Түркиядагы Көчмөндөр оюндары: күчтүү билектер жана тилектер

    • Author, Кабыл Макешов
    • Role, спорттук баяндамачы, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Түркиянын Изник шаарында IV Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталаарына саналуу гана сааттар калды. Түркия кыргыздардай эл аралык деңгээлде өткөрө алышаар бекен деп дүйнө коомчулугу кулагын түрүп турган учуру...

Бул оюндар 2022-жылдын 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин уланат. Түркиялык жалпыга маалымдоо каражаттарында бул оюндарга дүйнө жүзүнөн 102 өлкөдөн үч миңден ашуун спортчу жана 300 миңден ашуун коноктор күтүлүп жатканы жазылууда. Оюндардын ачылыш аземине көп өлкөлөрдүн президенттери расмий чакырылганы да айтылууда. Учурда даярдыктар аяктап, жалпы аянтчасы 473 миң чарчы метр болгон беш миң көрүүчүгө ылайыкталган трибуна курулуптур. Мындан тышкары, жаа атуу, күрөш боюнча да спорттук имараттар салынганы маалымдалууда.

Ошондой эле катышуучулар үчүн тамактануучу жайлар, салттуу кол өнөрчүлүк менен келгендердин жолугуша турган этно базары, меймандар эс алышып, жайма-жай отуруп аңгемелешүүчү жайлар курулганы Түркиянын жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылып жатат. Аламан байге, көк-бөрү баш болгон ат спорт түрлөрү үчүн 500 атты тейлеп, бага турган аткана да даярдалып, жаа атуу үчүн дагы машыга турган жайлар жасалганы маалымдалдууда.

Көчмөн элдерге таандык күрөштүн бир нече түрлөрү (арасында алыш күрөшү да бар), ат оюндары (жирит, көк-бөрү, көк-пар жана башкалар) салттуу жа атуу баштаган спорттун кырктан ашык түрү боюнча мелдештер курч мүнөздө өтөөрү айтылып жатат. Көчмөндөр оюнун алкагында маданий программага, фестивалдарга айрыкча орун берилээри күтүлүүдө. Анда «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалын уюштуруу да каралган. Көчмөн элдердин каада-салты, үрп-адаттары, кол өнөрчүлүктөрүн дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүүгө абдан жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт деген ишеним бар.

Оюндун салтанаттуу ачылышына жана жабылышына Түркиянын эң мыкты режиссерлору, сценаристтери тартылып жатканын ТүркСой уюмунун башкы катчысы Султан Раев да расмий билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган жана Түркиянын спорт жана жаштар министри Мехмет Мухарам Касапоглунун теңтөрагалыгында Изник шаарында өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун уюштуруу комитети даярдыктар шайма шай экендигин билдирүүдө.

Билал Эрдоган Изник шаары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө тандалганы кокустан эместигин белгилеп жүрөт.

Биринчиден, шаар көл жээгинде жайгашып, Ысык-Көлдү эске салмакчы. Экинчиден, анын аймагында биздин доордун экинчи миң жылдыгынын башында бул шаарды алуу учурунда курман болгон кыргыз жоокерлери үчүн эстелик Мемориалы орун алганы тарыхый зор окуя катары белгилүү.

Эл аралык ири долбоор

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул Кыргызстандын эл аралык ири долбоору. Көчмөндөр оюндары 2014-2018-жылдар аралыгында үч ирет зор салтанат менен Кыргызстанда өткөн. Соңку ирет 2018-жылдын 2-8-сентябрында Ысык-Көлдө уюштурулуп, кийинкисин өткөрүү милдетин, эстафетасын Түркия алган.

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Казакстандын ошол учурдагы президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Фуджейра Эмиратынын канзаадасы Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки катышкан.

Ысык-Көлдө 2018-жылы өткөн III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына сексенден ашуун өлкөдөн спортчулар катышып, бир катар өлкөлөрдүн улуттук спорт түрлөрү дагы жадыбалга кирип, мелдештерге үч миңден ашуун спортчу катышып, этноспорттун 37 түрү боюнча өткөн. Маселен, түркиялык, жапониялык, тажик, корей, монгол, азербайжан, иран жана башка элдердин этноспортунун түрлөрү кирген.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын талисманы - Ак илбирс болуп, ал эми урааны: "Күч биримдиги-рух биримдиги" деп аталган. Жалпысы болуп 600гө жакын медалдар ойнотулуп, мелдештер курч мүнөздө, атаандаштык маанайда өткөн.

