"БШКнын президент сунуштаган төрт мүчөсү жаңыланышы мүмкүн"

Кыргызстанда парламенттик шайлоо кайра өтөөрдөн мурда Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы жаңырыш керек деген талаптар айтылып жатат. БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова ушундай сунушу билдирүү үчүн президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен жолугууга аракет кылмак. Ал арада БШКнын башка мүчөлөрү шайлоону уюштурууда так иштешкенин билдиришти.

Өткөн парламенттик шайлоодо эреже бузуулар боюнча 200дөн ашык даттануу катталган. Алардын жетөө боюнча териштирүү сотко өткөн. Бул тууралуу 20-октябрда Бишкекте өткөн талкууда Башкы прокуратуранын өкүлү билдирди.

Иштерди тергөө ИИМдин колунда. Бирок азырынча шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча жыйынтыкталган иш же жазасын алган тарап жок.

БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев белгилегендей, эки-үч күн мурда тергөө бүтүп, сотко өткөн иштер да жок болчу.

Боршайкомдун мүчөлөрү укук коргоо органдарын аракет көрбөдү деп сынга алууда. Жада калса аларга бул айыпты расмий эскертип, кайрылуу да жасашкан.

"Шайлоо учурунда өтө ыкчам иштеш керек. Анткени конституциялык мыйзамдарда арыз түшсө ага беш күн берилери көрсөтүлүп турат. Биз арыздарды ошол эле күнү карап, укук коргоо органдарына жөнөтүп жаттык. Бир ай өткөндө да бир жылыш болбоптур. Ал убакыт аралыгында сотко өткөрүп, керек болсо соттун чечими да чыгып калыш керек болчу", - деди Кайрат Осмоналиев шайлоо өнөктүгү башталгандан берки мыйзам бузуулар тууралуу.

Эксперттер келерки шайлоонун таза өтүшүнө мурунку каталарды жоюу түз таасир этерин айтып жатышат.

Ал үчүн Боршайкомдун курамы жаңыланыш керек деген чакырыктар жасалууда. Бирок аталган органдын өкүлдөрү шайлоону уюштурууда мыйзам бузбаганын белгилейт.

"Шайлоо комиссиялары же БШК тарабынан шайлоонун натыйжасына таасир эте турган, оркойгон мыйзам бузуу же аракетсиздик болгон жок. Укук коргоо органдарына биз 180ден ашуун даттанууларды жөнөткөнбүз. Тилекке каршы, чаралар көрүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясына же шайлоо комиссияларына жыйынтыктары берилген жок", - деди БШКнын төрайым орун басары Абдыжапар Бекматов.

Юрист, "Республика" партиясынан депутаттыкка талапкерлигин койгон Аяз Баетов шайлоолордун өтүшүнө баштан аяк Боршайком жоопкерчиликтүү экенин, ал конституциялык орган болгондуктан укуктары кенен экенин айтууда. Баетовдун оюнда, шайлоонун адилет өтүшүн камсыздоодо БШКнын тартип коргоо органдарынан кем эмес укуктары бар.

"Шайлоого тийиштүү болгон бардык маселелерге БШК гана жооптуу, - деди Баетов Би-Би-Сиге, - Укук коргоо органдары күнөөлүү кишилерди гана жоопко тартат. Шайлоо учурунда БШК туура эмес иш-аракеттерге каршы чечимдерди кабыл алууга толук мүмкүнчүлүгү бар болчу. Жоопкерчиликтен качып, укук оргоо органдарынан күтүп жатабыз деген туура эмес. Мисалы, добуш сатып алууга аракет кылган бир талапкерди башында эле четтетип койсо, баары коркуп туруп калмак. Сотко да өткөрүп бере берсин, ал соттошо берет. БШК башка органдарга салыштырмалуу жакшы иштеди, жарандык коомдун талабы тууралуу позициясын билдирди. Бирок алсыздыгын көрсөттү, айрым маселелерди коркуп карап турбаганда азыркы абал келип чыкпайт эле. Кийинки шайлоодо ал эркиндигин көрсөтүш керек".

БШК 12 кишиден турган коллегиялдык орган. Анын сегизин Жогорку Кеңеш шайласа, төртөө президенттин сунушу менен келген. БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова президенттин милдетин аткаруучу төрт кишини жаңылаш керектигин айткан. Андай кадам жасалса органдын жетекчиси да алмашып калышы ыктымал. Анткени төрайымы президент тарабынан сунушталат.

"Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов уккан маалыматка караганда аталган төрт киши өзгөрүшү мүмкүн:

"БШК боюнча нааразычылык көп. Бирок жасаган жакшы иштери дагы бар. Ага Жогорку Кеңеш сунуштаган мүчөлөрүн алмаштыруу боюнча маселе көтөрүлгөн жок. Президент сунуштаган мүчөлөрүн чакыртып алуу боюнча сөздөр жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү көпчүлүгү жаңыланып калышы мүмкүн. Эгер андай билдирүү түшсө Жогорку Кеңеш бекитип бериш керек".

Борбордук шайлоо комиссиясынын азыркы курамы негизинен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда 2016-жылы түзүлгөн.

Башкы прокуратура шайлоодогу эреже бузууларга байланыштуу арыздар укуктук нормаларга жараша караларын, аларда белгиленген мөөнөттөн кечиктирлибей эле териштирилип жатканын билдирди.