Бишкектиктер дарактардын кыйылышына каршы чыкты

Видеонун түшүндүрмөсү, Bидео: Бишкектиктер дарактардын кыйылышына каршы чыкты

Токтоналиев көчөсүн кеңейтүү максатында “Зеленострой” кызматкерлери бүгүн дарактарды кыйып, бул шаар тургундарынын нааразычылыгын жаратты.

Аталган көчөнүн туурасынын узундугу учурда 7,9 метр , бирок мэрия аны 11 метрге чейин кеңейткиси келет. Бак-дарак кыюуга каршы чыккан 10 активистти милиция кармап кетип, Биринчи Май райондук сотуна алып келишти. Азырынча ал адамдарга кандай айып тагылары белгисиз.

Биринчи Май райондук акимчилиги жалпысынан 143 дарак кыйыларын билдирди
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Биринчи Май райондук акимчилиги жалпысынан 143 дарак кыйыларын билдирди

Биринчи Май районунун акиминин орун басары Руслан Шарапов жалпысынан 143 дарак кыйылып, ордуна 208 жаңысы отургузуларын билдирди.

Бирок бүгүн бактарды кыюуда кызыл эт балапандар жерге түшүп, алардын сүрөттөрү социалдык желелерде тарап, шаардыктардын кыжырын келтирүүдө.

Токтоналиев көчөсүндөгү кыйылган бак-дарактардан кызыл эт балапандар жерге кулашты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Токтоналиев көчөсүндөгү кыйылган бак-дарактардан кызыл эт балапандар жерге кулашты

Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунун тургундары дагы буга чейин нааразылыгын билдиришкен эле. Аталган райондо 800 түп дарак кыйылат делүүдө.