Н.Эсен: Бак-дарактарды коргоо мыйзамына колдоо керек

Сүрөттүн булагы, 24 kg
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Эко-активисттер соңку он жылда Бишкекте 15 миң түп бак-дарак кыйылганын белгилейт. Өзгөчө 2016-2017-жылдары аралыгында жылына 2500дөй бак-дарактар кыйылып кеткен. Жыл сайын жолду кеңейтүү шылтоосу менен дагы деле жүздөгөн бак-дарактар кыйылып келет, бул шаардын микроклиматынын өзгөртүп жатат дешет эксперттер.
Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясы тарабынан бак-дарактарды коргоо боюнча жаңы мыйзам долбоору демилгеленди. "Ак-Терек" экологиялык уюмунун башчысы, БУУ университетинин Экология боюнча программасынын стипендиаты Назгүл Эсен Би-Би-Сиге жаңы документти талдап берди:
Н.Эсен: 15 беренеден турган жаңы мыйзам долбоору абдан жакшы жазылыптыр. Себеби, буга чейинки "Өсүмдүктөрдү коргоо жөнүндө" мыйзамы менен шаардагы бак-дарактарды толугу менен коргоо мүмкүн эмес эле. Ал көбүнесе жапайы өскөн өсүмдүктөргө багытталган. Эми шаар ичинде өскөн бак-дарактарды сактоо үчүн мындай мыйзамдын жазылышы эң туура чечим болуп жатат. Документте жашылдандыруу процессин бир калыпка келтирүү аракети бар экен. Мисалы, бул үчүн атайын ыйгарымдуу орган түзүлүп, ал бак-дарактарды отургузуу планын иштеп чыгып, бул жааттагы саясатты тейлейт. Андан башка өзүнчө орган бул пландын ишке ашуусун көзөмөлгө алганы жатат. Жаңы мыйзам менен бакты мыйзамсыз кыйганга жоопкерчилик каралып жатат. Эми үй курам деген компания келе калып эле тал-терек кыйбай, алды менен муниципалитеттен уруксат сурайт. Атайын түзүлгөн комиссия жерине келип, ал жер тилкелериндеги бактарды кыйганга болобу же болбойду бүтүмүн чыгарып берет. Эгер кыйганга уруксат берген күндө да, ал жактагы тургундар менен бул маселени макулдашып, кыйса жаңы көчөт отургузганга милдеттендирет. Бул аябагандай жакшы нерсе.
Дагы маанилүү жери, шаарды жашылдандыруу боюнча бир эле органга монополия бербей, башка компанияларга да мүмкүнчүлүк берилет экен. Ар бир бак-даракка паспорт киргизилип жатат. Шаар ичинде канча бак өсөт, алар кандай акыбалда карап турганга мүмкүнчүлүк түзүлөт экен. Жаңы документ менен аны ар бир эки-үч жылда өткөрөбүз деген сунуш болуп жатат.
Би-Би-Си: Бул мыйзамга негизинен жакшы баа берип жатасыз, ошентсе да сизде документте суроо жараткан жагдайлар болдубу?
Н.Эсен: Бак-дарактарды камсыздандыруу деген жобо бар экен. Ал кантип жана кайсы орган аркылуу ишке ашат, бир аз түшүнүксүз болуп турат. Бул мыйзамды демилгелеп жаткан депутаттарга ушул боюнча суроолор пайда болду. Мисалы, биз Кыргызстанда керек болсо адамдардын өзүн камсыздандырууну жөнгө сала элекпиз да. Жакшы демилге, бирок аны ишке ашыруу механизми мага азырынча түшүнүксүз болду.
Би-Би-Си: Бишкекте кышкысын аба кирдеп, аны тазалоо үчүн көбүрөөк бак тигүү урааны көтөрүлүп келет. Шаарды жашылдандырууда кандай факторлорду эске алуу керек?
Н.Эсен: Биринчиден, биздин климатка ылайыкташкан, адаптациядан өткөн бак-дарактардын түрлөрү тандалышы керек. Ошондой эле ооруларга текшерилген таза бак-дарактар отургузулса жакшы. Мисалы, кээ бир оорулар дароо эле билинбейт, бак-дарактардын генетикалык оорулары болот, алар жыл өтүп чыгат. Бири-бирине зыян келтирбеген, чогуу жакшы өсө турган сорттор болсо жакшы. Шаардын жашыл планы деген болот, ошого төп келген бак-даракты отургузуу керек. Жашыл зоналар мекеме менен үйлөрдүн өзгөчөлүгүнө шайкеш келиши абзел. Мисалы, кээде бир кабаттуу эле үйлөрдүн маңдайына бийик жана жыш өскөн кустарниктерди тигип коюшат. Ошол эле убакта он кабаттуу мекем алдына кыска бойлуу кустарник отургузушат. Шаарда шамал, газ, транспорттон чыккан иске тоскоол боло турган бак-дарактарды отургузуу маанилүү. Өнөр-жай объектилери дейли, мисалы, ТЭЦтин жанына чаңды кармап калуучу, тазалоочу, жалбырактары ачык ажурная акрона өңдүү бак-дарактар керек. Кайың, ак терек, чынар деген дарактар фитонсед дегенди бөлүп чыгарып, адамдын ден соолугуна пайдалуу. Ошондой эле бак-дарактардын плюс жана минус заряддары болот, аны да эске алышса жакшы болот. Шаар ичине ылайыкташкан бак-дарактарга кленду киргизер элем, жалбырактары жазы келип, абадагы зыяндуу заттарды кармап калат.













