You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.

Take me to the main website

Кыргызстандагы создуккан саясий кризис

Саясий топтордун тиреши күчөп, Бишкектин борборунда карама-каршы митингдер уланууда. Кыргызстанда бийлик үчүн күрөш курчуп турган учурда башка бирөөнүн менчигин тартып алуу, талап-тоноо, байлык мүлктү кайра бөлүштүрүү аракеттери болуп жатат.

Түз алып баруу

  1. Мыктыбек Абдылдаев: Бийликти шайлоо менен гана бөлүштүрүү керек

    Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев элге, саясий партиялардын жетекчилерине кайрылып, өлкөдө тартип менен тынчтыкты сактоого үндөдү.

    "Президент Сооронбай Жээнбековдун түндө кырдаал турукташкандан кийин кызматтан кетүүгө даяр экендигин жарыялаганы оң жылыш деп эсептейбиз. Эми чукул арада Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын өткөрүп, өлкөбүздү мыйзам нугуна кайтарып келүү вазыйпасы турат. Бул үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарына Өкмөт башчылык кызматка кызыктар тараптардын тирешүүсү жана басымынан тышкаркы шарттарда иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек. Бийлик кимдин жактоочулары көп болсо, ошол тарапка оошу керек деген түшүнүк менен эмес, Баш мыйзамыбызда жазылгандай шайлоонун жыйынтыктары аркылуу гана бөлүштүрүлүшү зарыл",-деди төрага.

    М. Абдылдаев акыркы эки күн ичинде болгон сүйлөшүүлөрдө фракция лидерлери жана депутаттык топтор консенсуска келип, кырдаалдан чыгуу боюнча кандайдыр бир чечим табууга даяр экенин билдиришкенин белгилеп, бирок Жогорку Кеңеш кезексиз чукул жыйынга качан чогуларын так айткан жок.

  2. Бишкектин борборундагы митингдер

    Саясий топтордун тиреши күчөп, Бишкектин борборунда карама-каршы митингдер уланууда.

  3. Президент Жээнбеков Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизди

    Президент Жээнбеков Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койду.

    Ага ылайык, Бишкек шаарында 9-октябрдан тарта 21-октябрга чейин 20.00-08.00гө чейин өзгөчө абал кирет. Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты катары дайындалды.

  4. БУУ калк сыйлаган жарандарды биригүүгө чакырат

    "Өлкөдө кадырлуу, билимдүү жана калк сыйлаган жарандар бар. Алар саясий диалогду мыйзамдуу жолу менен баштоого ортомчу боло алышат жана кырдаалга баа бере алышат. Жарандар саясатчылардын өзүнүн кызыкчылыгы эмес, өлкөнүн кызыкчылыгын алдыга коюусун күтүп жатат",-деди БУУнун Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Озонниа Ожиело.

  5. Бишкек шаарында үч жерде митинг өтүп жатат

    Жаш авивисттер кылмыштуу топторго каршы темир жол бекетинин жанында митинг өткөрүүдө. Өкмөт өкмөт үйүнүн алдында Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митингин улантууда.

    “Форум” ишканасынын алдында мурдакы президент А.Атамбаев митинг өткөрүп, тарапташтары менен өкмөт үйүн көздөй сапар алды. Анын жанында Ө.Бабанов, ЖК депутаттары Р. Момбековдорду көрүүгө болот.

  6. Президент Сооронбай Жээнбеков: Өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын

    Президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун жасап, өлкөнү мыйзам талаасына кайтарып келүү боюнча тийиштүү иштер жасалгандан кийин өз каалоосу менен кызматтан кете турганын билдирди.

    "Жаңы Премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоону легитимдештирүү үчүн Жогорку Кеңештин токтому жана Президенттин Жарлыгын чыгаруу зарыл.

    Мен тиешелүү Жарлыктарга кол коюуга даярмын, ал үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун күтөм. Жогорку Кеңештин депутаттарынын өз милдетин аткаруусун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары депутаттардын коопсуздугун камсыз кылуусу керек.

    Урматтуу мекендештерим,

    Дагы бир ирет кайталайм — мен азыркы кызматтык өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштырып, кырдаалды укуктук талаага кайтарууга зарыл болгон чечимдерге кол коюуну көздөйм.

    Мен үчүн эч бир кызмат — мамлекеттин бүтүндүгүнөн, элдин биримдигинен, коомдун тынчтыгынан бийик эмес.

    Азыркы кырдаалды тез арада укуктук талаага салып, бардык мамлекеттик органдарды, Өкмөттү легалдуу статуска ээ кылып, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын",-деп айтылат Жээнбековдун кайрылуусунда.

