Тарыхтагы эң ири соода келишими: 15 өлкө Кытайдын тегерегине бирикти

Сүрөттүн булагы, AFP
15 өлкө тарыхтагы эң ири соода келишимине кол койду. Келишим ишке ашса, планета калкынын ар бир үчүнчү жашоочусунун кирешеси өсүп, акыркы жылдардагы Дональд Трамптын ашынган протекционизм саясатынан жана Covid-19 глобалдык пандемиясынан улам солгундаган кызматташтык, дүйнөлүк соода жанданат деген үмүттөр айтылууда
RCEP (Regional Comprehensive Economic Partnership) деген аталыштагы келишими - Кытай, Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдү, анын ичинде Австралия, Жапония жана Түштүк Кореяны бириктирет. Дүйнөнүн үчүнчү экономикасына ээ Кытай мурдатан өзүнүн келишкис душманы Жапония менен бир да жолу көп тараптуу соода келишимине кол койгон эмес. Эми Трамптын саясаты аны эң ири келишимдин борборунда турууга түрттү.
Буга чейин бул өлкөлөр - Жапония жана Австралия, Жаңы Зеландия, Канада, АКШ түзүп алган Транстынчокеан кызматташтыгынан Трамп чыгып кете турганын жарыялаган. Бул кызматташтык Азия-Тынч океан аймагындагы товар жана кызматтарга болгон бажы төлөмдөрүн толугу менен алып салууну көздөгөн соода келишими эле. Мунун өзү RCEP түзүлүшүн тездетип, жекшембиде кол коюлду. Аны сегиз өлкө ратификациялагандан кийин келишим күчүнө кирет. Буга дагы көп убакыт талап кылынат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Келишим Азиядагы соода өнөктөштөргө бири-биринин базарына эркин кирүүгө жана бажы төлөмдөрүн арзандатууга мүмкүндүк берет. Ошол эле маалда экономиканын өсүшү тездеп, жашоо-турмушту жакшыртууга, өзгөчө аймактагы жакыр өлкөлөрдүн бутуна турушуна шарт түзөт деген ишеничтер айтылууда.
Келишим масштабдуу, бирок салыштырмалуу үстүртөн. Анткени ар түрдүү экономикалардын башын бириктирүүдө. Айталы, жакыр Лаостон тартып, бакубат Жаңы Зеландия, коммунистик Кытай, пост-империалисттик Жапониянын экономикалары. Эксперттер муну түрдүү деңгээлдеги экономикалардын интеграциясынын алгачкы эле кадамы катары бааланды.






