Мурунку жана азыркы Алеппо

Сириядагы экинчи ири шаар Алеппо бир нече жыл мурун экономика жана өндүрүш борбор эсептелчү. Ошондой эле туристтердин агымы тыйылбаган, меймандос шаар болчу.

Төрт жылга созулган согуштан кийин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген шаардын байыркы бөлүгү урандыга айланды. Көтөрүлүшчүлөр Алеппонун чыгыш бөлүгүн таштап чыгып кетип жаткандан кийин шаар толугу менен өкмөттүк күчтөрдүн колуна өттү.

Цитадель

XIII кылымда курулган Алепподогу бекем чеп шаардын негизги символдорунун бири эле. Азыр бул дубалдын беттеринен согуштун издери көрүнүп турат.

Башар Асаддын армиясы бул чепти коргонуу катары колдонушуп, ошондуктан көтөрүлүшчүлөр тарабынан тынымсыз аткылоолого кабылган.

Алепподогу Улуу мечит: 2010-жылдын 6- октябры, 2016-жылдын 17-декабры.

Великая мечеть Алеппо до и после войны

Эски чептин батыш тарабында Алепподогу Улуу мечит жайгашкан. Бул мечит VIII жана XIII кылымдар аралыгында курулуган. Анын 45 метр бийиктиктеги мунарасы үч жыл мурун талкаланган.

Чиркөө жана Аш-Шибани мектеби

XII кылымга таандык чиркөө жана Аш-Шибани мектеби. Көптөгөн реставрациялык иштерден кийин бул жай маданий иш-чараларды жана көргөзмөлөрдү уюштурууга кызмат кылып келе жаткан борбор болуп калган.

Азыр бул борбор катуу талкаланган, аны кайра калыбына келтирүү зарыл.

Хаммам аль-Нахасин: 2010-жыл 6-октябрь, 2016-жыл 17-декабрь

Турецкие бани хаммам до и после войны

Сүрөттүн булагы, Reuters

Хаммам аль-Нахасин XIII кылымга таандык. Эски базардын чок ортосунанан орун алган. Согушка чейин бул эркектердин мончосу туристтер арасында популярдуу болчу.

Шаба-Молл соода борбору: 2009-жыл 12- декабрь, 2014-жыл 16-октябрь

Торговый центр Шаба-Молл до и после войны

Сүрөттүн булагы, Reuters

Алеппонун бир эле байыркы бөлүгү жабыр тарткан жок. Айыгышкан кармаштардан жабыр тарткан соода борбору.

Бул жайды кандайдыр бир мөөнөткөн өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган экстремисттик топ түрмө катары пайдаланган. Андан соң бул жайды "Фронт ан-Нусра" экстремисттик тобу басып алган.