Жогорку Кеңеш депутаттары чогулду, С. Жапаров эл алдына чыкты

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулду. Мыктыбек Абдылдаев төрагалыктан баш тартып, жыйынды алып барууну вице-спикер Мирлан Бакировго өткөрүп берди.

Жыйынга 51 депутат катышып, он депутат ишеним кат берген. Жалпысы 61 депутат болуп кворум чогулду. Дагы эки депутат келип кошула турганы айтылды. Күн тартибиндеги маселелердин бири өкмөттүн жаңы курамы бекитүү. Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка талапкер катары көрсөтүлдү.

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Мыктыбек Абдылдаев элге, саясий партиялардын жетекчилерине кайрылып, өлкөдө тартип менен тынчтыкты сактоого үндөгөн. Соңку маалыматтарга ылайык, ЖК депутаттары чогулду. Өлкөдөгү легитимдүү бийлик органы болгон Жогорку Кеңеш Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү жарлыгын, спикердин милдетин аткаруучу катары Мыктыбек Абдылдаевди бекитүү жана премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан талапкерди карайт.

"Кворум болбосо күн тартибин аныктай албайбыз. Ансыз эч нерсе кыла албайбыз",-деди төраганын милдетин аткаруучу Мыктыбек Абдылдаев.

"Өзгөчө абал президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Үч сутканын ичинде Жогорку Кеңеш карап, жокко чыгаруу же колдоо маселесин карашы керек. Эгерде Жогорку Кеңеш чогула албаса, анда үч сутка өзгөчө кырдаал абалы күчүндө кала берет",-деп кошумчалады А. Абдылдаев

Өкмөт Үйүнүн алдында Садыр Жапаровду колдогондор митинг өткөрүүдө. Садыр Жапаров эл алдына чыгып, президент кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди. Бирок депутаттар чогулбай жатканын айтты.

Андан тышкары Бишкек шаарындагы аскердик техникалар коопсуздук камсыз кылуу үчүн коюлганын, алар "демонстранттарга эч коркунуч жаратпайт" деп кошумчалады. Ала-Тоо аянтында күч кызматкерлери жана аскердик техника топтолуп турат. Бишкек шаарынын кире беришинде жана шаар ичинде блок-посттор коюлган.

Жума күнү Бишкек шаарында үч жерде митинг өттү. Жаш активисттер кылмыштуу топторго каршы темир жол бекетинин жанында митинг өткөрдү. Өкмөт үйүнүн алдында болсо Садыр Жапаровдун талапкерлеринин митинги уланды. "Форум" ишканасынын алдында мурдакы президент А.Атамбаев, мурдакы өкмөт башчылар Ө.Бабанов, С.Исаков жана бир топ жоон топ саясатчы катышкан митинг болду. Кечке маал митингчилер борбордук аянтка чогулуп, кагылыша кетти.

Президент Жээнбеков Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Бишкек шаарында 9-октябрдан тарта 21-октябрга чейин 20.00-08.00гө чейин өзгөчө абал кирет. Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты катары дайындалды.

Өлкөдө шайлоодон кийин түзүлгөн саясий кризис уланууда. 4-октябрдагы Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгынан кийинки нааразылык жүрүштөрү башаламандыкка алып келди. Парламент аркылуу мыйзамдык талаага түшүү аракеттери болуп жатат.