You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Көчмөндөр оюндары: Кыргыздын көкбөрүчүлөрү аттары жок кеттиби?
Түркияда башталуу алдында турган Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын көкбөрү командасы өзүнүн аттарын алпара албай калды. Анын ордуна Түркиядан 24 ат жалдап алмай болду. Бул кыргыз көкбөрүчүлөрүнүн оюнуна, даярдыгына канчалык кесепети тиет?
Көкбөрү командасы өзүнүн жулкунган, үйрөтүлгөн аттарын алпарбай калганын Би-Би-Сиге маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өзү ырастады. Анын айтымында, Түркиядан 24 атты жалдап алуу жөнүндө чечим болду.
Аттардын Түркияга жетпей калганынын себеби, алардын тийиштүү документтерин даярдоо жана учак менен алып кетүү маселеси убагында чечилбей калды. Анын себеби акчага барып такалганын журналист Самат Жумакадыров дагы Фейсбукта жазды.
"Түркияга алып барып келгенге самолетко 300 миң доллар керек экен, ошол жерге келгенде өкмөт какады",-деди ал.
Андан мурда Би-Би-Си Кыргызстандын көкбөрү боюнча курама командасынын Бишкектеги өкүлдөрүнө жолугуп, көчмөндөр оюнуна бара турган аттарын көрүп келген.
Кабарчыбыз Абдыбек Казиев кыргыз аттары биринчи жолу учакка түшөт экен деп кудуңдап сүйүнүп, "Асман жиреген аргымактар" деген аталыштагы сюжетин даярдап жаткан.
Эми бул жаңылык Көчмөндөр оюндарында кыргыздардын көкбөрү командасы кандай оюн көрсөтөт деген кейиштүү суроону көтөрүүдө. Анткени, Кыргызстанда көкбөрүгө атайын үйрөтүлгөн аттар менен чыгып ойноп жүрүшкөн. Эми мындай оюнга таптакыр чыгып көрбөгөн аттар менен кыргыз командасы кандай оюн көрсөтөт?
Көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитети чоң талкуудан кийин кыргыздардын "Көкбөрү" оюну дагы, казактардын "Көкпар" оюну боюнча дагы өз өзүнчө мелдештер өткөрүлмөй болуп чечилген. "Көкбөрү" боюнча да, "Көкпар" боюнча дагы кыргыздардын негизги атаандашы казактар экени белгилүү.
Кызык жери, казактардын көкбөрү командасынын аттары дагы Бишкек аркылуу учкан учак менен жеткирилмек, бирок алардын дагы аттарын Түркияга жеткирүү ишке ашпай калганы кабарланууда. Бул кайсы бир деңгээлде кыргыздардын көңүлүн жубатат, анткени эки команданын тең шарты, даярдыктары теңелип калууда.
Ошондой болсо дагы Кыргызстандагы тийиштүү командалар, спорттук уюмдар, мамлекеттик органдар эмнеге ушул маселени убагында чечпей жүрүп алышкан деген чоң суроо турат. Көчмөндөр оюндары Түркияда өтө турганы беш жыл мурда эле жарыяланган. 2021-жылы пандемиядан улам өтпөй калып, быйыл болгону жатат. (КС)