Алепподо көтөрүлүшчүлөрдү эвакуациялоо башталды

Алеппо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Би-Би-Синин араб кызматынын берген баасы боюнча шаардын чыгышында болжолу 50 миң чамалуу жайкын тургун жана 400дөй көтөрүлүшчүлөр бар.

Сириянын Алеппо шаарында куралдуу көтөрүлүшчүлөрдү эвакуациялоо операциясы башталганын маалымат каражаттары өкмөттүк аскерлерге шилтеме берип жазууда.

Башында эвакуация шаршембиде жүрөт деп айтылган болчу. Бирок шаарда кайрадан ок атышуулар орун алгандыктан план үзгүлтүккө учураган.

Сирия өкмөтүнүн ысымын жашырган өкүлүнө шилтеме берген Рейтер агенттиги: "Алеппонун чыгышындагы куралдуу кишилерди чыгаруу операциясы башталды»,-деп жазды. Ассошиэйтед пресстин булагы шаарда согушкерлерди чыгарып кетүүгө даярдыктар башталганын жазды.

Сириядагы каршылашкан тараптарды жараштыруу боюнча орусиялык борбор бул маалыматты тастыктаган. "Сириянын өкмөтү Алеппонун чыгыш кварталдарын таштап чыгып кетүүгө камынган бардык куралдуу топтордун мүчөлөрүнүн коопсуздугуна кепилдик берет»,-деп белгиленген билдирүүдө. Ошондой эле «бул Орусия президенти Владимир Путиндин тапшыруусу менен болуп жатканы» айтылат.

Билдирүүдө согушкерлерди чыгарып кетүү үчүн 20 автобус жана 10 тез жардам унаасы даярдалып, Идлиб багыты боюнча атайын коридор ачылганы көрсөтүлгөн. Мындан мурун ливандык "Хезболла" тобуна таандык телеканал Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө көмөк көрсөтүп жаткан топтун аскерлеринин билдирүүсүнө таянып, сүйлөшүүлөрдө эвакуациялоо планы ишке ашканын маалымдаган.

"Хезболла" маалыматы боюнча согушкерлерди Алеппонун түштүк-чыгышындагы Хан-Туман калктуу конушу аркылуу алып чыгып кетишет. Кызыл чырым эл аралык уюму согушуп жаткан тараптар шаардан жарадарларды алып чыгып кетүү боюнча кайрылшканын билдирди.

Буга чейинки Орусия менен Түркиянын ортомчулугу менен жетишилген ок атышпоо келишими күчүнө кирери менен эле жокко чыккан. Жайкын тургундарды эвакуациялоо шаршембиде жергиликтүү убакыт боюнча таңкы беште башталмак. Тараптар согушттук аракеттерди кайра жандантты деп бири-бирин күнөөлөдү.

Би-Би-Синин араб кызматынын берген баасы боюнча шаардын чыгышында болжолу 50 миң чамалуу жайкын тургун жана 400дөй көтөрүлүшчүлөр бар. (AbA)