  7. “Бетме-бет сүйлөшкөнгө даяр”: С. Жээнбеков менен М. Абдылдаев телефондон сүйлөштү

    Кыргызстандагы азыркы саясий кризистен чыгуу жолдорун бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин төрагасы болду деп жарыяланып жаткан Мыктыбек Абдылдаев телефондон талкуулашты. Президентин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Би-Би-Сиге билдирген маалыматка караганда, С. Жээнбеков сүйлөшүүлөрдү телефон аркылуу эле эмес, бетме-бет дагы жүргүзүү зарыл деген. "Телефондук сүйлөшүүдө президент С. Жээнбеков азыркы саясий туңгуюктан чыгууда президент менен Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгү негизги ролду ойной турганына басым жасады. Ошондой эле өкмөттүн курамынан баштап, мамлекеттик башка мекемелердеги кадрдык өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштыруу, парламент тарабынан сунушталчу документтерге да кол коюуга даяр экендигин билдирди. Диалогго баруу үчүн бирдиктүү аянтча керек деген өтүнүчүн парламент төрагасы Мыктыбек Абдылдаевге дагы айтылды. С.Жээнбеков Сүйлөшүүлөрдөгү негизги роль парламенттин спикеринде экенине көңүл бурду. Талкуу учурунда парламентте козголуп жаткан президентке импичмент жарыялоо маселеси дагы сөз болду. Президент саясий кырдаалды укуктук талаага алып келген соң төрага жана башка күчтөр менен калган бардык маселелерди талкуулоого даяр экенин билдирди",-деп билдирди Т. Стамалиева.

  8. "Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев

    Кыргызстандагы коомдук саясий абал.Би-Би-Синин суроолоруна "Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев жооп берет.

  9. Өкмөт үйүнүн алдында Садыр Жапаровду колдогон митинг

  10. “Баш аламандыктын кесепетинен вирус таркап кетүү коркунучу бар”

    "Баш аламандыктын кесепетинен адамдар облустардан шаарга келип, кайра кетишүүдө. Оорунун таркап кетүү коркунучу бар, анткени көпчүлүк санитардык талаптарды сактабайт. Ошол эле учурда суук түштү, бул суук тийүү ооруларына таасир берет. Бардык жарандарды санитардык ченемдерди сактоого, зарылдык жок болсо көчөгө чыкпоого, беткап кийүүгө, антисептик колдонууга жана социалдык аралыкты сактоого чакырам", - саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

  11. Ошто Сооронбай Жээнбековду колдогон митинг

    Оштун борбордук аянтында боз үйлөр тигилип, президент Сооронбай Жээнбековду колдогон митинг башталды.

  12. БШК бир айдын ичинде кайра шайлоо жарыялайт

    Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Атыр Абдрахматова кайра шайлоо күнү бир айдын ичинде жарыяланат деп билдирди.

    Учурда БШК 4-октябрда өткөн шайлоонун жокко чыгарылышына түрткү болгон мыйзам бузууларды текшерип жатат. БШК, ИИМ жана Башкы прокуратурага түшкөн арыздар менен даттануулар териштирилүүдө. Бул аркылуу БШК шайлоонун жокко чыгарылышына түрткү болгон партияларды аныктайт.

  13. Курсан Асанов: 5 миңге чукул ыктярдуу кошуундар жардам берди

  14. Ө.Суваналиев: Өзбекстандан Матраимовду экстрадициялоо боюнча иш жүрүүдө

    Оштун Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов Өзбекстандын аймагында кармалды. Бул маалыматты Би-Би-Сиге учурда өлкөдөгү күч түзүмдөрүн тескеп жаткан Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев ырастады.

    Ө.Суваналиев: УКМК көп нерсени айта албайт. Себеби, кошуна мамлекеттер менен иш алып барып жатабыз. Буга чейин биздин чек арачыларга алдын ала бардыгы айтылган, фамилиялар берилген. Ошону үчүн булар башка жерден мыйзамсыз өтүп жатканда кармалышты, Өзбекстандын аймагында. Эми алар ошол жакта камакта. Азыр бизге аларды экстрадициялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

    Би-Би-Си: Экстрадиция канча убакытты талап кылыш мүмкүн?

    Ө.Суваналиев: Бул жерде эми кагаз иштери бар. Азыр ошо менен иштеп жатабыз.

    Би-Би-Си: Кармалгандардын арасында Раимбек Матраимов дагы барбы?

    Ө.Суваналиев: Раим Матраимов жанында жок, болгону жансакчылар жана башкалар болгон. Булар чек арадан торду кесип мыйзамсыз өтүп жатышкан.

    Тилек Матраимов бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы. Анын дагы бир агасы Искендер МатраимовЖогорку Кеңештин депутаты.

  15. Сания Токтогазиева: мыйзам талаасына кайтуунун жолу - Жогорку Кеңеште

    Кыргызстанда абалды мыйзам жолуна кайтаруу аракети тынымсыз жүрүп жатканы менен азырынча олуттуу жыйынтык жок. Тез арада биригебиз деген саясатчылардын тобу өз ара бийлик талашып жатканы айтылууда. Би-Би-Си юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиевага кайрылып, мыйзам талаасына кайтуунун кандай жолдору бар деп сурады.

  16. Аксыда чыр чыгып, жети киши жаракат алды

    Аксы районунунда акимди кызматтан кетирүү үчүн чогулган топ менен анын кызматта калуусун каалаган топ ортосунда жаңжал чыгып, жети киши жаракат алды.

