You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
ЖК: Парламенттик шайлоону жылдырып, конституциялык реформа өткөрүү сунушталууда
Парламенттик шайлоону жылдыруу боюнча мыйзам долбоору даярдалды.
22-октябрда Жогорку Кеңеш "Президентти жана парламентти шайлоо" тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулай турганы расмий кабарланган. Бирок ЖК бүгүн парламенттик шайлоону жылдыруу тууралуу мыйзам долбоорун алып чыгып жатат.
"Ата мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөттөн жана башка фракциялардан сунуш түшүп, ага макул болушканын айтты.
"Кыргызстанда бюджеттин дефицити абдан чоң, акча жок, - деди Текебаев. - Экономикалык кризистебиз, пандамиянын экинчи толкуну келип жатат. Саясий стабилдүүлүк жолуна түшө элекпиз. Эки шайлоо бирдей өтсө, ар бирине 500 млн сомдон акча кетет. Эл шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан. Шайлоо системасын өзгөртпөй туруп шайлоо өткөрсө кандай болот деп парламенттик шайлоону жазга чейин жылдырып, ага чейин Конституциянын кээ бир жерлерине өзгөртүү түзөтүүлөрдү киргизсек деген сунуш түштү. Мен бүгүнкү парламенттик башкаруу системасы сакталат, өкмөт, премьер-министр күчөйт, президент өзүнүн ыйгарым укуктарын жоготуп аксакалга айланат, аны эл түз эмес, шайлоочулардын коллегиясы шайлайт деген бир шарт менен макул болуп кол коюп бердим".
Өмүрбек Текебаев калган саясий тараптар ушул шарттарды колдобой койсо, кайра каршы добуш берерин кошумчалады.
Ал эми конституциялык реформаны жактаган депутат Талант Мамытов бул орток пикирге баары келишкенин билдирди. Анын айтымында, Алтынбек Сулайманов да макулдугун берди.
Жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоору парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну гана аныктайт. Мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин эки айда кайра шайлоо өткөрүлүш керек болчу. БШК 21-октябрда парламенттик шайлоо күнүн 20-декабрга койгон. Айрым партиялар шайлоого катышуу арызын тапшырып, шайлоо жараяны башталган. Эми БШК кайра мыйзамдар өзгөртүлсө, ошого жараша иш алып барат деди Текебаев.
Бирок буга чейинки шайлоолордо мындай олуттуу мыйзамдарды шайлоо учурунда эмес, жада калса шайлоого аз калганда өзгөртүүгө болбойт деп чектөөлөр коюлуп келген.
Бирок буга чейинки шайлоолордо мындай олуттуу мыйзамдарды шайлоо учурунда эмес, жада калса шайлоого аз калганда өзгөртүүгө болбойт деп чектөөлөр коюлуп келген.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын айтымында, "шайлоого алты ай калганда" шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө болбойт деген берене алып салынган экен.
"Мыйзамдын аракетин убактылуу токтотуп жатышат, ага мыйзам жол берет, ченемдик-укуктук актылар жөнүндө мыйзамдын 9-беренесинде көрсөтүлгөн. Бирок шайлоо дайындалып калгандан кийин аны токтотуп койгонго булардын укугу жок болчу. БШКнын токтому күчүнө кирген. Укуктук талаада мындай болбош керек", - деген Сооронкулова Жогорку Кеңештин төрагасы, фракция лидерлери жана депутаттар мыйзам жолунан чыгып кеткенин айтты.
Ал Жогорку Кеңештин конституциялык мөөнөтү бүткөнүн, анын чечимдери легитимдүү болбой турганын баса белгилеп жатат. Экономикалык, саясий кризистен эми Кыргызстан укуктук кризиске, туңгуюкка кептелгенин юристтер айып жатышат.
Сооронкулова бир күн мурда башка позицияны карманып жаткан Өмүрбек Текебаев, Алтынбек Сулайманов саясий соодалашууга барган же аларга басым көрсөтүлгөн деп эсептейт.
"Текебаев парламентаризмди күчөтүү шарты менен макул болдум деди, андай болбойт, бул жөн гана өзүн актоо үчүн айтылган сөз. Баары эле акталып, Текебаевдин соттук иши канча жылдан бери созулуп келатат. Соттук адилеттик жок болуп, алар басым менен иштеп жатканда Текебаевдин абалын түшүнсө болот. Ал эми кечээ баатыр болуп жатып Сулайманов бүгүн такыр башка тарапка эмнеге өзгөргөнүн айта албайм", - деди Сооронкулова.
Саясат таануучу Эмил Жороевдин айтымында, Кыргызстан мыйзам нугунан чыгып калды жана 5-6-октябрдагы окуялар уланып жатат. Ал 21-кылымда мыйзамы жок өлкө болбош керек эле деди.
"Биз мамлекеттин негизинде турган мыйзамдарды бир күндө, бир нече кишинин сүйлөшүүсү менен четке сүрүп коюуга даяр экенибизди көрсөттүк. Өтө кооптуу абалдабыз. Буга чейин болуп көрбөгөндөй укуктук башаламандык, нигилизмге кептелүү коркунучу бар. Парламент мөөнөтү бүтүп, легитимсиз болуп калды. Парламенттик шайлоо тез арада өтүш керек. Мөөнөтү өткөн ЖКнын ушундай чоң чечимдерге бел байлап жатканы өз эрки менен эмес, сырттагы буйрукту аткарып жатканынан кабар берет", -деген оюн айтты Жороев.
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров башынан конституциялык реформаны жактап келген. Бирок шайлоо өткөрүүгө каражат жок деп жатышат. Конституциялык реформаны ЖК жасай ала турганы да айтылууда.
Сооронкулова буга чейин даяр экени кабарланган Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламент аркылуу өткөрүлүп, президенттик башкаруу, бир мандатуу шайлоо жолун тандоого баратабыз деп, бирок ЖКнын мөөнөтү бүткөнүн дагы бир жолу эскертүүдө.
Шайлоо мыйзамын өзгөртүү боюнча долбоор 21-октябрда биринчи окуудан өткөн. Бирок депутаттардын дагы бир тобу мыйзамдагы өзгөртүүлөрдү колдогон менен аны карабаганга, жылдырганга аракет кылышты.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири депутат Алтынбек Сулайманов жана "мыйзамды жылдырып, алды менен конституциялык реформа өткөрүү керек" деген депутаттар арасында курч талкуу жаралган.
Сулайманов баш болгон депутаттар тобу сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, шайлоо босогосу 7%дан 3%га түшмөк, шайлоо күрөөсү 5 млн сомдон 1 млн сомго төмөндөмөк, ошондой эле "2-форма" жоюлмак. Сулайманов бул өзгөртүүлөр парламентке жаштарды, жаңы партияларды алып келүүнү көздөйт деген.