Кирешесинин 80 пайызын бак-дарак тигүүгө жумшаган ишкер

Christian Kroll

Сүрөттүн булагы, Shane Thomas McMillan

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кристиан Кролл Индияны кыдырып чыккандан кийин турмушун толугу менен өзгөртүп, айлана-чөйрөгө көңүл бурууга өткөн
    • Author, Сюзан Беарн
    • Role, Бизнес боюнча кабарчы

Би-Би-Синин The Boss (Босс) программасы дүйнөдөгү бизнес лидерлер жана алардын кызыктуу окуялары жөнүндө баяндайт. Бул жолу Ecosia издөө системасынын негиздөөчүсү Кристиан Кролл менен маекти сунуштайбыз.

Кристиан Кроллдун бир мүдөөсү бар - дүйнөнүн өзгөртүү, капитализм системасын реформалоо.

"Дүйнөнүн жашылдандыргым келет. Ошондой эле планетабызды талкалап жаткан ач көздүк системасына альтернатива бар экенин көрсөтүүнү көздөйм",-дейт ал.

35 жаштагы немис жигит Ecosia издөө системасын негиздеген. Ecosia аркылуу "Гугл" сыяктуу эле маалымат издесеңиз болот. Бирок бул компаниянын айлана-чөйрөгө жагымдуу модели бар. Себеби кирешенин көбү дүйнөнүн булуң-бурчунда бак-дарак тигүүгө колдонулат.

Saplings being watered in Kenya

Сүрөттүн булагы, Joshi Gottlieb

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Компания 15 мамлекетте жыйырмага чукул бак-дарак тигүү долбоорун колдоп келет

2009-жылы негизделген Ecosia жарнамалар аркылуу акча табат. Колдонуучу сайтка кирип маалымат издегенде жарнамалардын бирин басса, компанияга акча түшөт. Баса "Гугл" дагы дал ушул ыкма аркылуу акча табат.

Андан кийин Ecosia кирешесинин 80 пайызын бак-дарак тигүү үчүн жумшайт. Учурда компания Индонезиядан Бразилияга чейин жана Кениядан Гаитиге чейин 105 миллион бак-дарактын тигилишин каржылады.

Албетте, колдонуучулардын баары жарнамаларды баспайт. Компаниянын айтымында, 45 киши маалымат издесе орточо эсеп менен алганда 0.22 евро (26 АКШ цент) киреше табылат же бир бак-дарактын тигилиши каржыланат.

Берлинде жайгашкан Ecosia издөө системасын 15 миллион киши колдонот. Ага салыштырмалуу "Гуглдын" издөө тутумун күнүнө 5.6 миллиард киши колдонот. Бирок Кристиан амбициясын жашырбайт. Ал келечекте миллиондогон колдонуучуларды интернет баракчасына тартып, миллиарддаган бак-даракты тигүүнү көздөйт.

"Гуглдун" негиздөөчүлөрү Ларри Пейдж жана Сергей Бринден айырмаланып, Кристиан өзүнө кымбат унаа же кеме сатып ала албайт. Себеби бизнесин негиздеп жатканда, ишкер эки беренени документтерге кошуп салган - компанияда үлүшү бар кишилер менен кызматкерлер аны сатып, кирешесин Ecosia компаниясынан чыгарып кете албайт. Андан тышкары Кристиан "кемелер экологияны бузат, андан көрө үйлөтмө кайыкта жүргөн жакшы" деп айтууда.

The super yacht Senses

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кристиан кымбат кеме же башка байлыкка кызыкпайт

1985-жылы Чыгыш Германияда туулуп-өскөн Кристиан дайыма эле берешен болгон эмес. Өспүрүм кезинде эле ишкер баалуу кагаздар базарына кызыгып, инвестицияларын үч эсе көбөйткөн учурлар болгон.

