К.Ташиев: "Биз Өзбекстанга бир метр жерди берген жокпуз"

Сүрөттүн булагы, official
Кыргыз-өзбек чек арасынын чечилиши боюнча маалымат берүү үчүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев чек ара аймактарындагы эл менен жолугушууда.
Түшкө чейин Кадамжай районунун Бирлик айылында, Баткен районундагы Чечмеде болду. Өзгөндөгү акимчиликте өткөн жолугушууда Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы айтылды.
"Кемпир-Абад суу сактагычына толук суу толгондо 908 горизонталь болот экен. Ошол чекке жеткенде, суу биздин айылдардын үйлөрүнө чейин жетип турган учурлары болот. Ушундай убактар болгон. Ошол 908 горизонталь болгондо Өзбекстан Кыргызстандын 5737 гектар жерин ээлеп турган экен. Бул 70-жылдардан бери, элүү жылдан ашып калыптыр. Эми ошол жердин 4100 гектарын Өзбекстан бизге компенсация иретинде берген экен. Бизге дагы 1300 гектар жер карыз болуп турган. Биз келип караганда бүгүнкү абал ушундай экен. Биз не кылдык? Бизге эң башкысы суу сактагычтын тегерегиндеги элдердин жашоо-тиричилигине терс таасир тийгизген маселелерди чечишибиз керек болду. Ал үчүн сууну биз ылдыйлатышыбыз керек эле. Талашып-тартышып олтуруп 900 горизонталга түшүрдүк,-деди К.Ташиев. - Ошентип суу сактагычтын ээлеген аянты 4400 гектар болуп калды. Булар дагы 300 гектар бизге бериши керек эле. Биз сүйлөшүүлөрдөн кийин анын ордуна 1000 гектар ала турган болдук".
Айрым маалыматтарга караганда чек ара тилкесин тактоодо тараптар узак жылдар Кемпир-Абад суу сактагычы жана Гавасай аймагы боюнча орток пикир таба албай келген. Ала-Букадагы Гавасай аймагында 1950-жылдары 20 миң гектардын айланасындагы жер атайын чечим менен Кыргызстандан Өзбекстанга өткөрүлгөн экен. Бирок кыргыз тарап ал канчалык мыйзамдуу болгон деген суроону коюп келген. Кемпир-Абад суу сактагычы курулуп жаткандагы келишимдер боюнча Өзбекстан атайын канал куруп, Кыргызстандын бир нече гектар жерине суу жеткирип бермек болгон. Бирок ошол маселелердин көбү жасалбай, убакыттын өтүшү менен унутта калганы айтылып жүргөн. Чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов буга чейинки маектеринде муну бир нече жолу белгилегени бар.
УКМК төрагасы К.Ташиев бул суроолор боюнча кандай сүйлөшүлгөнүн айтты.
"Алар мурда аткарылбай калганын айтып, буга 5 миң гектар кошумча жер берүүгө макул болду. Суу жеткирип бербей калганыбыз үчүн кошумча берели деди. Биз макул болгон жокпуз. Акыры биз 8 миң гектарга көндүрдүк. Ушул Кемпир-Абаддын суусу үчүн Ала-Буканын Гавасай деген жеринен 8 миң гектар жер алдык. Союз учурунда көп жерлерди бере беришкен экен биздин айрым жетекчилер. Ошентип олтуруп Гавасайдан 19 миң 200 гектар өтө чоң жерди берип салган экен. Ал жерде азыркы күнгө чейин кыргыздар жашаган беш айыл бар. Алар билбейт, бул жерлер өтүп кеткенин. Ошолорго биз 8 миң гектар жерди алып бердик. Эми алар үйлөрүнөн көчпөйт. Эсиңерде болсо ошол жерлерде ок атылып, чек ара чатактары чыккан. Кемпир-Абад суу сактагычынын эсебинен 8 миң гектар жерди алып бердик".

"Орто-Токой суу сактагычы боюнча, 800 гектар биздин жерди суу басып турат. Биз аларга талапты койдук, 800 гектар биздин жерди суу басып турат. Ортодо-Токойдо 95%ын Өзбекстан колдонуп, 5%ын гана Кыргызстан алат. Кемпир-Абадда суунун 14 пайызын биз пайдаланат экенбиз. Ал жерде беш эле пайызын алабыз. Демек, ошол 800 гектардын ордуна жер беришиңер керек деген талапты койдук. Буга чейин алар 190 гектар жерди беришкен экен. Анан калганы калып кеткен экен. Алар калганын бересиңер десек, өзбек тарап айтып жатат, Көк-Серек, Баястан, Үнкүр-Тоо айылдарын көчүрүп чыккыла дейт. Карта боюнча ал айылдар Өзбекстандыкы, ачыгын айтыш керек. Суу сактагычтагы жер үчүн ошол айылдарды биз өзүбүзгө жаздырып алдык",-деди УКМК төрагасы К. Ташив.
Мындан сырткары Оштун Кара-Суу районундагы чек ара сызыгы дагы 100 гектар Өзбекстан тарапка жыла турганын белгилүү болду. К.Ташиев сүйлөшүүлөрдүн жалпы жыйынтыгы боюнча айтып жатып, 13 миң гектар талаштуу делген жер Кыргызстандын пайдасына чечилгенин белгиледи.
24-25-мартта Ташкентке Кыргызстандын УКМК төрагасы К.Ташиев баштаган делегация чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөттүк делегациянын соңку сүйлөшүүлөрүнөн кийин "чек ара маселеси 100%" чечилгени кабарланды. Бирок сүйлөшүү тыянактары кыргыз коомунда курч талкууларга жем таштап, ар кандай чечмеленүүдө. Ошондон улам өкмөт жер-жерлерге барып, өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинини жыйынтыгы боюнча түшүндүрүүнү чечкен.











