«130 миллионго чукул кыздар мектепте билим алууга жетише элек"

Түштүк Судан кыздардын билим алуусу үчүн эң начар аймак деп табылган.

Сүрөттүн булагы, UNICEF

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түштүк Судан кыздардын билим алуусу үчүн эң начар аймак деп табылган.
    • Author, Шон Кофлан
    • Role, Би-би-си

Бай өлкөлөрдө мектептеги билим берүүдө эмнеге артыкчылык бериш керек, кимге кошумча көмөк зарыл, мамлекеттин акчасын кайсыл тарапка көп сарпташ керек деп талашып тартышат.

Бирок эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө билим берүү боюнча суроо: каерде окуш керек дегенден башталат.

Бириккен улуттар уюмунун маалыматына караганда, соңку ондогон жылдар ичинде жакыр өлкөлөрдө мектептерде орундарды түзүү боюнча жылыштар дээрлик болгон жок.

Билим берүүнүн сапаты дагы чоң көйгөй. Уюмдун кызматкерлеринин айтымында, мунун масштабы үрөй учурат. Дүйнөдө 600 миллионго чукул бала мектепке барганы менен иш жүзүндө эч нерсе үйрөнүшпөйт.

Батыш өлкөлөрүндө академиялык жетишкендиктери боюнча кыздар балдардан озуп кеткен учурлар болот. Жакыр чөлкөмдөрдө, өзгөчө Африка өлкөлөрүндө кыздар артта калган жана көп учурда мектепке такыр барышпайт.

Кыздардын Эл аралык күнүнө карата БУУнун демилгеси менен One Campaign кайсыл жерде кыздар үчүн билим алуу татаал экенин көрсөткөн рейтинг түздү.

Жаңжал жүрүп жаткан аймактар

Нигер: Беш аялдын төртөө сабатсыз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нигер: Беш аялдын төртөө сабатсыз.

Он өлкөдө балдардын көпчүлүгү, анын ичинде кыздарды билим алууга мүмкүнчүлүгү жок.

Бул өлкөлөр саясый экономикалык оор кырдаалда, көпчүлүк бүлөлөр жакырчылыктан кыйналып, илдет жана чала тамактануу азабын тартып, ошондой эле жайкын тургундар көп учурда согуштук жаңжалдардан качууга аргасыз болушат.

Мындай өлкөлөрдө көпчүлүк кыздар мектепке баргандын ордуна жумуш кылышат. Жашы жетелек туруп турмушка чыккандар бар.

БУУнун маалыматтары көрсөтүп тургандай, жаңжал жүрүп жаткан аймактарда кыздар эки эсеге көп билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган кырдаалга туштугат.

Түштүк Судандагы согуштан качкан качкындар.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түштүк Судандагы согуштан качкан качкындар.

Айрым өлкөлөрдү, айталы Сирия сыяктууларды рейтинг тизмесине киргизүү үчүн алынган маалыматтар жетишсиз болуп калды.

Кайсыл жерде кыздардын билим алуусу кыйын:

  • 1. Түштүк Судан: дүйнөдөгү жаңы өлкө зомбулук менен согушту башынан кечирди. Көптөгөн мектептер урап калган, көп бүлөөлөр үйлөрүн таштап качып кеткен. Дээрлик кыздардын төрттөн үчү ал тургай башталгыч мектепке бара албай калышат.
  • 2. Борбордук Африка республикасы: 80 окуучуга бир мугалим.
  • 3. Нигер: 15 жаштан 24 жашка чейинки кыз-келиндердин 17 пайызынын сабаты жоюлган эмес.
  • 4. Ооганстан: көзгө көрүнгөн гендердик теңсиздик -кыздарга караганда балдардын мектепке баруу мүмкүнчүлүгү чоң.
  • 5. Чад: Билим алуу үчүн көптөгөн социалдык жана экономикалык тоскоолдуктар бар.
  • 6. Мали: башталгыч мектепти 38% пайыз гана кыздар окушат.
  • 7. Гвинея: 25 жаштан жогору кыз-келиндердин билим алуу убактысы бир жылдан ашпайт.
  • 8. Буркина-Фасо: бир пайыз гана кыздар орто мектепти бүтөт.
  • 9. Либерия: башталгыч класстардагы кыздардын үчтөн экиси мектепке барышпайт.
  • 10. Эфиопия: беш кыздын экөө 18 жашка чейин турмушка чыгат.
Чаддагы качкындар: жаңжал миллиондогон балдарды билим алуудан ажыратты.

Сүрөттүн булагы, UNICEF

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чаддагы качкындар: жаңжал миллиондогон балдарды билим алуудан ажыратты.

Мугалимдердин жетишсиздиги жакыр өлкөлөрдөгү кеңири жайылган маселе. Докладда кыздардын билим алуусу экономикалык дивиденттерди алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

One Campaign президенти Гейл Смит кыздардын билим алуусун байланыштуу маселени глобалдык кризис деп атады.

«130 миллионго чукул кыздар мектепте билим алууга жетише элек. Бул деген эл аралык коомчулуктун прогресивдүү катмарында жок 130 миллионго чукул потенциалдуу инженерлер, ишкерлер, мугалимдер, саясатчылар»,-деп билдирди. (AbA)

Флоренс Чепту 60 жашында небереси үйүнө китеп алып келгенде гана окуганды үйрөнгөн.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Флоренс Чепту 60 жашында небереси үйүнө китеп алып келгенде гана окуганды үйрөнгөн.