Түркияда 2020 жана 2021-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары COVID-19 пандемиясынан улам убактылуу жылдырылган. Маалыматка ылайык, бул чечим түрк тилдүү мамлекеттердин жана элдердин жалпы мурасына татыктуу деңгээлде IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу, спортчулардын жана бардык катышуучулардын ден соолугун коргоо максатында кабыл алынган.

ЮНЕСКОнун тизмесинде

Көчмөндөр оюндарында спорттун этникалык түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештер өткөрүлөт. Мелдештин негизин Борбор Азиянын байыркы көчмөн элинин оюндары түзөт. 2021-жылдын декабрында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.

IV Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарынын Түркияда өтүшү бир канча пайдалуу жагдайды түзөт дешет адистер. Биринчиден, түрктѳр боордош калктардын оюндарын жакындан таануу, үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болмокчу. Анадолу калкынын аталган оюндарды жакындан таанып-билүүсү, алардын башка түрк тектүү мамлекеттер жана жердиги көчмөн калктары менен жакындашуусуна, эл достугуна салым кошот деген ишеним, үмүт жанып турат.

5000 спортчу катышат

Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндары түркиялыктарга ѳздѳрүн дүйнѳгѳ таанытууга абдан ыңгайлуу болмокчу. 2018-жылы кыргыз жергесинде ѳткѳрүлгѳн оюндарга үч миңден ашуун спортчу катышса, быйыл Түркиянын Изник шаарында боло турган оюндарга эң аз дегенде 5000 спортчунун катышары күтүлүүдө.

Эгерде бул ирет Араб өлкөлөрүндөгү жана Африкадагы кѳчмѳндѳрдүн спорт оюндары кошулса, Көчмөндөр оюндарынын деңгээли дагы бийиктемек. Түркия буга чейин оюндарга кошулбаган мамлекеттерди IV Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарына чакыруу аркылуу бул мамлекеттер менен мамилелерин ѳнүктүрүүгө ыңгай түзүлмөкчү.

Бейрасмий улуттар уюму

Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндары кышкы жана жайкы олимпиадалар менен тең тайлаша ала турган дараметке ээ экендигин спорт адистери дагы айтып, моюнга алып жүрүшөт. Ошондуктан кыргыз жергесинде 2018-жылы өткөн дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндары мѳңгү суусу куюлган кѳѳкѳрдү символ кылуу менен климаттын ѳзгѳрүүсү деген көйгөй менен күрѳшкѳн дүйнѳгѳ жаңы оригиналдуу пикир бергенин адистер учурунда жогору баалашкан эле. Балким, Түркиядагы Көчмөндөр оюндарына келген мамлекеттер дүйнѳнүн ар тарабында бүтпѳгѳн кѳйгѳйлөрдү, согуштарды муздак мѳңгү суусун чачуу аркылуу ѳчүрүп, тынчтыкты, боордоштукту жана мурасты улантууга аракет кылышаар деген үмүт, тилек бар. Ушундай жөрөлгөнү алар аткара алышаар бекен?!

Менин жеке пикиримде Түркия IV Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарынын ачылыш аземине ѳлкѳ лидерлерин чакыруу аркылуу бейрасмий Бириккен Улуттар Уюмунун жыйыны ѳткѳрсѳ болчудай. Бул аркылуу БУУ учур талабындагы эң көйгөйлүү маселелерин жаңы бир платформада күн тартибине алып чыгуу мүмкүнчүлүгү жаралмак деген ойдомун.

Аталган иш-чара Түркий элдер уюмунун эл аралык аренадагы позициясынын чыңдалышына салым кошот деген ишеним чоң. Бул уюм аркылуу түркий элдүү республикалар ѳзүнүн үнүн башкаларга дагы оңой жеткире алаар эле.

100 миң турист-көрүүчү

Кыргызстандагы 3-Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарын көрүү үчүн 60-70 миң турист келген эле. Түркиянын жайгашкан географиялык орду ыңгайлуу болгондуктан, Изниктеги оюндарга 100 миңдей турист келип, көчмөндөрдүн мурасын көрүшү мүмкүн. Кѳчмѳндѳр оюндары Түркиядагы туризмге жаңы дем бермекчи.

Көчмөн маданиятынын жетишкендиктери

Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарында маданий иш-чаралар да ѳткѳрүлүп келе жатат. 4-Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарынын алкагында Түркия кыргыз элинин улуу мурасы "Манас" дастанын айтууга көңүл бурганы кубанаарлык көрүнүш. Мындай жөрөлгөлөрдүн салтка айланышын колдон чыгарбоого аракет кылуу зарыл.

