"Дордой": зарыккан ишкерлер, кечиккен жүк

Дордой базары
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Пандемия башталганы Кыргызстанга биринчи жолу Үрүмчүдөн 47 вагондук товар келди. Аны "Дордойдо" иштеген соодагерлер жана ишкерлер көптөн бери зарыгып күтүп жаткан эле.

Бул кыргыз өкмөтүнүн Кытай менен жүк ташууларды көбөйтүү жөнүндө үч айдан берки сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасы деди биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков.

"Пандемия бизге аябай эле сокку берди, базарда кыйынчылык жаралды. Мурда кошуна өлкөлөрдөн кардарлар келчү эле, азыр бүт жабык. Кытайдан товар заказ кылсак кырк күндө келчү эле. Азыр беш айга чейин созулуп кетүүдө", -дейт "Дордойдо" көп жылдан бери соода кылган ишкер Дөөлөт Садырбек уулу.

Бирок ал өкмөттүн Кытай тарап менен сүйлөшүүлөр өткөрүп, эми темир жол аркылуу товар ташылып жатканын угуп, сүйүнүп калды.

Дүйшөмбүдө Кытайдан кыргызстандык ишкерлердин 47 контейнерлик товары жүктөлгөн поезд Үрүмчү-Казакстан-Бишкек багыты менен "Аламүдүн" станциясына келди. Аны биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков баштаган өкмөт өкүлдөрү тосуп алышты.

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

"Мына бүгүн Кытайдан поезд менен жүк, товарлар келип жатат. Биз Кытай тарап менен айына эки жолу темир жол каттамы аркылуу жүк ташууга макулдаштык. Мындан тышкары "Эркечтам" жана "Торугарт" автомобилдик өткөрмө бекеттеринде Кытай заманбап кампа жана дезинфекциялоочу жайларды курганы жатат. Бул бекеттерде азыр күнүнө беш-ондон эле жүк ташуучу машина өтүп атса, эми марттан тарта отуздан унаа өтүп калат",-деди Артем Новиков.

Ал өкмөттү убактылуу башкарып турган ноябрь айында "Дордойдо" иштеген соодагерлер митингге чыгып, ачууланган ишкерлер анын кабинетине күч менен кирүү аракетин да жасашкан.

Пандемия башталганы Кытай чек арасын жабып, ишкерлер товар ташый алышпай, соодасы солгундады.

Дордойчулар митинги

Сүрөттүн булагы, Manasnews

"Өзүбүздүн өндүрүштө иштегендер да ушул жерде товарларын сатып ала албай отурушат. Биз Кытайдан товар ташыйбыз, чек ара жабык болуп товарларыбыз келбей атат. Клиенттерибизди жоготтук, эч ким келбей койду. Мурда товарларыбыз Казакстанга, андан ары Орусияга кетчү эле да. Бүт тигүүчүлөр ишсиз калды, жаныбызда тигүүчулөр отурат, тикпей калышты, себеби соода жок. Колубузда жумушчуларыбыз бар, аларга айлык бериш керек, аренда кымбат, отурабыз", дейт базарда отургандар.

Соодагерлердин Кытайдан күткөн товарлары кечигип, төртүнчү жолку ишкердик сезону үзгүлтүккө учурап, айрымдары бизнесин токтотконго мажбур болушту. Мындай шартта алар, ортодо салык төлөөдөн баш тартарын да айтып чыгышкан. Ал эми "Дордой" өлкөдөгү "Кумтөрдөн" кийинки эң ири салык төлөөчүлөрдүн бири.

"Кумтөр" 5,5 миллиард салык төлөсө, "Дордойдон" 5 миллиард сом түшөт. Бажы жагынан эле бизден бюджетке 19 миллиард сом төлөм түшөт. Ошондуктандан бизди маселени, чек арадагы абалды тезинен чечилсин деп суранып жатабыз",- деген эле "Дордой" комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы Дамира Дөөлөталиева.

Мурун Кытайдан товар негизинен автоунаа менен ташылчу, "Эркечтам" жана "Торугарт" автомобилдик өткөрмө бекеттерине күнүнө 300 жүк ташуучу унаа өтсө, азыр ашып кетсе 10 автоууна өткөрүлүп жатат. Бирок эми кыргыз өкмөтү марттан тарта темир жол аркылуу айына 100 контейнерден кем эмес товар ташылып, ал эми автобекеттер аркылуу күнүнө отуздан кем эмес жүк ташуучу унаалар өткөрүлүп турарын убадалап жатат.

"Мурда базардагы товарлардын 20% Кытайдыкы эле, калгандары Орусия, Бириккен араб эмираттары, Түркия, Индия, Пакистан, Ирандыкы болчу. Эми азыр 25% эле башка мамлекеттердики болбосо, 75-80% товар Кытайдыкы болууда", -деген эле буга чейинки маектеринде аталган базардын негиздөөчүлөрүнүн бири Аскар Салымбеков.

"Дордой" Борбор Азиядагы эң ири базарлардын бири, бул жерде 400 миңге чукул жаран иш менен камсыз болгон. Алардын көбү жергиликтүү рынокко товар ташып келип сатса, айрымдары үчүнчү өлкөлөргө реэкспорт менен алек.