Жээнбековдун Кытай сапары: кызматташтыктын жаңы деңгээли

Бул Жээнбековдун Кытайга биринчи мамлекеттик сапары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул Жээнбековдун Кытайга биринчи мамлекеттик сапары
    • Author, Алмаз Чороев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Президент Жээнбековдун Кытайдагы мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө, эки өлкөнүн ортосунда кызматташтык жөнүндө бир нече документке кол коюшту. Анын ичинде ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө биргелешкен декларация, Кыргызстан аркылуу газ өткөргүч куруу жөнүндөгү өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол бар.

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

Жээнбековдун Кытайга расмий сапары

Ошондой эле Кытай тарап Кыргызстандын Ѳзгөчө кырдаалдар министрлигине мобилдүү госпиталды жеткирүү боюнча долбоорун ишке ашырууга макул болду.

Жээнбековдун Кытайга расмий сапары

Сүрөттүн булагы, DOSALIEV SULTAN

Президент Жээнбеков менен КЭРдин лидери Си Цзинпин эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жемиштүү болду деп белгилешти. Жээнбеков биринчи мамлекеттик сапары Кытайга болуп жатканына кубанып турганын айта кетти.

Жээнбековдун Кытайга расмий сапары

Эки лидер ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин кезектеги жыйыны жөнүндөгү маселени да талкуулашты. ШКУнун саммитинин алкагында Жээнбеков Тажикстан, Индия, Монголиянын башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Шанхай кызматташтык уюмунун Циндао шаарындагы саммитинен кийин ШКУдда төрагалык кылуу Кыргызстанга өтүп, кезектеги саммит келерки жылы Бишкекте болот.