Алеппо чыгышындагы эвакуация токтотулду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жайкын тургундар менен көтөрүлүлүшчүлөрдү чыгыш Алепподон алып чыгуу убактылуу токтотулганын маалымат каражаттар жазууда.
Сириянын өкмөттүк телеканалы көтөрүлүшчүлөр өздөрү менен бирге туткундарды алып чыгууга аракет кылып, келишимдин шарттарын бузду деп маалымдаган.
Көтөрүлүшчүлөр болсо Cириянын армиясы колдоп жаткан шийит кошуундары эвакуация кылып жаткан автобустарга ок атканы айтып жатат.
"Менин болжолумда операцияны токтотуу боюнча буйрук райондогу кырдаалга байкоо салып жаткан орустар тарабынан болду окшойт",-деп билдирди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Элизаббет Хофф.
Буга чейин Орусиянын коргоо министрлиги орус аскерлери эквакуация жүргүзүп жаткан унаа кербендерин коштоп жатканын билдирген болчу.
Жума күнгө караган түнү Алепподо көтөрүлүшчүлөрдү жана жайкын тургундарды эвакуациялоо операциясы башталган. Буга чейин Кызыл чырым эл аралык комитетинин өкүлү түн ичинде ок атышпоо тууралуу келишим бузулган жок деп айткан. Деген менен он миңдеген кишилер шаарды таштап чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк күтүп, кезекте турганын билдирген эле.
Рейтер кабарчысы качкындарды жөнөтүп жаткан аймактан алыс эмес жерден төрт жолу жардыруунун үнү угулганын кабарлады.
Орусиянын коргоо министрлигинин маалыматына караганда, эвакуация башталган бир сутка ичинде 6462 киши, анын ичинде үч миң согушкер чыгарылган.
Алеппонун чыгышы төрт жылдан бери көтөрүлүшчүлөрдүн көзөмөлүндө болуп келген. Сириянын өкмөтү шейшембиде шаарды толук көзөмөлүнө аларын билдирген болчу. Бирок ок атышпоо келишим бузулуп кеткенден кийин ок атышуулар кайра жанданган. (AbA)












