Кыргызстан менен Кытай мамилеси кандай өнүгөт?

Сүрөттүн булагы, Dosaliev Sultan
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстандагы кытай элчиси Ду Дэвень жаңы кыргыз бийлигинен өлкөдөгү кытай ишкерлеринин кызыкчылыктары жана укуктарын коргоп берүүнү суранды.
Быйыл октябрдагы бийлик алмашууда кытайлык Full Gold Mining жана "Алтынкен" кыргыз-кытай тоо-кен ишканаларын басып алуу, талап-тоноо аракеттери орун алган эле.
Өлкөдө 170ке жакын кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар, алардын дээрлик 80% энергетика, өнөр жай жана тоо-кен тармагында иш алып барышат.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев шейшембиде Кыргызстандагы ири кытай ишкерлерин кабыл алды.

Сүрөттүн булагы, Official
"Кытайлык достор, силердин ар бириңер Кыргызстанда жаңы жумушчу орундарын камсыздап, салык жана бажыдан түшкөн кирешеге салым кошуп жатасыңар. Ар бириңер өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кылып жатасыңар", -деди министр.
Октябрдагы саясий олку-солку абалда Кыргызстанда тоо-кен тармагында иш алып барган сегиз ишканага чабуул жасалып, кеңсе, мүлктөрү өрттөлүп, талап-тоноо аракеттери болду.
Анын ичинде кытайлык инвесторлор каржылаган Ала-Букадагы Full Gold Mining кеңсеси өрттөлгөн. Талды-Булак Левобережныйдагы "Алтынкен" ишканасы да жабыркаган.
Жергиликтүү элде башынан эле кытай ишкерлерине ишенбөө, чочулоо маанайы бар.

Сүрөттүн булагы, Akipress
Шиңжаңдагы мусулмандар үчүн тарбия лагерлери дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да ксенофобияны күчөттү. Карызды төлөй албай, жерибизди тарттырып жиберебиз деген коркунуч да анти-кытайлык маанайды түзүүдө.
"Кытай жарандары иштетип жаткан завод, фабрика болобу, текшерип, мыйзамсыз кытай жарандары болсо депортация болсун. Эгемендик жылдары алган карыздарыбыз үчүн ким жоопкерчилик алат?",- деген эле былтыр Бишкекте өткөн митигде жергиликтүү активист Аманбол Бабакулов.
Мындай мазмунда өткөн кош митингдерден кийин былтыр Солтон-Сарыда алтын кенин иштеткен кытай жумушчулары менен жергиликтүү эл кагылышып, 21 адам ооруканага түшкөн.
Жыйынтыгында кытайлык ишкана Zhong Ji Mining окуя болгон жерден кызматкерлерин, техникасын алып чыгып кетүүгө мажбур болгон.
Жергиликтүү элде кен иштетүүдөн экологияга зыян келет деген чоң тынчсыздануу бар. Бирок буга Советтер союзу учурунда жүргөн пропаганданын дагы таасири чоң.
"60-жылдары Кытайга каршы кубаттуу анти-пропаганда жүрүп, бул кыргыздардын Кытайды таанып билүүсүнө олуттуу таасирин берди. Кыргыз-кытай чек арасын тактоо маселеси да убагында бул өлкө тууралуу негативдүү ой-пикирди шарттаган. Дагы бир маанилүү нерсе, кытай эмигранттарынын жергиликтүү элден обочолонуу жүрум-туруму бар. Кытайлар кайда болбосун өзүнчө болуп, чайнатаун болуп жашашат. Мисалы, Нью-Йоркто такыр англис тилин билбеген кытайлар бар",- деди кытай таануучу, экс-тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев.
Эксперт IWPR үчүн жазган макаласында Кыргызстан эгемендик алгандан бери соңку жылдары Кытай менен мамиле эң эле солгундап кеткенин айтууда. Буга Борбор Азия өлкөлөру ичинен жалгыз гана Кыргызстан "Бир кур, бир алкак" Кытай демилгесинин алкагында бир да долбоор сунуштай албаганын мисал тартууда.










