Алепподо согуштук оор техника колдонулган салгылашуулар кайра жанданды

Согуштун тыныгуусу бүтүп Алепподо салгылашуулар жанданды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Согуштун тыныгуусу бүтүп Алепподо салгылашуулар жанданды

Сириянын Алеппо шаарында мамлекеттик күчтөр жана оппозициячыл топтордун ортосундагы ок атышуунунун убактылуу тыныгуусу аяктап, айыгышкан тирешүүлөр кайрадан жаңыланды. Бул билдирүүлөр Сириялык жана Орусиялык байкоочулар тарабынан тастыкталды.

Алепподо согуштук оор техника колдонуу менен айыгышкан согуш кайрадан жанданганы "Франс-пресс" агенттиги Алеппонун чыгыш районундагы өзүнүн кабарчысына таянып, билдирүү жасады.

Анын айтымында, атышуулар учурунда жабыр тарткандардын арасында жайкын тургундар да бар.

Сириялык мамлекеттик телевидение козголоңчулар жасаган чабуулдардын натыйжасында алты адам курман болгонун кабарлады.

Улуу Британияда жайгашкан адам укуктарына байкоо жүргүзгөн борбор Алепподо жаңы кагылышуулар жүрүп жатканын тастыктап, тирешүүлөрдө авиация колдонулуп жатканын билдирди.

'Аябагандай катуу кармаш болуп жатат, согуштук оор техника алынып келинген... Согуштун тыныгуусу бүтүп калгандай сезилет', - деди аталган борбордун жетекчиси Рами Абдулрахман.

Сирия мамлекети Алеппону толук каратып алуунун акыркы аракеттерин жасоодо. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Алеппонун чыгышындагы оппозициячыл топтордун тирешүүсү дагы эки-үч күнгө уланаарын билдирди.

Акыркы төрт жылдан бери Сириянын Алеппо шаары камоодо калып, касташкан тараптардын ортосунда бөлүнүп келди. Шаардын батыш жагында өкмөттүк күчтөр ээлик кылып жатканда анын чыгышында оппозициячыл топтор бекинип турушат.

Миңдеген жайкын тургундар курчалып калган аймакта камалып калышты. Ушундай оор тагдырды башынан өткөргөн миндеген адамдардын бири Абделкадер Хабак ал жерден эмнеге чыгып кете албай жаткандыгы тууралуу Би-Би-Сиге айтып берди.

“Алепподо болуп жаткан кырдаал абдан оор. Биз көз ачып жумгуча эле өлүп калышыбыз мүмкүн. Жайкын тургундар ар убакта киши колдуу болуп кетиши ыктымал. Адамдар шаардын абдан кичинекей аймагында жашынып калышкан. Болгону 4 же 5 кварталдай жерди ээлешкен. Ал жерден чыгып кеткен кишилер мамлекеттик өткөрмө пункттарда дароо кармалып жатат. Көтөрүлүшкө катышы бар деген адамдарды коопсуздук кызматкерлери кармап кетүүдө. Алардын көпчүлүгү бул дүйнө менен кош айтышкан. Алардын ким экенин да билбейбиз”,-деди Абделкадер Хабак. (UA)