Түрк тарых коому же болбосо башка ушундай институт Түрк академиясы менен биргелешип 4-Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндары алкагында чоң илимий шерине, конференция уюштурса мыкты болмок. Кѳчмѳн цивилизациясындагы түрктѳрдүн орду жана кѳчмѳн философиясынын адамзат цивилизациясына кошкон салымы жана келечекке пайдасы боюнча дүйнѳнүн алдыңкы илимпоздорун, философторун чогултуу Түркияга зор пайда алып келмекчи.

Оюндарды көрсөтүү

Кыргызстанда өткөн соңку 3-Дүйнөлүк кѳчмѳндѳр оюндары 60 мамлекетте түз эфир аркылуу көрсөтүлүп, 56 ѳлкѳдѳн 604 журналист оюндарды жеринен чагылдырышкан эле. Түркиянын Изник шаарындагы оюндар жүздѳн ашуун мамлекетте түз эфир аркылуу кѳрсѳтүлүп, жүздѳн ашуун мамлекеттен журналисттер иш-чараны чагылдырат. Ошондо Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндары дүйнѳлүк деңгээлдеги иш-чарага айланат.

Мелдештин түрлөрү

Түркияда көчмөн оюндарынын расмий сайтында этноспорттун 40 ашык түрү боюнча мелдештер өтөт деп жазылган, бирок конкреттүү түрдө жыйырмадай гана түрү көрсөтүлгөн, анын ичинде Көкбөрү жана казактардын Көкпар оюну, жаа атыш, алыш күрөш, казак күрөш сыяктуу күрөштүн улуттук түрлөрү ж.б

Көчмөндөр оюндарынын башатында турган кыргыздардын улуттук спорт түрлөрүнөн үчөө гана ( көк-бөрү, алыш күрөшү, жаа атуу) жадыбалга кирди. Мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында кыргыздардын спорт оюндарынын жети түрү жадыбалга киргени маалымдалып, спортчулар даярдык көрүшкөн эле. Көчмөндөр оюндарына эр эңиш, ордо, кыргыз улуттук күрөшү, тогуз коргоол жана көчмөндөрдүн улуу күрөшү кирбей калганы өкүнүчтүү...

Эми болсо кыргызстандык көпчүлүк спортчулардын деми сууп турган учур. Мурда 300 ашуун спортчу барат деп айтылса, учурда Кыргызстандан жүздөй спортчу гана Түркияга баратат.

Ал түгүл табында турган отуздай көк-бөрүнүн аргымактары да жетпей калды. Түркияда кыргыздар мурда кийин көк-бөрүгө түшүп көрбөгөн аттарды ижарага алмак болгону айтылууда. Көчмөн элдердин орток мурастарын, баалуулуктарын, спорт түрлөрүн дүйнѳгѳ таанытуу менен элдер ортосундагы достук, кызматташтык мамилелерди чыңдайт деп өзүбүздү соортотуп туралы. Түркия өлкөсү көчмөндөр оюндарынын шарапаты менен дүйнөдөгү бардык түрк калктары үчүн маанилүү борборго айланса деген аруу тилек бар. Балким, бул оюндарды эл аралык деңгээлде өткөрүп алышса, Стамбул шаарында жайкы олимпиадалык оюндардын оту жанса деген тилектебиз.

Дүйнөлүк улуу мурас

Чынында Көчмөндөр цивилизациясы дээрлик миңдеген жылдардын тарыхын камтыйт. Тынч океандан тартып Европага чейинки аймакты, Борбордук жана Чыгыш Азияны, Кичи Азияны жана Жакынкы Чыгышты бириктирген улуу мурас. Мындай зор мейкиндикти көчмөндөр гана өздөштүрө алган. Көчмөн дүйнөсү жүздөгөн элдерди бириктирип турат. Алардын маданияты, дүйнө таанымы кайталангыс өзгөчөлүктөргө ээ экенин окумуштуулар иликтеп, изилдеп жүрүшөт.

Көчмөндөр цивилизациясы дүйнөлүк өнүгүү процессинде да чоң вазийпа аткарганы маалым. Батыш менен Чыгыш маданиятын ширетип, адамзаттык тарыхта дүйнөнү өзгөрткөн, жаңылануу нугуна бурганы тарыхый факты. Көчмөн маданияты адам менен табияттын жуурулуп жашоосун өзгөчө баалуулукка айлантканы айтылып келет. Көчмөндөрдүн башкы философиясы материалдык жана руханий тең салмактуулукта болуунун маңызын көрсөтүп келүүдө. Ушундай улуу мурасты Түркия мамлекети татыктуу деңгээлде өткөрөт деп ишенип туралы.