    Жеке коопсуздугунан улам аты-жөнүн жашыруун калтырууну өтүнгөн жергиликтүү бийлик өкүлү жаракат алгандардын көбү “бычак жеди, колунда бычагы бар киши катуу сабалып, абалы оор” деди .

    Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиев өз арызы менен кызматтан кеткени айтылган. Бирок “Азаттыкка” берген маегинде кызматтан кетүү тууралуу арыз жазбаганын билдирди. Чогулгандар тарап кеткен, милиция жана элдик кошуундар менен тартипти көзөмөлдөө аракетин көрүп жатабыз, деди жергиликтүү бийлик өкүлү.

    Кыргызстандын айрым аймактарында жергиликтүу жетечилерди күч менен алмаштырган көрүнүштөр орун алды. Кечээ күнү Ош шаарынын мэри ишинен кетип, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн орду талашка түшкөн эле. Бирок Ош шаарында мэрдин кайра ордуна алып келүү үчүн митинг өтүүдө.

    Серепчилер мындай жол башаламандыкка алып келиши мүмкүн деп кооптонууда. Кечетен бери жер-жерлерде жергиликтүү бийлик жетекчилер жана министрлерди, мамлекеттик органдардын жетекчилерин иш орундарынан чыгарып жиберген учурлар катталды.

  17. Тараптар мунасага барбаса, өлкө тагдыры коркунучта

    Кыргызстанда башаламандык токтой элек. Жогорку Кеңештин депутаттары чогулуп жаңы төрагасын шайлап, жаңы прмемьер-министрге талапкерди чыгардык дегени менен аны легитимсиз дегендер каршы чыгууда.

    Бишкектин борборунда карама-каршы митингдер уланууда.

  18. Бийлик талаштын артынан менчик таламай

    Кыргызстанда бийлик үчүн күрөш курчуп турган учурда башка бирөөнүн менчигин тартып алуу, талап-тоноо, байлык мүлктү кайра бөлүштүрүү аракеттери башталды.

    Шейшембиде Таластагы "Жерүй" компаниясынын бир топ мүлкүн талкалап өрттөп кетишти. Солтон-Сарыдагы алтын ишканаларын, Кара-Кече көмүр кендерин басып алуу аракеттери болду.

    "Жерүй" кенине кол салуу болуп, бир топ объект өрттөлгөнүн Би-Би-Сиге "Альянс алтын" ишканасынын басма сөз катчысы Касиет Карачолокова билдирди:

    "Бир топ адам келип, биздин курулуш объектилеринин жарымысы өрттөлүп, ар кандай техника жабдуулар талкаланды. Кечинде калган катканын талап кетишти. Болгон зыянды эсептеп жатабыз".

  19. “Бир Дүйнө – Кыргызстан” президент Жээнбеков менен БШК төрайымы Шайылдабекованы өз эрки менен кызматтан кетүүгө чакырды

    Өлкөдө көп жоготууларга жана кризистин тереңдешине жол бербеш үчүн президент Жээнбеков менен БШК төрайымы Шайылдабекованын өз эрки менен кызматтан кеткени туура болот деп эсептейт “Бир Дүйнө” укук коргоо уюму. Ошол эле учурда алар шайлоодон кийинки кырдаалды легитимдештирүү жана бийликтин тынч өткөрүү үчүн бардык саясий күчтөрдү конституциялык талаага кирүүгө чакырууда.

    Мындан тышкары алар Жогорку Кеңештин экстрендик жыйынын чакырып бийликти өткөрүүнүн легитимдүү жол жобосун баштоо, БУУ, Евробиримдик, ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдар менен ыкчам консультацияларды өткөрүү, рейдерликтин, криминалдык ээнбаштыктын алдын алуу, жеке менчикти коргоону камсыз кылуу, пандемиянын экинчи толкунунун алдын алуу үчүн антикризистик планды иштеп чыгуу, окуяларды ЖМКда туура чагылдыруу, журналисттер, укук коргоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу чараларды көрүү зарыл дешет.

  20. Путин: Кыргызстандагы тирешип жаткан тараптар менен байланыштабыз

    Орусиянын президенти Путин "Россия 24" телеканалындагы маегинде Кыргызстандагы абалга тынчсызданып турганын айтып, көйгөй тынч чечилет деген үмүтүн билдирди.

    “Эми эмне деп айтайын? Ал өлкөдө жакында эле парламенттик шайлоо болду. Шайлоого байкоо жүргүзгөн эл аралык уюмдар менен ЕККУ анын жыйынтыгы демократиялык жана мыйзамдуу деп тааныды. Бирок андан кийинки окуялар бизди тынчсыздантты. Биз бардыгы тынч чечилет деп үмүттөнөбүз. Демократиялык жараяндар кайрадан калыбына келет деп үмүттөнөбүз жана бул тез арада орундалышы керек. Биз бардык катышуучулар, тараптар менен байланыштабыз. Кыргызстандагы саясий абал турукташканда, бул өлкө менен пландалган долбоорлор ишке ашырылат деп үмүттөнөм. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү экенин айтып жатам”.