БУУ Сириядагы аскер кылмышын иликтөө үчүн штаб түзөт

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY
БУУнун Башкы Ассамблеясы Сириядагы эл аралык укуктардын бузулушу, аскер кылмышы жана анын ичинде адамзатка каршы кылмыш болгонбу деген маселени иликтөө үчүн атайын штаб түзүү сунушун добушка койду.
Ассамблеяга мүчө 105 өлкө резолюцияны колдоп добуш берди. Ал эми он беш өлкө, анын ичинде Орусия, Сирия, Иран, Кытай, Куба жана Венесуэла каршы болду. 52 өлкөнүн өкүлдөрү добуш берүүдөн карманды.
Бул штаб БУУнун калкалоосу алдында Сирияда эл аралык гуманитардык укуктардын бузулушу боюнча документтерди жыйнап, көз карандысыз иликтөө жүргүзөт.
Сириядагы окуяларды иликтөө үчүн 2011-жылы түзүлгөн көз карандысыз эл аралык комиссия менен аталган штаб биргеликте иш жүргүзөт деп айтылды.
Резолюциянын автору Лихтенштейн менен Катардын өкүлү болгон. Лихтенштейндин БУУдагы өкүлү Кристиан Венавесер резолюция Сириядагы окуяларга байланыштуу жүрүп жаткан БУУнун иштерин координациялоодо олуттуу кадам болот деп үмүттөнүп турганын айтты.
Ал эми БУУдагы Сириянын өкүлү Башар Жафари муну кийгилишүү катары мүнөздөп, конфиликти чечүүгө түздөн-түз коркунуч жараткан чечим деди.








