Ташиев: чагымчылдар көп болсо чек араны тактоо үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Social media
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Ташиев чек ара боюнча чечимдерге эл каршы чыкса, аягына чыкпай калуу коркунучу бар экенин айтты. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөт өкүлдөрү менен кыргыз-өзбек чек арасында жаңы такталган жерлер боюнча эл менен жолугуп жатат.
30-мартта Кадамжай районундагы жолугушууда Чечме жана Сох анклавы боюнча талкуу жүрдү. Өзгөндө Кара-Суу жана Сузактын тургундары менен Кемпир-Абад суу сактагычы тууралуу сөз болууда.
Ташиев берген маалыматка ылайык, Чечменин абалы эч өзгөргөн жок. Чечме булагы Кадамжайда кыргыздар менен өзбектердин чыр-чатагына себеп болуп келген.
"Ушуну чечип бергин. Дагы ошолордон таш жеп, орок жеп, найза жеп калган балдарыбыз өлбөсүн. 49га кирген балам таш катуу тийип өлүп калды. Үч баласы бар эле, келин алмакчы эле. Мен минтип ушул жерге көк кийип келишим керек эмес эле. Көктү кийип силерге келдим", -деди өкмөт өкүлдөрү менен жолугушууга келген чоң эне.
2020-жылы 31-майда Чечме айылынын тургундары менен Сох анклавынын жашоочулары арасында чыр чыккан. Расмий эсепке ылайык, Кыргызстан тараптан кеминде 25 киши жаракат алып, унаа, үй жайлар өрттөлгөн. Тургундар такталбаган аймакта жайгашкан Чечме булагын талашкан. Эки өлкөнүн өкмөттөрү эми сууну чогуу колдонуп, чыр-чатак болтурбоону сүйлөшкөнүн айтууда.

Сүрөттүн булагы, Social media
"Башка жерлерде миңдеген, жүз миңдеген адам жашап жаткан айылдар бар, - деди Ташиев. - Миңдеген гектар жерлер бар. Ошолордун дагы тагдырын чечиш керек болчу. Ошондуктан Чечме булагын биз мурдагы эле боюнча калтырдык. Мамлекеттер аралык келишим менен мурдагыдай кылып эле пайдаланып турабыз. Бирок өткөн жылдагыдай чоң конфликтти болтурбайбыз".
Бул жолугушууда Сох анклавына кирип чыгууга берилген уруксат да түшүндүрүлдү. 1-апрелден тарта посттор ачылып, өзбекстандыктар Сохко эркин кирип чыга алат.
"Өзбек тараптын бизге болгон суранычынын негизинде, эки президенттин жолугушуусунун негизинде Кайтмас-Өтүкчү постторун ачып, жөө адамдардын өтүшүнө, жеңил унаа менен өтүүгө жана 20 адамга чейин орундугу бар кичи автобустар менен кирүүгө уруксат бердик. Жүк ташуучу унаалар каттабайт", -деди Ташиев жергиликтүүлөргө. Маалыматка ылайык, Сох менен Өзбекстандын чектеш облусун бириктирчү жолдун узундугу 30 чакырым болуп кыскарып калат.
Ага карабастан жергиликтүү жарандарды тынчсызданткан учурлар көп.

Сүрөттүн булагы, Google map
"Мен Ак-Турпак айыл өкмөтүнөн болом. Орусияга көп каттадым, - дейт жашоочулардын бири. - Ал жака жетиш үчүн үйдөн чыгып Бишкекке барам, бул дээрлик 1000 чакырым. Эмне үчүн Сохтун эли 200 чакырымга кыйналат, биз 1000 чакырымга кыйналбайбыз? Эгер бизге Кайтмас посттон кирип, Риштан аркылуу Черниявка постунан Чымкентке чыгып кетсек 300 чакырым болот. Кайтмас постунан кирип Шамалды-Сайдан чыгып кетсек болот".
Камчыбек Ташиев азыркы сүйлөшүүлөр Өзбекстанга эркин кирип чыгууга жол ачып жатканын кошумчалады. УКМК төрагасы коомдо нааразылык, чагымчылдар көп болсо азыркы макулдашуулар үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертти.
Өкмөттүк топтун эл менен кийинки жолугушуусу Кемпир-Абад боюнча Өзгөндө өттү. Бул суу сактагыч көбүрөөк талкуу жаратып жаткан объект. Жолугушууга Сузак, Кара-Суу райондорунун тургундары да чакырылды.
Калган түшүндүрүү иштери Жалал-Абадда уланаары кабарланган. Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычы да Кемпир-Абад сыяктуу Өзбекстанга өтөт. Бирок өкмөт бул суулардын башкаруусу Кыргызстанда да болот деп жатат.
Депутат Анвар Артыков профилдик комитеттин мүчөсү катары Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттер баштаган сүйлөшүүлөргө катышкан. Анда да Орто-Токойду бирге башкаруу макулдашылганын айтты. Кемпир-Абад менен Орто-Токой Өзбекстанга расмий өтсө эмне өзгөрөт?
"Кыргызстан кантип башкарат? Плотина Өзбекстанда болуп, илгертен эле Өзбекстан башкарып келген. Ооба, эки тарап сүйлөшүп, суунун көлөмүн көзөмөлдөйт деген башка. Азыр макулдаштык, суу биз тарапты мурдагыдай каптап кетпейт деп жатпайбы. Бирок физикалык жактан башкаруу Өзбекстандын колунда болот. Мен билген боюнча Кемпир-Абад жайгашкан жер Кыргызстандын мүлкү болуп келген. Суу толгондо суунун үстү Өзбекстандын көзөмөлүндө эле. Суу тартылып кетсе жер биздики болуп калчу. Биздин жарандар ал жерден кум-сум алышчу. Бирок суу толгондо анын ичине кире алган эмес. Эми мен түшүнгөнүмө караганда, суу ээлеген жер дагы Өзбекстанга өттү окшойт. Мурда суунун алды Кыргызстанга карачу. Бирок келишимди көрө элекмин", - деди Анвар Артыков.
Аталган суу сактагычтар советтер союзу тарабынан Өзбекстандагы сугат үчүн Кыргызстандын аймагында курулган. Ошондон бери сууну Өзбекстан пайдаланат.
Кыргыз-өзбек чек арасы 1978 чакырымдан көп, анын 85 пайызы буга чейин такталганы кабарланган. Калган талаштуу жерлер 2021-жылы март айында расмийлердин кеңешмесинен кийин такталганы айтылып, протоколго кол коюлду.








