсе, ал өмүр бою абакка кесилиши же өлүм жазасына тартылышы ыктымал.

Саипов өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтун тасмаларын көрүп шыктанганын тергөөчүлөргө айтып берген. Ал теракты болжолу бир жыл мурун даярдоого киришкен. Эки ай мурун жүк ташуучу унааны колдонуп, мүмкүн болушунча көп кишини сүздүрүү чечимин кабыл алган. 22-октябрда жүк ташыган унааны ижарага алып, сыноодон өткөрүп, айдап көргөн.

Саиповдун эмдиги соттук угуусу 23-январда өтөт.

Күбөлөрдүн айтымында Саипов кылган ишине өкүнбөй турганын билдирген

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күбөлөрдүн айтымында Саипов кылган ишине өкүнбөй турганын билдирген

Cаиповдун кыскача таржымалы

Нью-Жерсиге көчүп келгенге чейин Сайфулло Саипов Флорида аймагында жашаган. Ал Өзбекстандан АКШга 2010-жылы көчүп келип, жашап, иштөөгө укук алган. Uber компаниясы ал айдоочу болуп иштеп жүргөнүн тастыктады.

Огайодо жашаган Саиповдун жердеши, айдоочу болуп иштеген Миррахмат Муминов АКШга келгенден кийин гана Саипов динге кызыгып баштаганын Рейтер агенттигине айтып берген. Өзбекстанда мүмкүн болбогон эркиндиктин АКШда болгону аны таң калтырган дейт жердеши.

"Ал түнт, нерви жука, кээде агрессивдүү эле. Ал өзүнүн дүйнөсү менен жашачу», -деп айтып берген Миррахмат Муминов. Анын айтымында, Саипов англис тилин дагы, орус тилин да начар билчү. Бул окуядан кийин президент Дональд Трамп грин-карт программасын жок кылуу керек деп чыкты. Саипов ушул программа менен АКШга келгени айтылып жатат.

АКШга келгенге чейин Саипов Ташкентте жашаган. Муну Өзбекстан тарап дагы ырастаган. Саипов 1988-жылы 8-февралда Ташкентте төрөлгөн.

Ташкент финансы институтун бүтүргөн. Окуусун бүткөндөн кийин мейманканада эсепчи болуп иштеген. Ата-энеси Ташкент шаарында жашайт. (AT)