Тараптар мунасага барбаса, өлкө тагдыры коркунучта

Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкек

Кыргызстанда башаламандык болуп жатат. Жогорку Кеңештин депутаттары чогулуп жаңы төрагасын шайлап, жаңы премьер-министрге талапкерди чыгардык дегени менен аны легитимсиз дегендер каршы чыгууда. Бишкектин борборунда болсо карама-каршы митингдер уланууда.

Мунасага келе албаган тараптар

Көпчүлүктүн парламент жаңы өкмөт башчы бекитип берсе, башкаруу укуктук жолго түшөт деген үмүтү таш капты. Эми 6-октябрда Жогорку Кеңештин бир бөлүгү шайлаган жаңы төрагасы менен өкмөт башчылыкка көрсөткөн талапкерине нааразылык күчөдү.

Түрдүү пикирлер, жоромолдорго бай саясий талкууларды айтпаганда да, бул кызматка бекитүүнүн мыйзамуулугу талаш жаратты. Биринчи эле маселе депутаттардын кворуму. ЖКнын кворуму үчүн кеминде 61 депутат зарыл. Жаңы спикер менен премьер-министрликке талапкерди тааныбай жаткандар депутаттардын ишеним кат менен добуш берүүсү мыйзамда жок дешүүдө.

Мындай пикирин мурдагы судья, "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова да билдирди. Анын партиялашы Рита Карсартова легитимдүү жол менен кетүү аракети жасалууда дейт.

"Кечээги чечим "Достук" мейманканасында көшөгө артында кабыл алынды. Биз ушундай кулуар оюндары үчүн иштеп жатабызбы? Садыр Жапаровду сыйлайбыз, бирок ачык айкын, кеңири чөйрөнүн катышуусунда келиш керек. Жаштар да эски саясатчылар кайра келе береби деп жатышат. Азыр ким келет деп, кайсы бир адам тууралуу талкуу болбош керек. Бүгүн бүт күчтөр "Жаңылануу" деген кыймылга биригели деп чакырып жатабыз", - деди Карасартова.

Анткен менен ар кайсы топтордун лидерлери бири бири менен ийри отуруп түз кеңешпегени, компромисске барууга күч үрөбөгөнү белгилүү болуп калды. Мындай чакырыктарды алар митингдин трибунасынан же интернеттен гана жасап жатышат.

митинг

7-октябрда борбордук аянтта жаштардын келишин талап кылган митингде башаламандык, түшүнбөстүк орун алды.Чогулуп тургандардын айрымдары трибунадан эски саясатчылар кеткиле деп чыгып барышты. Мындай окуялар саясий партиялардын өкүлдөрүн ошол жерден сүйлөшүү аракетине түрттү.

Ошентип, азыр бийлик бутактары мыйзамдуу ордунда турган менен, Кыргызстан иш жүзүндө башкаруусуз калды деп айтса болот. Митингдегилер карама-каршы талаптарды коюуда. Көбү люстрацияны талап кылса, башкалары Садыр Жапаров өкмөттү жетектеп калышын каалашат.

Шайлоодо нааразылык жараткан бийликчил партиялар, кылмыштуу топтор алып келди деп сынга кабылып жаткан Садыр Жапаров, жаңы шайланган ЖК төрагасы Мыктыбек Абдылдаев менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жогорку Кеңеш жыйналбай жатат

Юридика илимдеринин доктору Чолпонкул Арабаев тил кат менен добуш берүү мүмкүн эместигин, бирок Жогорку Кеңеш муну акыркы жылдары тажрыйба кылып алганын билдирди.

Бишкек 5-октябрда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкек, 5-октябрь

"Жарандык кодексте адамдын жеке укуктары жазылган. Аны тил кат аркылуу башкаларга берүүгө болбойт, - деди Арабаев.- "Тил кат менен менин ордума аскерге барып койчу, ордума аял алып койчу" десе болобу? Бирок тил катын берип жиберүүнү биздин азыркы депутаттар өздөрү киргизип алган. Өлкө ушундай күндө турганда жердин түбүнөн болсо да келип, чечип бериш керек. Алар азыр айлык алып иштеп жатат, жаңы парламент келгенче ыйгарым укуктары бар. Башка мамлекеттик кызматкерлер үч күн жумушка келбесе жумушун себепсиз калтырды деп саналат".

Арабаев жана Би-Би-Си пикирин сураган башка байкоочулар саясий күчтөр тезинен мунасага келбесе, алдыда кыш, ички-тышкы карыздар жана пандемия маселеси оор экенин эскертишти.

Адистердин айтымында, Жогорку Кеңеш премьер-министрди бекитсе башкаруу укуктук талаага түшөт. Бирок алтынчы чакырылыштын депутаттары эки күндөн бери түрдүү топторго бөлүнүп, бул милдетин аткарып бербей жатышат.

Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев укуктук жолго түшүүнүн башка жолу жок экенин айтты.

"Бул Баш мыйзамда жазылган. Баш мыйзамды ушундай учурда пайдаланбасак, качан пайдаланабыз. Башка укуктук жол жок да. Ар кайсы топтордун, саясий партиялардын лидерлери чогулуш керек. Чогула алышпаса абал өтө кыйын болуп калат. Мамлекеттин коопсуздугун караш керек", - деди Муралиев.

Ал компромисске келүүнүн бир гана жолу көп эле айтылып, бирок аткарылбай жатат дейт. Бул лидерлеринин амбицияны таштап, өлкө тагдыры үчүн биригүүсүндө деп билет.

Ал эми саясат таануучу Алмаз Тажибай эл өкүлдөрү ушундай учурда чечим чыгарып беришпесе, премьер-министрсиз эле вице-премьер-министрлер өкмөттүн калган курамы менен ишти алып кете бериш керек дейт.

"Депутаттар чогулбай жатат, анда алар тарап кетсин. Биз азыр легитимдүүлүгүн гана издеп жатабыз. Бирок политологиядан алып караганда ушундай жол менен да иштей берсе болот. Анткени азыр бизде бийлик бутактарынын баары мыйзамдуу, алар бар. Вице-премьер министрлер өкмөттүн курамы менен, башка органдар да ишин убактылуу аткаруучу катарып улантып туруш керек".

Алмаз Тажибай митингдеги эл дайыма түрдүү топтордун тарапташтары болоорун белгиледи. Андыктан биринин сөзүнө экинчиси каршы чыкканы мыйзам ченемдүү көрүнүш дейт.

Ал тапта саясий топтордун айрым өкүлдөрү депутаттарды чогултуу аракети жүрүп жатканын айтышууда.