Бийлик талаштын артынан менчик таламай

Кыргызстанда бийлик үчүн күрөш курчуп турган учурда башка бирөөнүн менчигин тартып алуу, талап-тоноо, байлык мүлктү кайра бөлүштүрүү аракеттери башталды. Шейшембиде Таластагы "Жерүй" компаниясынын бир топ мүлкүн талкалап өрттөп кетишти. Солтон-Сарыдагы алтын ишканаларын, Кара-Кече көмүр кендерин басып алуу аракеттери болду.

"Жерүй" кенине кол салуу болуп, бир топ объект өрттөлгөнүн Би-Би-Сиге "Альянс алтын" ишканасынын басма сөз катчысы Касиет Карачолокова билдирди:

"Бир топ адам келип, биздин курулуш объектилеринин жарымысы өрттөлүп, ар кандай техника жабдуулар талкаланды. Кечинде калган катканын талап кетишти. Болгон зыянды эсептеп жатабыз".

"Альянс Алтын" ишканасы россиялык инвесторго таандык. "Жерүй" кенин иштетип баштаганына аз эле убакыт болду.

Ошол эле күнү Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кечедеги көмүр кенин басып алууга жүздөй адам барганы айтылууда. Аларды криминалдык авторитет жиберген деп жатышат. Алар ишкананын кассасынан жарым миллион сом акчаны тоноп алышып, филиалдын директорун кызматтан кетүүгө арыз жаздырышканын аталган ишкананын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

Ал эми шаршемиде ушул эле "Кыргыз көмүр" ишканасынын Бишкектеги кеңсесин ээлеп алуу аракети болду. Элүү чакты адам келип, ишкананын башкы директорунун кызматтан кетишин талап кылышты. Ишкананын жетекчилиги укук коргоо органдарына кайрылып, келгендер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атып, аларды араң токтотту.

Нарын областындагы Солтон-Сарыдагы алтын ишканаларына да көз арткандар тынч отурган жок. "Эгиз-Төр" ишканасын басып алуу аракети болгонун анын жетекчиси Максат Жээналиевден уктук.

"Иштеп аткандарды кубалап чыгабыз дешип кечээтен бери омуроолоп атышып, Эмгекчил айылынын балдары келип сүйлөшүп атып бүгүн тынчыгансып калды",-деди Максат.

Бишкектин өзүндө да кырдаал тынч эмес. Милиция ишке чыкпай калган эки күндөн бери уурулар менен зөөкүрлөрдүн күнү тууп, башка бирөөнүн мүлкүн басып алуу, талап-тоноо аракеттери күчөдү. Элдик кошуундардын жардамы менен жан калып аткандай.

Экс-премьер-министр Феликс Кулов бүгүн президент Жээнбековго кайрылып, коомдук тартипти сактоо үчүн "Элдик гвардияны" түзүү жөнүндө Жарлык чыгарууга чакырып кайрылды. Эгер аны жасабаса отставкага кетип, бардык бийлик күч органдарына өткөрүп берүүнү талап кылууда.

Бүгүн ошондой эле Бишкекте милиция кызматкерлери ишке чыкты. Бирок ошого карабастан саясий кризис шартында жер-жерлерде ээнбаштыктарды тыюу оңой болбойт окшойт.