18 жашында миллионерге айланган кыз-жигит

Кыз-жигит бизнестин 45 пайызына, тагырак айтканда 72 миллион доллар үлүшүнө ээлик кылат

Сүрөттүн булагы, ELI ZATURANSKI

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыз-жигит бизнестин 45 пайызына, тагырак айтканда 72 миллион доллар үлүшүнө ээлик кылат

Би-Би-Синин The Boss программасы дүйнөдөгү ишкер лидерлери тууралуу баяндайт. Бул аптада Crimson Education онлайн окутуу компаниясынын негиздөөчүлөрү Жейми Битон жана Шарндре Кушор менен маектештик.

Эки жаш өспүрүм кезинде эле бизнесин баштаган. Алар инвесторлорду издеп жүргөндө, көптөр таң калышкан.

"Биз жолугушууларга барганда, бөлмөдөгүлөр бизден үч эсе улуу болчу. Биз кирип келгенибизде алар бизди жардамчылар же стажерлор деп ойлошкон", - дейт учурда 23 жаштагы Жейми.

Бирок Жейми менен Шарндре жумушта тажрыйба топтоо же кофе ташуу үчүн жүргөн эмес.

Жаңы зеландиялык кыз-жигит Crimson Education компаниясынын негиздөөчүлөрү жана жетекчилери. Алар аталган компанияны 18 жашында негиздеген.

Интернеттеги сабактар аркылуу дүйнө жүзүндөгү жогорку класстын окуучулары билим алат. Компания АКШнын жана Британиянын алдыңкы университеттерине өтүүгө көмөктөшөт.

Сүрөттө Оксфорд университети

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кримзон" компаниясы АКШнын жана Британиянын алдыңкы университеттерине өтүүгө көмөктөшөт. Мисалы, сүрөттөгү Оксфорд университетине

Кыз-жигит 2013-жылы Оклендде ишкерликти баштаган учурда мектепти жаңыдан бүтүрүшкөн.

Алардын жарнамага акчасы жок болгондуктан досторуна жана мугалимдерине кайрылып, маалыматты Фейсбукка жарыялашкан. Бир жылдан кийин Кримзон бир миллион доллар тапкан. Кийинчерээк кирешеси акырындап өсө баштаган.

Компания бүгүнкү күнгө чейин тездик менен өнүгүп, жалпысынан 37 миллион доллар инвестиция кылды. Интернет компаниясы 160 миллион долларга бааланууда. Мындан сырткары, дүйнө жүзү боюнча учурда 20 миң студент кесип тандоого байланышкан суроолору боюнча 2,400 окутуучу менен интернет аркылуу байланыша алат.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Жейми жана Шарндре Нидерландиянын Гаага шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун "Үлгү" аттуу иш-чарасында таанышкан. Анда алар 18 жашта болушчу.

БУУнун "Үлгү" программасы аркылуу өспүрүмдөр дипломатия жана эл аралык байланыш багытында билим алышат.

"Биз биринчи жолу Германиядагы поезд станциясында таанышканбыз", - дейт Шарндре. Учурда ал 23 жашта. Шарндренин айтымында, аны Жейминин өжөрдүгү таң калтырган.

Жаштар негиздеген компания Жаңы Зеландия, Австралия жана Азиядагы - Сингапур, Кытай, Тайланд, Түштүк Корея менен Вьетнамда иш алып барат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаштар негиздеген компания Жаңы Зеландия, Австралия жана Азиядагы - Сингапур, Кытай, Тайланд, Түштүк Корея менен Вьетнамда иш алып барат.

Алар бизнес баштаган учурда жогорку окуу жайга өтүшкөн. Ошого байланыштуу окууну да кошо алып кетүүгө туура келген. Ал түгүл, алар эки башка жерде болушкан. Жейми Гарвардда болсо, Шарндре Окленд университетинде калктын саламаттыгы боюнча билим алып жүргөн.

Бүгүнкү күнү Шандре жарым жылдай "Кримзон" компаниясынын баш кеңсесинде, Оклендде болот. Ал эми эмдиги алты айда компаниянын башка өлкөдөгү 23 кеңсесинде иш алып барат. Ошол эле учурда Жейми убактысын Окленд жана Калифорнияда өткөрөт. Анткени ал Стэнфорд университетинде магистратурасын жактоодо.

"Кримзондо" мугалимдер, университетке кабыл алуу арыздарды караган мурдагы кызматкерлер иштейт. Алар окуучуларга университетке өтүү арызын туура толтуруу жана башка маанилүү ыкмалар боюнча кеңеш беришет.

Жаштар негиздеген компания Жаңы Зеландия, Австралия жана Азиядагы - Сингапур, Кытай, Тайланд, Түштүк Корея менен Вьетнамда иш алып барат.

Жейми менен Шандре бизнестин 45 пайызына, тагырак айтканда 72 миллион доллар үлүшүнө ээлик кылат.

Жейми менен Шандре

Сүрөттүн булагы, ELI ZATURANSKI

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жейми менен Шандре көп жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүшөт

Шандре "жазылбаган эреже китепчесинде" бизнес өнөктөшүң менен "үй-бүлө курба деген мыйзам бар" экенин айтат. Бирок ал "ишенген адамың менен күн сайын чогуу иштөө чоң бакыт" экенин белгилейт.

Ага карабастан Жейминин айтымында, эки жаш жеке мамилелерине жумуштан кийин гана көңүл бурушат. (NT)