Ал чириген байга айлангысы келип, университетке Бизнес башкаруу кесибине тапшырган. Бирок 18 жашында үч ай бою Индияны кыдыргандан кийин, Кристиандын дүйнөгө болгон көз карашы өзгөргөн.

"Индияны кыдырып жүрүп, өзүмдөн үч эсе акылдуу жаш балдарга кезиктим. Бирок алар Германияда туулуп-өспөгөндүктөн билим алууга, чоң компанияларда иштөөгө мүмкүнчүлүк алган жок. Ошондо дүйнөнү өзгөртүү керек экен деп калгам",-дейт Кристиан.

Университетте окуп жүргөн кезинде Кристиан интернеттеги жарнамаларды изилдеген. Google кантип миллиондогон доллар таап жатканын аныктаган. Ошондо Ecosia интернет баракчасын негиздөө идеясы туулган.

"Google алдыңкы бизнес моделди колдонуп жатканын түшүндүм. Ошол эле учурда издөө системасында атаандаштык жаратууга мүмкүнчүлүк бар экен. Бирок бир чоң айырмасы андан түшкөн кирешени бак-дарак тигүүгө жумшаса болот экен деп калдым",-дейт Кристиан.

Ghanaian farmer Makeda

Сүрөттүн булагы, Joshi Gottlieb

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бак-дарак тигүүдө сөзсүз түрдө жергиликтүү калк ишке алынат

2007-жылы университетти жыйынтыктагандан кийин Кристиан алты ай Непалда жашады. Алгач издөө системасын түзүп, акчаны кайрымдуулук уюмуна которуп турууну көздөгөн. Бирок андан майнап чыккан жок.

"Бизнести кантип башташ керек экенин билген эмесмин. Каражатым дагы тартыш болчу жана Непалда интернет менен электр жарыгы үзгүлтүккө көп учурайт экен".

Андан кийин 10 ай Түштүк Америкада жашап, бак-дарактардын кыйылышынын кесепетин көрүп, Ecosia компаниясын негиздөөгө шашкан. 2009-жылы Германияга кайтып келип, "эко" жана "утопиа" сөздөрүнөн турган компаниясын ачкан.

"Чынында техникалык билимим начар эле. Бирок досторумдун жана үй-бүлөмдүн жардамы менен компанияны негиздедим",-дейт ал.

Учурда Ecosia компаниясында жетимиш киши иштейт жана ай сайын кирешесинин отчетун сайтка ачык чыгарып турат. Өткөн жылы 19.3 миллион евро ($22.8 млн.) киреше тапкан. Салыктарды төлөгөндөн кийин 14.5 миллион евро колуна тийген.

Cashew tree seedlings being grown in Ghana

Сүрөттүн булагы, Joshi Gottlieb

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кешью сыяктуу дарактар тигилгенден кийин, жергиликтүү эл анын түшүмүн жыйнап жана сатып оокат кылышууда

Компания электр энергиясын жашыл технологиялар аркылуу жаратат жана издөө системасын негизинен жаштар колдонот.

Адистер болсо мындай издөө системалар бир топ кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтышууда. Анткени "Гугл" жыл сайын миллиондогон доллар сарптап, Apple жана Android системасында негизги издөө тутуму болууну камсыз кылат. Албетте, колдонуучу кааласа системаны өзгөртө алат, бирок көптөр ал кадамга баруудан эринет же аны жасоону билбейт. Ошондой эле кызмат көрсөткүсү келген компаниялар жарнамасын "Гуглга" жайгаштырууну көздөйт. Себеби бул системаны күн сайын миллиондогондор колдонот.

Кристиан болсо кыйынчылыктар бар экенин мойнуна алат жана бул тармакты тескеген мекемелерди чара көрүүгө үндөйт.

"Биз капитализмди реформалагыбыз келет. Себеби азыркы абал зыян гана алып келет. Бизнес өзгөрүшү зарыл, бизнестин ролу башкача болушу керек",-дейт Кристиан. (AT)